Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-октябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Онлайн окуунун оош-кыйышы


Аралыктан окуп жаткан окуучу кыз.

Кыргызстанда биринчи класстардан башка окуучулар онлайн окуп жатат. Бирок ар кандай себептерден улам балдардын баары аралыктан окууга толук тартылган жок.

Балдардын онлайн окууга толук тартылбай жатканына аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү телефон менен телевизордун жетишсиздиги, кээ бир аймактарда Инттернеттин жоктугу себеп болуп жатканы айтылууда. Андан сырткары сабактарга катышпай, кара жумуш менен алек болгон мектеп окуучулары да бар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) окубай жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейд уюштуруп, анын алкагында Бишкек жана Ош шаарларында жалпысынан 82 бала аралыктан окуу боюнча сабактарга катышпай, базарларда, соода түйүндөрүндө же кара жумушта иштеп жатканын аныктады.

Мектепке барбай жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейд учурунда тартылган сүрөт.
Мектепке барбай жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейд учурунда тартылган сүрөт.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршееванын айтымында коомдук жайларга, соода түйүндөрүнө, оюн-зоок жайларына, таштанды төгүлүүчү жерлерге, күнөсканаларга атайын рейд жүргүзүлгөн.

«7-сентябрдан 9-сентябрга чейин республиканын бардык аймагында окубаган балдарды аныктоо жана аларды билим мекемелерине тартууга багытталган бир катар алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирге билим алууга тартылбаган өспүрүмдөрдү, балдарын окуу куралдары менен камсыз кыла албаган үй-бүлөлөрдү аныктоо максатында текшерүү болду» - деди ал.

Рейдге жалпысынан эки миңден ашык милиционер, миңге жакын мугалим, психолог, социалдык коргоо жана саламаттык сактоо органдарынын өкүлдөрү тартылган. Анын жүрүшүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр да аныкталып, аларга тиешелүү жардам көрсөтүлөрү айтылууда.

Ош шаарындагы №6 мектептин мугалими Асылкан Кубанычбекова айрым балдардын сабакка катышпай жатканынын башка себептерин да санап өттү:

«Балдардын сабакты калтырганы болуп жатат. Бирок көп эмес. Биз аларга байланышка чыгып: «Сабакты көрдүңбү?» деп сурап, үй тапшырмаларын талап кылып жатабыз. Кээ бир окуучулар Интернети жок, айрымдары телефону, телевизор жок болуп сабакка катыша албай жатканын айтышат. Ата-энесине жардам берип, соода-сатыктан колу бошобой жатканын айткандар да бар. Биз аларга түшүндүрүп, тапшырманы аткарып жөнөтүшүн, сабактарга катышуусун талап кылып жатабыз».

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу быйылкы жаңы окуу жылынын биринчи чейреги көпчүлүк мектептерде 1-класстан башка класстар үчүн аралыктан башталган.

Мектептер сабакты түрдүү интернет-платформалар аркылуу өткөрүп жатышат. Бирок ата-энелер тийиштүү техникалык каражаты жоктор үчүн бул ыкма кыйынчылык жаратып жатканын айтышууда. Панфилов районунун тургуну Жайнагүл Абдыкадырованын үч баласы аралыктан окуп жатат. Ал балдарынын окууга болгон кызыгуусу азайганын билдирди:

«Онлайн окуу кыйын эле болуп жатат. Чоң класстар үчүн бир аз жеңил. Бирок экинчи же үчүнчү класстар үчүн аябай кыйын. Тапшырма берип же «таблица жатта» деп коёт. Же алар түшүнбөйт, окуй албай кыйналып жатканын же мугалим көрбөйт. Анан мен балдарыма мурун телефонду көп карматчу эмес элем. Азыр эртеден кечке телефон менен отурушат. Мурун анын үстүнө менде эле телефон болчу. Азыр атасынын телефонун да колдонуп жатышат. Дагы бир телефон алганга туура келди. Шартка жараша онлайн окуп деле билим алсын деп аракет кылып жатабыз. Бирок мектепке барып окуганга жетпейт экен. Окууга кызыгуусу азайып кетти. Менин балдарым окуйбуз деп аракеттенип турушат. Айрым ата-энелер балдары онлайн сабакка кошулуп коюп, өздөрү ойноп кеткенин айтып жатышат».

Билим берүү министрлигинин өкүлү Айнура Кусеинова учурда ар бир аймакта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныкташ үчүн атайын мониторинг жүрүп жатканын «Азаттыкка» билдирди:

«Биздин министрлик жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана райондук билим берүү борборлору менен бирге системалуу түрдө мониторинг жүргүзүдө. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жергиликтүү бийлик донорлорду, демөөчүлөрдү тартуу аркылуу жардам берип, телевизор жана чөнтөк телефон алып берүү боюнча иш алып барып жатат. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунда аз камсыз болгон 500дөн ашык үй-бүлө телефондор менен камсыз болгон жана мектептердеги телевизор жана компютерлер убактылуу колдонууга берилген. Андан сырткары Интернет байланышы боюнча да мониторинг жүргүзүлдү. Интернет жетпеген тоолуу аймактарда, коронавирус инфекциясы жок аймактарда жана окуучулардын саны аз 75 мектепте салттуу окутуу жүрүп жатат».

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык жалпы республика боюнча мектептердин 99% Интернет менен камсыз болгон.

Билим берүү боюнча эксперт Маматкалил Разаев окуучуларды толук сабакка тартууда мектептердин өзүн Интернет менен камсыз кылуу жетишсиз экенин эске салды:

Маматкалил Разаев.
Маматкалил Разаев.

«Билим берүү министрлиги өзүнүн алына жараша, бүгүнкү күндүн шартына жараша колунан келгенин кылып жатат. Бирок канчалык деңгээлде ошолор толугу менен көп жылдан бери чечилбей келген маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айта албайм. Мисалы мектептерди 100% Интернет менен камсыз кылган күндө да азыр мектептер жабык болуп жатпайбы. Балдардын үйүнө да Интернет керек болуп жатат. Көп учурда Интернет болгону менен анын сапаты жетпей жатат. Интернеттин сапаты жакшы болсо балдардын техникасы жок болуп калып жатат. Телефон же телевизор болгон күндө деле бала же анын ата-энеси аны туура пайланганды билбейт, айрым балдар сабактарга катышпай калып жатат. Буга мугалимдер да даяр эмес болуп атат. Буга чейин орто эсеп менен бир мугалим 10 жылда бир жолу кайра окутуудан өтчү. Бүгүнкү күндо 80 миң мугалимдин баарын төрт-беш айдын ичинде жаңы ыкмаларга окутуп коюш мүмкүн болгон жок. Мунун баары оңой чечиле турган маселе эмес».

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков кырдаал толугу менен турукташканда балдар адаттагыдай эле мектепке бара баштай турганын айткан. Коронавирус пандемиясынан улам окуучулар 2019-2020 окуу жылынын акыркы чейрегин да аралыктан окуп бүтүрүшкөн.

Балдар мектепке толук тартылбай калган учурлар буга чейин да болуп келген. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2019-жылы Кыргызстанда мектепке барбай жүргөн 7-17 жаштагы балдардын саны үч миңдин тегерегинде болчу.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG