Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:03

Оору чектеген онлайн окуу


Бишкектеги мектептердин бири. 1-класстын окуучулары.
Бишкектеги мектептердин бири. 1-класстын окуучулары.

Мектеп окуучулары пандемиядан улам окуусун онлайн өтүп жатышат. Буга чейин Республикалык ыкчам штаб 6-класска чейинки окуучулар мектепке кадимкидей эле барарын кабарлап, бирок кийин ал чечиминен баш тарткан.

Ош шаарынын тургуну Зарина Жакыпбекованын беш баласынын төртөө мектепте окуйт. Онлайн окуу башталгандан бери бул үй-бүлөдө телефон талаштан ызы-чуу токтобой келет. Жакыпбекова өзү кесиби боюнча мугалим, азыр ал эмчектеги баласы менен декретте. Көп балалуу эне өзгөчө кичүү балдары онлайн окуудан кыйналып жатканын айтып берди:

«Балдарым 6-класста, 5-класста, 3-класста жана 2-класста окушат. Улуу балдарым бир аз өз алдынча болуп калды. Бирок кичүүлөрү аябай кыйналып жатат. 2-класстагы кызым «мектепти сагындым» деп ыйлап жатат. Төртөө төрт жактан телефон талашып, урушат. Телефон ар биринин сабактары боюнча топторго толуп калды. Алдап окутуп жатып кээде урушуп кетебиз. Мен аябай кыйналып жатам».

Бишкекте жашаган үч балалуу эне Айжамал да онлайн окууга нааразы. Ал адеп Интернет маселеси жүдөткөнүн айтат. Керели кечке иштеп жүрүп келген эне эки баласын көзмөлдөй албай калганына кейиди:

«Келсем үйдүн бир бурчунда отурган болушат. Ачып, караганы - «ТикТок» тиркемеси. Вайфай тарткан жерден жылбай отурушат. Анысы жакшы тартпай калса экөөнүн телефонуна бирдик салабыз. Же сабак жазып жатканын же ойноп отурганын билбейсиң. Урушсаң, «сабак жазбайм» деп коркутат. Окуганы начарлаганы аз келгенсип, көздөрү да ооруп, кызарып чыгат. Мурун телефонду такыр карматчу эмеспиз. Азыр эми мындай шартта кантип көзөмөлдөйбүз?»

Мектептер коронавирус коркунучунан улам быйыл мартта карантинге жабылып, жаңы окуу жылы да аралыктан башталган. Биринчи класстын балдары гана мектепке барып окуп жатышат.

Буга чейин Республикалык ыкчам штаб 6-октябрдан тартып 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар мурдагыдай шартта окуй турганын билдирген. Бирок 4-октябрда өткөн шайлоодон кийинки нааразылык митингдери бул учурга туура келип, штаб мурда кабыл алган чечиминен баш тарткан.

Онлайн билим берүүнү уюштуруудагы кемчилик жана түйшүк ушул күндөрү ата-энелер менен мугалимдердин нааразылыгын күчөттү.

Окуучунун баарына жетпеген онлайн билим
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:20 0:00

Чүй облусунда айылдагы мектептердин биринде англис тил сабагын окуткан жаш мугалим Элнура Камчыбек кызы аралыктан окутуу ата-энелер менен катар мугалимдерди да кыйнаганын айтат. Ал жаш мугалим катары аралыктан окутууну тез өздөштүргөнү менен азыркыга чейин көнө албай жаткан кесиптештери бар экенин кошумчалады:

«Ата-эне, мугалимдер, кыскасы, азыр баарыбызга эле оор болууда. Окуучулар да кыйналды. Менин окуучуларымдын баарында эле техника бар эмес. Башталгыч класстарда окуган окуучулар үчүн жаңы тил үйрөнүп жатканда класста отуруп сабак берүү жеңил болмок эмес. Азыр биз телефондон түшүндүрүп бергенибиз менен жыйынтыгы андай болбойт. Ошол эле кезде мугалимдерге да оор. Мисалы, мен иштеген мектепте жашы улгайган кесиптештерим бар. Окуучулар эмес, алар үчүн деле программаларды үйрөнүп, телефон колдонуу жеңил болгон жок».

Мектептердеги аралыктан билим берүү жаздан бери талкууланып жаткан темалардын бири. Адистердин айтымында, ар кандай себептерден улам балдардын баары онлайн окууга толук тартылган эмес.

Буга аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү телефон менен телевизордун жетишсиздиги, кээ бир аймактарда Интернеттин жоктугу себеп болуп жатканы айтылууда.

Ал эми педагог Асылбек Жооданбек аралыктан билим берүү мугалимдердин дараметин, ата-энелердин чыдамкайлыгын сынаганын айтат. Ал иш билги адистер аралыктан окутууну өздөштүрүп, бир эсе санариптештирүүнү тездеткенине шарт түзүлгөнүн белгилейт:

Асылбек Жооданбек.
Асылбек Жооданбек.

«Изденген мугалимдер үчүн жакшы жагдай түзүлдү. Мисалы, айрым кесиптештерим «жакшы экен, бир топ программаны өздөштүрүп алдык» деп айтышты. Ошол эле кезде терс жактары да бар. Министрликке караштуу Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу институту бар. Бирок анда иштеген мугалимдердин буга чейин жаңы технологиялар, санариптештирүү боюнча тажыйбасы болгон эмес. Ошондуктан азыр мугалимдер же мектептер өз алдынча кесиптик чеберчиликти жогорулатуу боюнча окутуу уюштуруп жатышат. Демек, азыркы жагдай мугалимдерди өнүктүрүү боюнча иштерди мамлекет колго алышы керек экенин көрсөттү».

14-октябрда Жогорку Кеңештин чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылды. Билим берүү министри болуп Алмаз Бейшеналиев бекитилди.

Бир күн мурун өкмөттө вице-премьер-министр Аида Исмаилова жыйын өткөрүп, анда мектепте билим берүү тууралуу сөз болгон. Анда азыр эми мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков салттуу окуу эпидемиологиялык абалды жана окуучуларга социалдык обочолонууну камсыздоо шартын талдагандай кийин кирерин билдирген эле:

Каныбек Исаков.
Каныбек Исаков.

«Бул учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими талап кылынат жана мектептер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин катуу көзөмөлүндө болот».

Ата-энелердин көпчүлүгү мектептин ачылышын күткөнү менен балдардын ден соолугунан жана санитардык коопсуздуктан чочулагандар да жок эмес. Айрымдары оору күчөп турган маалда мектептердин ачылышы абалды курчутуп, ата-энелерге кошумча түйшүк жараларынан чочулашат.

15-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 388 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 50 589 кишиге жетти.

Пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери өлкөдө илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1099 кишиге жетти.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG