Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Онлайн китепкана окурмандарын тапты


Китеп окуп аткан кыз. (Архивдик сүрөт)
Китеп окуп аткан кыз. (Архивдик сүрөт)

Маданият министрлиги кыргызча китептердин электрондук жана аудио версиясын иштеп чыгууну пландап жатат. Буга окурмандар арасында онлайн китепканага суроо-талаптын күчөгөнү себеп болгон.

Пандемия маалында министрлик тарабынан түзүлгөн атайын порталга китеп окуу үчүн 2 миллиондон ашуун киши кирген. "Азаттык" пандемия китеп окуу маданиятына дагы кандай өзгөчөлүктөрдү алып келгенине кызыкты.

Алты жаштагы Эрдан “YouTube” платформасынан кыргыз тилиндеги жомокторду угуп, мультфильмдерди көп көрөт. Ал карантинде бала бакчага барбай калган. Азыр анын эрмеги жалгыз телефон.

“Мен "Ютубдан" "Жер тоголокту" көрөм, мультфильм көрөм, жомокторду угам. Азыр "Эшек" жөнүндө жомок угуп жатам. Бир киши эшек сатып алып, тамдын башына чыгарып койсо, акылсыз эшек түшпөй коюптур. Сөз укпайт экен да такыр”.

Эрдан угуп жаткан “Эшек” деген аталыштагы жомоктун кыргызча аудиоверсиясын жазуучу Олжобай Шакир окуп, өзүнүн "YouTube" платформасындагы баракчасына жүктөгөн.

Жазуучу пандемия маалында жомоктордун, тамсилдердин подкаст түрүндөгү аудиоверсияларын иштеп чыккан. Жомокторду чөнтөк телефонго эле окуп, үндү монтаждап, "YouTube" баракчасына жүктөгөн.

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

“Негизинен тамсилдер жана жомокторду жасап жатабыз. Көлөмдүү чыгармаларды жаратууга студия керек. Үндү келинчегим экөөбүз жөнөкөй эле телефонго жаздырабыз, аны балам Интернетке ылайыктап жасап берет. Азырынча биздин контент кичинекей болуп жатат”.

Жазуучу өзү жасаган эмгеги үчүн мамлекеттен же демөөрчүлөрдөн каражат алууну каалабасын белгиледи.

“Мамлекеттик колдоо болгон жерде эркин чыгармачылык болбойт. Андыктан эл жеке секторду, анын ичинен ушундай маданий баалуулуктарды жапатырмак колдошу керек. Учурда китеп окуганга элди тарта албай жатпайбызбы. Алыс жолдо жүргөн айдоочулар үчүн, үй тиричилигинен баш көтөрбөгөн үй кожойкелери үчүн аудио китептерди чыгарууну кечеңдетип жатабыз. Улуттук адабиятты өнүктүрүү үчүн бир гана китеп түрүндө эмес аудио түрүндө, электрондук китептерди жаратууга көңүл бурушубуз керек”.

Жазуучунун аудио китептери эми гана өз угармандарын таап жаткан учуру.

Ал арада Маданият, маалымат жана туризм министрлиги пандемия маалында электрондук жана аудио китептерге суроо-талап күчөгөнүн кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, акыркы алты ай ичинде Кыргызстандын ачык электрондук китепканасы эсептелген lib.kg сайтына 2 миллиондон ашык киши кирген. Эми министрлик кыргызча китептердин аудио версияларын иштеп чыгууну көздөп жатат.

Министр Азамат Жамангулов буларга токтолду:

Азамат Жамангулов.
Азамат Жамангулов.

“Буга чейин Lib.kg сайты ачылып ал жерге китепканаларыбыз санариптештирилген китептерди, документтерди жана дипломдук иштерди жайгаштырып, окурмандар үчүн мүмкүнчүлүк ачты. Көбүнчөсү китептер сканерден өткөрүлүп киргизилип жатат. Ал окуп алганга анча ыңгайлуу болбой жатат. Маданият министрлиги быйыл 16 миллион сомго чейин китептерди басып чыгарганы жатат. Анын алкагында атайын платформа түзүп, басылып чыга турган китептердин онлайн жана аудио версияларын чыгарабыз”.

Жаманкулов буга чейин кыргыз жазуучуларынын бир катар чыгармаларынын аудио версиясы иштелип чыкканын кошумчалады.

Алардын катарында Төлөгөн Касымбековдун “Сынган Кылыч” чыгармасынын, Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат", "Жамийла", "Кызыл алма", "Кылым карытар бир күн", "Гүлсарат", "Тоолор кулаганда" жана башка бир канча чыгармаларынын аудио версиялары чыккан.

Карантинде өлкөдө электрондук китепканаларга киргендер көбөйүп, активисттер тарабынан китеп окуу таймаштары жана ар кандай эстафеталар өткөрүлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG