Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Өкмөттө мектеп жана бала бакча маселеси каралды


Иллюстрациялык сүрөт.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова мектептерди жана бала бакчаларды кайра ачуу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, ЮНИСЕФтин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү эгер мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана тургундар санитардык-эпидемиологиялык чараларды тийиштүү деңгээлде камсыз кыла алса мектептерди жабык кармоонун кажети жок экенин айтты.

Вице-премьер-министр Исмаилова мектептерди жана бала бакчаларды ачуу маселеси ар бир аймактагы абалга жараша чечилерин айтты. Ал ар бир калктуу конуштагы абал боюнча талдоо жүргүзүлүп, эгер ошол жердеги мектеп же бала бакча ачыла турган болсо коронавируска каршы тийиштүү чаралар көрүлүшү зарыл экенин билдирди. Вице-премьер түрдүү эпидемиологиялык сценарийге даярдык болушу керек экенин белгиледи.

Аида Исмаилова өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнөн тез арада аймактардагы эпидемиологиялык абал боюнча талдоо жана эпидемияга каршы чаралардын камсыздалышы тууралуу мониторинг жүргүзүп, жообун айтуу тууралуу тапшырма берди.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясына байланыштуу мамлекеттик мектептер жана бала бакчалар жабылган бойдон толук ачыла элек. Окуу процесси аралыктан жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата бул оору дээрлик 57 миң кыргызстандыкка жукту, алардын 1136сы каза болду. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG