Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:01

Адабияттын абалын көргөзгөн жаңы сынак


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“РухЭш” сайты кезектеги «XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аттуу сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Ага катышкан поэзия жана проза жанрындагы 140 чыгарманын ичинен алты чыгарма жеңүүчү деп табылды.

Конкурстун шартына ылайык жеңген чыгармалардын авторлору калыстар тобу чыгармалардын мыктыларын тандап бүткөндөн кийин жарыяланды.

Натыйжада поэзия жанрында байгелүү үч орунга акын Алтынай Темированын “Туманга тоо оронот, чүмбөттөлүп” , акын Салтанат Орозобекованын “Жалган ырдын катарын жайнаткандар...”, акын Динара Бейшеналиеванын “Бийиктиктин кадырын – урайлекте тааныгын” ыр топтомдору, проза жанрындагы байгелүү үч орунга жазуучу Абдыкерим Муратовдун “Жайчылар”, журналист, публицист Сүйүн Курманованын “Чөндөлөй”, жазуучу Аскарали Ражабалиевдин “Каар огу” чыгармалары татыктуу болду.

Баш байгеге татыган акын, драматург Алтынай Темирова 114-номер менен катышкан. Ал чыгармаларынын кудуретин сыноо үчүн эле эмес, бул конкурстун калыстыгына ынануу үчүн да катышканын айтты:

Алтынай Темирова.
Алтынай Темирова.

"Мага негизинен жабык сынактар жагат. Анткени калыстар ким экениңди билбейт. Мен эки ыр топтомдорун жөнөттүм. Биринчи ыр топтомумду Багыш Эгем деген псевдоним менен бердим бирок бул топтомго көп талкуу болгон жок. Экинчисин, Нурбек Нарын деген ат менен жөнөттүм. Бул экинчи жөнөткөн ыр топтомум окурмандардын талкуусуна калды. Ютубдан конкурс жыйынтыктарын айтып жатканда калыстар тобу да абдан катуу талашып- тартышканын айтышты".

Акындын конкурска берген ыр топтомунда:

“Гүлбакта – түн...

Гүлбакта – түн!..

Бейит сымал бозорот

тоноп бүтүн,

таланган соң...

Каңгып калган –

адамдардын Үмүтү –

жалгыз калган

кемпир сымал,

алсыз абдан..." , - деген ыр шиңгилдери бар.

Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн бири Жолдош Турдубаевдин айтымында, белгисиз авторлордун поэзия, проза жанрындагы конкурстук материалдарын тандоодо мазмундук уйкаштыкка, ойго, сөз чеберчилигине, жаңыча көркөмдүк формадагы изденүүчүлүккө, курч сюжеттүү күтүүсүз табылгаларга басым жасалган:

Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.

"Конкурстун жүрүшүндө окурмандардын пикирине көбүрөөк маани берилди, кайсы чыгарма тууралуу талаш- тартыш көп болсо ошого кызыгуу жаралды. Конкурска катышкандар көмүскө катышты. Ошондуктан кимдин чыгармасы экендиги билинбей, ээн-эркин жөнөкөй тил менен айтсак, адабий базарды кызыткан талкуу болду".

Проза жанрында биринчи орунду алган белгилүү публицист, педагог жана жазуучу Абдыкерим Муратов конкурска 51-номер менен беш аңгемесин сунуштаган. Конкурска катышуу себебин жазуучу өзү муундар ортосундагы өксүктү толтурууга, адабиятка, адабият таанууга салым кошуу максаты менен түшүндүрдү. Чыгармаларын кыскача минтип мүнөздөдү:

"Негизинен беш аңгеме менен катыштым. Биринчи сыйлыкты “Жайчылар” деген аңгемем алды. Андан сырткары “Ак кардагы ак бекет”, “Бегана”, “ Кисабилер”, "Коронавирус жана Миңгүл”. Бул аңгемелердин бардыгында азыркы чалкеш дүйнөдөгү жашоодогу адамдын образын көрсөткөнгө аракет жасадым. 1- орунду алган “Жайчылар” аттуу аңгемем өлүмдү күндө эстөө тууралуу. Өмүрдүн түгөнүшү, кара жердин алдында калуу жөнүндө ойлорду окурмандар менен бөлүшкүм келген".

Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн белгилешинче, конкурска миграция, сүйүү, арман, гендердик көйгөй, кы-келиндердин укугу, өспүрүмдөр көйгөйү, жаныбарлар дүйнөсү, криминал, мистика өңдүү темалардагы чыгармалар түшкөн. Бирок жанрлар аралашып жаткан азыркы учурда көпчүлүк чыгармаларда ойду куроодо чоң мүчүлүштүктөр бар экендигин белгилешти.

Калыстар тобунун мүчөсү Айсулуу Көкөева конкурс жеңүүчүлөрдү эле аныктабастан, азыркы адабияттын реалдуу абалын да баалаганга мүмкүнчүлүк берип, доор алмашкан кыйчалыш мезгилдердин адабиятка тийгизген оң-терс таасирлерин ачып бергенин белгиледи:

"Конкурска катышкан адамдардын деңгээли менен бүт кыргыз адабиятындагы деңгээлди бир кылка баалоо чекилик. Конкурс аябай контрастуу болду. Көркөмдүгү, иштелиши ар кандай. Биздин адабиятта 90-жылдардагы муундун жок болуп калганы даана сезилди. Өзүбүздү көрсөтө албай, көр тирликке баш ийип, кийинки муунду тарбиялай албай калдык. Ошондуктан, кээ бир алешемдиктер байкалды, эстетиканы, сюжетти тикелей жазгандар бар экен. Бизге адабияттын теориялык жагын түшүндүргөн, адабиятты көп окуган, багыт берген ар бир адамга индивидуалдуу редактор керек экени сезилди".

Бул конкурстун уюштуруучусу “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакирдин айтымында, «XXI кылымдагы кыргыз адабияты» конкурсунун башкы максаты - буга чейин уюштурулуп келаткан конкурстар сыяктуу эле жазмакерлер арасындагы атаандаштыкты күчөтүү аркылуу чыгармалардын сапаттык деңгээлин көтөрүү. Талкуулар, атаандаштыктар адабий процессти жандандырып, улуттук адабиятты жаратат дейт демилгечи:

"Буга чейин уюштурулган конкурстар түз эфирде, телеканалдардын жардамы аркылуу өтчү. Бул ирет жандуу талкуу болду. Онлайн өткөрдүк. Кыргызда “өңдү көрсө, жүз таят” деген сөз бар эмеспи. Ошол себептүү, конкурска келип түшкөн чыгармалар номер менен жарыяланып, калыстар тобунун курамы тааныштырылган жок. Калыстар тобу “РухЭштин" алдында адабий ишмердүүлүктү жүргүзгөн “Казына” тобу бар, ошол топтогу сынчы, эксперттердин арасынан тандалды".

"РухЭштин" маалыматына караганда «XXI кылымдагы кыргыз адабияты» конкурсунун байге фонду 200 миң сом болду. Биринчи орунду алгандарга 50 миң, экинчи орунга 30 миң, үчүнчү орунга татыгандарга 20 миң сомдон байге ыйгарылды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG