Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

COVID-19: Бир күндө эки адам каза болду, 568 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен эки адам каза болду, алардын экөө тең Бишкекте.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 136 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 568 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Баткен, Жалал-Абад облустарында.

Оору жуккандардын жалпы саны, ошентип, 56 738 кишиге жетти.

Бир күндө 380 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3 398 адам жатат, дагы 3 454 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 597ге жетти, алардын 3 290у айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору тогуз дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. (RK)

XS
SM
MD
LG