Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:38

Харуки Муракаминин төрт музасы


Жапон жазуучусу Харуки Мураками. Берлин, 7-ноябрь 2014-жыл.

Харуки Мураками - “дүйнөдөгү көзү тирүү улуу жазуучулардын бири”. Бул Британиянын мыкты делген басылмаларынын бири - “The Guardian” гезитинин аныктамасы.

Бирок жапон калемгери менин сүйүктүү жазуучуларымдын тизмесинде жок. Балким бул китептери дүйнөнүн элүүдөн ашык тилине которулган жапон жазуучусунун орус тилинде чыккан жыйырма беш чакты чыгармасынын ичинен “Охота на овец” деген романын гана окуганыма байланыштуу чыгаар.

Акыркы 15 жылда Европа менен Түндүк Американын китеп дүкөндөрүнө качан башбакпайын, көзү тирүү чет элдик жазуучулардан Харуки Мураками менен Орхан Памуктун жаңы чыгармалары сөзсүз сатыкта болот. Бул экөөнөн тышкары АКШнын дүкөндөрүнөн улуу сопу Жалалиддин Руминин түрдүү форматтагы китептери үзүлбөйт. Демек, алар популярдуу жана окурмандары арбын.

Китеп окуганда биз жаныбыздын жыргалын гана ойлобойбуз; өзүбүзгө кызыктуу нерселер жөнүндө жаңы маалымат алып, дүйнөнүн биз байкабай жүргөн кереметтерин автордун көзү менен карайлы, билбегенибизди билели, руханий дүйнөбүздү байыталы деп ниет кылат эмеспизби.

Absolutely on music!

Харуки Муракаминин англис тилинде 2016-жылы чыккан “Absolutely on music” (Жалаң музыка жөнүндө) деген маек китебин эки аптага жетпей окуп бүтүп, автор тууралуу өзүм күтпөгөн жаңы нерселерди ачтым.

Башка чыгармаларын окубаганыма өкүнүп, жаз музыкасы жана жүгүрүү тажрыйбасы тууралуу чыгармаларын окууну ниет кылдым. Аты айтып тургандай, үргүлжүң музыкага арналган “Absolutely on music” - жазуучунун залкар замандашы, дирижер Сейжи Озава менен 2010-2011-жылдары үналгыга жазылган маектешүүсүнөн куралган. Китеп 2011-жылы жапон тилинде жарык көргөн.

Бүгүн 84 жаштагы Сейжи Озава АКШ жана Европанын белгилүү оркестрлери менен иштеген, анын ичинде 29 жыл Бостон симфониялык оркестринин музыкалык директору болгон. Башка регалиялары да толтура.

Атактуу жазуучу мекендеши, белгилүү дирижер менен Л. Бетховендин, И. Брамстын, Г. Малердин, П. И. Чайковскийдин, И. Ф. Стравинскийдин улуу чыгармаларынын симфониялык оркестрлердин аткаруусу, дирижерлердун чоң композиторлордун эмгектерин интерпретациялоосу, музыканттардын аткаруучулук жана аспаптарда ойноо өзгөчөлүгү жөнүндө сүйлөшүптүр.

Харуки Муракаминин музыкалык билими өтө терең жана уккан музыкасын унутпаган куйма кулак экенин алгачкы маекте эле айкын байкалат. Сейжи Озава өтө сыпаа, бирок бирөөнүн оюна оңой жетеленбеген инсан экени кашкайып көрүнөт.

Сөздүн кыраатын коюңуз, эчендеген симфониянын нотасын жана оркестрдин курамындагы аспаптардын ар бири кандай жаңырганын көкүрөгүндө сактабаган адамдан дирижер чыгары күмөн. Эгер бул сапатыка эгедер болбосо Сейжи Озава Жапония, Европа, Түндүк Американын атактуу оркестрлери менен иштей алмак эмес.

Леонард Бернстайн & Гленн Гульд

Зор таланттар өздөрү сыяктуу алп өнөрпоздор, алардын жоруктары, өлбөс чыгармалар жөнүндө сөз кылат эмеспи! Ансыз маек да маңызсыз болот. Мен андай эки-үч мисалга гана токтоло кетейин.

Харуки Муракаминин суранычы боюнча Сейжи Озава 1962-жылы Нью-Йорк филармониясында Брамстын Фортепиано үчүн #1 - концертин ойноор алдында болгон мына бул окуяга токтолот. (Ал учурда Сейжи Озава филармониянын дирижеру Леонард Бернстайндын ассистенти болчу).

Аталган чыгарманы музыка дүйнөсүндөгү дагы бир кайталангыс талант, канадалык пианист Гленн Гульд (1932-1982) ойноп, оркестрди Леонард Бернстайн (1918-1990) жетектей турган болот.

Сейжи Озава Франц Шуберттин бүтпөй калган #8 В Минор симфониясына дирижерлук кылып жаткан учур. 2018-жыл.
Сейжи Озава Франц Шуберттин бүтпөй калган #8 В Минор симфониясына дирижерлук кылып жаткан учур. 2018-жыл.

Маэстро Бернстайн 2010-жылы "BBC Music Magazine" журналы өткөргөн сурамжылоодо тарыхтагы чыгаан дирижерлордун тизмесинде экинчи орунду ээлегенин, даңкы таш жарган италиялык дирижер Клаудио Аббадо үчүнчү болгонун айтсак, бул окуяга кандай максатта кайрылганымды окурман туура түшүнөт деп ойлойм.

Фортепиано үчүн #1-концертинде, Бернстайндын залдагы публикага жар салып айтышынча, Глен Гульд ал мурда уккандан такыр башкача, жаңыча ыкмада ойнойт.

“Мен өзүм Гульд мырзанын концепциясына толук ынандым деп айта албайм. Ушундан улам:”Мен бул концертке эмнеге дирижерлук кылам?” деген суроо туулат. [Залда уу-дуу үндөр угулат]. Гульд мырза өтө негиздүү жана акылман музыкант болгондуктан, анын жакшы мүдөө менен жасаган ар бир ишине олуттуу мамиле кылышым керек. Анын концепциясы кызыктуу болгондуктан, сиздерди да уксун деп ойлодум.

Бирок кылым карыткан мындай суроо бар: "Концертте босс ким: солистпи [Залда жапырт күлкү жаңырат] же дирижербу?”[Күлкү күчөйт]. Бул суроонун жообу, албетте, кишилерине жараша ар кыл болот. Лекин, береги экөө өз оюндары менен угармандарды ишендирүү же таң калтыруу же кыжалат кылуу үчүн (Кайра залды күлкү каптайт) эриш-аркак иштеши абзел. {…}Бирок бул жолу биздин көз карашыбыздагы ажырым эбегейсиз чоң болгондуктан, мен мынабу кичинекей билдирүүнү жасоо керек деп ойлодум.

Ага карабай, “Мен эмнеге дирижерлук кылганы жатам?” деп кайра сурайм. Эмнеге мага баш ийген солистти чакырып же концертти жардамчы дирижерге тапшырып, мындай чатакты жасабай койгон жокмун? Себеби, көп ойнолгон бул эмгекке жаңы көз менен кароого мүмкүн болуп жатканына ыраазымын жана кубанычтамын. Себеби Гульд мырзанын ойногонунда таң каларлык жаңы дем, ишенимдүү кайбарлык да бар. Үчүнчүдөн, биз баарыбыз бул ашыкча таланттуу артист, ойчул музыканттан кандайдыр бир жаңы нерсени үйрөнө алабыз”. (Шилтеменин аягы).

Улуулук менен жөнөкөйлүк жана кең пейил мүнөз жанаша жүргөндө жаңы көз карашка, көркөм чыгарманы жаңыча чечмелөөгө жол кенен ачылары талашсыз. Бирок мындай кадамга көптөгөн атактуу да, таланттуу да инсандар бара албаганына тарыхта мисалдар жетиртүү.

Маэстро Бернстайн 2010-жылы "BBC Music Magazine" журналы заманыбыздын атактуу дирижерлору арасында өткөргөн сурамжылоодо “Тарыхтагы 20 көрөсөн дирижер” деп аталган тизмеде экинчи орунду ээлегенин айтсак, бул окуяга кандай максатта кайрылганым окурманга түшүнүктүү болот деп ойлойм. Төмөнкү 1976-жылкы тасмада Л. Бернстайн өзү музыкасын жазган "Вестсайд тарыхы" мюзиклине Нью-Йорк филармониясында дирижерлук кылууда.

Герберт фон Караян

Сейжи Озава XX кылымдагы дагы бир алп дирижер, австриялык Герберт фон Караяндан (1908-1989) да таалим-тарбия алган. Леон Бернстайн 22 жаштагы Озава-санга биринчи кезекте фон Караяндын окуучусу болгону үчүн ыклас салган болушу мүмүн.

"BBC Music Magazine" журналынын сурамжылоосунда фон Караян төртүнчү мыкты дирижер деп аталган. Айрым музыка таануучулардын эсебине караганда, фон Караяндын дирижерлугу астында жазылган классикалык чыгармалардын пластинкасы, компакт-диски 200 миллиондон көп нускада сатылган. Бул рекордго азырынча башка дирижерлор жете элек.

35 жыл Берлин симфониялык оркестрин башкарган бул даркан инсанга Озава-сан берген төмөнкү мүнөздөмө классикалык музыканын сүйүүчүлөрүн көңүлкош калтырбаса керек.

“Маэстро Караян ар бир нотаны эсинде тутчу, подиумда такай көзүн жуумп алаар эле. Мен анын көзүн жуумп дирижерлук кылганын акыркы мертебе Der Rosenkavalier (макаланын автору: кыргызча “Роза гүлүнүн кавалери” деген туура деп ойлойм) операсында көрдүм. Ал башынан аягына чейин көзүн бекем жуумп алып иштеди. {…} Солист үч аялдын көзү такай маэстрого кадалып турду, бирок ал көзүн бир да жолу ачкан жок”.

Мен өзүм (автор-ред.) дүйнөлүк класстагы бир топ дирижерлордун, анын ичинде Е. Мравинский, О. Лундстрем, Ю. Темирканов, В. Гергиев, Чон Мён Хун, биздин Калый Молдобасанов менен Асанкан Жумакматов оркестрди кандай башкарганын көргөм, бирок минтип оюн бүткөнчө көзүн жуумп, дирижерлук кылат дегенди биринчи жолу кезиктирдим.

Сайжи Озаваны симфониялык чыгармалардын мазмуну, дирижер менен солисттердин (оркестрдин музыканттарынын) сыйкырдуу байланышы, дирижердун чыбыгынын кыймылы же ар бир көз ирмеминин сыры, кашынын серпилиши жөнүндө сүйлөтүү үчүн Харуки Мураками дыкат камданган, керек болсо өмүр бою даярданган десем туура болоор.

Харуки Муракаминин үч музасы

Харуки Муракаминин “Жазуучулукту жана музыканы акыл-эстин саякаты” деп атап, классикалык музыканы чындап сүйүп, ага жазуучулук өнөрдөн кем эмес көңүл бурганынын жүйөсү эмнеде?

Биринчиден, жаш кезинде музыкант болууну ниет кылып, бирок аспапта жакшы ойной албагандыктан, бул мүдөөсүнөн баш тартып, жазуучу болууну чечкен экен. Бирок жазуучулугуна музыка ныпым зыян кылбай, тескерисинче, жазууга шыктандырып, эргүү жана дем берип турганын Харуки Муракама көп эле интервьюларында жана Сейжи Озава менен болгон маектешүүсүндө баса белгилейт.

Экинчиден, өспүрүм курагында жаз музыканын ааламына чөмүлүп, фанатына айланат, жогорку класстарда окуп жүргөн кезинде жаз жана классикалык музыка жазылган желим табактарды, кийинчерээк компакт-дисктерди чогулта баштайт. Бул кенч, анын ичинде жаз музыканын 40 миң топтому, көйгашка жазуучунун архиви менен кол жазмаларын болочок муун үчүн сактоо ыкласын Токионун Васэда университети былтыр билдирген. Анын баары коомчулук үчүн ачык болот.

Кана эми биздин университеттер Түгөлбөй Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Жээнбай Мукамбаев, Лутфулла Жусупакматов, Эмил Шүкүров, Балбай Алагушов жана башка даркандардын архивин Токио университетиндей коомдук пайдалануу үчүн өзүнө алса?!

Үчүнчүдөн, Харуки Мураками университетти бүткөндөн кийин аялы экөө чакан жаз – кафе ачып, аны жети жыл иштетет. Колуктусу - классташ кызы Ёко. Жубайлар баш кошкондо "балалуу болбойбуз" деп чечишет. Ёко айым күйөөсүнүн чыгармаларынын эң биринчи жана эч кимге алмашкыс ишенимдүү сынчысы да.

Жазуучулук кесипке Мураками – сан 29 жашында келет. Ага чейин өзү айткандай, дегеле бир аңгеме же ыр жазбаптыр: "Мен карапайым адамдардын бири элем. Жаз клубду иштетип жүрдүм жана эч нерсе жазган эмесмин”.

Төртүнчү муза - ультрамарафон

Мураками - санды кыргыз жазуучуларынан өзгөчөлөнткөн дагы бир өнөрү: анын спортту, өзгөчө супермарафонду сүйгөнү. Ал жөө күлүктөрдүн жарышына катышып, өзүн сыноону 33 жашында баштаптыр.

47 жашында биринчи жолу ультрамарфондук аралыкка -100 чакырымга жүгүрөт. Марафондук жарыш өзү кишиден бекем эркти, узак даярдыкты талап кылат. Ал эми Ультрамарафондук аралыкка чуркоо үчүн аталган эки сапаттан башка да кажыбас мүнөз, темирдей психология керек.

Ансыз 50 чакырымдан кийин сынып, жарыштан чыгып, мээнетиң текке кетиши толук мүмкүн. Баса жазуучунун тайгандай жеңил жүрүм-туруму анын алыс аралыкка чуркап, өзүн сынаганды жакшы көргөнүнө байланыштуу го. Минтип айтканымдын жүйөсү бар.

"The Paris Review" журналынын кабарчысы 2004-жылы Хураки Мураками менен болгон маегинде 65 жаштагы жазуучуну көргөндө жашы 35-40 курактагы жигитти эске салат деп бекеринен жазбаса керек.

Керч менен Симферополь шаарлары ортосундагы Таврида кан жолунда жүгүрүп бараткан ультрамарафончу. 16-17-ноябрь 2018-жыл.
Керч менен Симферополь шаарлары ортосундагы Таврида кан жолунда жүгүрүп бараткан ультрамарафончу. 16-17-ноябрь 2018-жыл.

Харуки Мураками жазуучулукка бел байлагандан бери чыгармачылыкка күнүнө беш-алты саат бөлүп, калган убактысын көркөм табитин сугарууга жана дүйнө таанымын байытууга арнап, калемдештер арасындагы ар кандай үлпөтчүлүккө жолобойт экен. Мунун өзү анын ар кандай азгырыктарга жетеленбеген күчтүү эркин көрсөтөт. Буга байланыштуу дагы бир мисалды айта кетишим абзел.

Былтыр Швециянын илимдер академиясындагы чатактан улам 2018 - жыл үчүн адабият боюнча Нобель сыйлыгы ал жыл үчүн берилбей калганы окурмандардын эсинде чыгаар. Мына ошондо швециялык жазуучу, журналист, актёрлордун жоон тобу альтернативдүү Нобель сыйлыгын ыйгаруу максатында Жаңы Академия түзүп, мыкты деген жазуучулардын узун тизмесинен тандап отуруп, төрт жазуучу, анын ичинде Харуки Мураками финалдык тизмеге кирет.

Мураками-сан бу кабарды уканда: “Бар көңүлүмдү китеп жазганга арнайм, медиадан алыс болгум келет” деп ысымын тизмеден чийип салууну суранат. Албетте, кол учуна илингени турган зор дөөлөттөн өз ыктыяры менен баш тартуу үчүн Мураками-сан сыяктуу эчендеген эл аралык сыйлыктарга кекиртектен карк болуу же питердик математик Григорий Перельман сындуу тирүү дүйнөнүн азгырыгын чанып, баарына каниет кылган дубана болушуң шарт.

Харуки Мураками бул эки касиетке тең ээ экенин ушул мисал айкындап жатпайбы.

Анын 2011-жылы Каталония автономиясынын эл аралык сыйлыгы менен кошо берилген 80 миң еврону ошо жаздагы жер титирөөнү коштогон цунамиде жана Фукусима АЭСиндеги апаатта жабыркаган мекендештерине чегерүүсүн да жазуучунун жогорудагыдай токпейилдиги менен түшүндүрсө болчудай.

Коомдук пикирден корпогон оён

Харуки Муракаминин тигилер же булар эмне дейт дегенден коркпогон көкжалдыгына байланыштуу дагы эки мисалга токтоло кетпесем, залкар жазуучунун бейнеси толук ачылбайт.

Мураками-санга 2009-жылы январда Иерусалим сыйлыгы ыйгарылат. Сыйлыктын 10 миң доллар кошумчасы да бар. Эл аралык Иерусалим китеп жармаңкесинин эки жылда бир берилчү адабий сыйлыгы кишинин коомдогу эркиндигине арналган чыгармаларды жазган жазуучуларга берилет. Балекет басып, ошо чакта Израил аскерлеринин Газа тилкесиндеги антитеррордук операциясына байланыштуу эл аралык нааразылык күчөп турган.

Жапониянын өзүндө жана башка кээ бир өлкөлөрдө жазуучунун сыйлык тапшыруу салтанатына катышуусуна каршы нааразылыктар да өтөт. Ага карабай, Харуки Мураками Иерусалимге барып, сыйлык тапшыруу аземиндеги сөзүндө Израил армиясынын Газадагы операциясын сындайт.

Харуки Мураками Иерусалим эл аралык сыйылыгын тапшыруу салтанатында.
Харуки Мураками Иерусалим эл аралык сыйылыгын тапшыруу салтанатында.

Ал эми 2015-жылы апрель айында "Kyodo News" агенттигине берген интервьюда Жапония Экинчи дүйнөлүк согушта Кытай, Корея, Сингапур, Филиппин жана башка өлкөлөрдө уюштурган канды булоону үчүн тили жооруганча кечирим сурашы керектигин, өкүнүчкө карай, жапондордо урушта баскынчы болушканы жөнүндө түшүнүк жоктугун ачык айтат.

“Маселени тарыхый жактан түшүнүүнүн мааниси абдан зор болгондуктан, Жапониянын ачык кечирим сурашы маанилүү деп эсептейм. Менин оюмча, Жапония үчүн береги өлкөлөр "Биз муну толук эстен чыгарбайбыз, бирок силер кечирим сурадыңар” деп айтканча, кечирим сурай бергенден башка айла жок” деп бетке чабат мекендештеринин каарынан коркпогон Харуки Мураками.

Мураками жана бай коллекционерлер

Мени Харуки Муракаминин самурай мүнөзү классикалык жана жаз музыканын толкунунда сүзгөндү сүйгөн кыялкечтиги абдан таң калтырды. Чоң калемгердин музыканы терең түшүнгөнүнө, бул жагынан башка коллекционерлерден айырмаланып турганына Сейжи Озава да көңүл буруп, өзү бай коллеционерлерди жек көрө турганын жашырбайт.

"Озава: Мен жарды кезимде бир нече адамдын үйүнө кокустан эле кирип калдым. Аларда Фуртвенглер* жаздырган бардык концерттер бар болгону менен, көр тирликтин артынан жүрүп, үйүндө жай отуруп музыка укканга убакыт бөлүшпөптүр.

Мураками: Демейде акчалуу адамдарда бош убакыт болбойт.

Озава: Чын. Бирок, биздин баарлашуубуз учурунда сенин музыканын ар бир кайрыгын терең түшүнгөнүң мени аябай таң калтырды. Мага ошондой сезилди. Сен дагы өтө көп концерт жыйнапсың, бирок берегидей коллекционерлерден айырмаланып, топтогон музыкаңды терең түшүнүп угат экенсиң.

Мураками: Менде бош убакыт көп, негизи үйдө отурам. Ошондуктан, музыка чогулткандан тышкары таң эртеден түнгө чейин музыка уга алганыма бактылуумун”. (Шилтеменин аягы).

Албетте, Харуки Мураками музыка укканга убактысын аябагандыктан, сөзгө сараң Сейжи Озаванын жанын элжиретип, XX кылымдагы залкар музыканттар менен улуу композиторлордун чыгармалары жөнүндө профессионалдык деңгээлде сүйлөшө алды. Ошон үчүн атактуу замандашын таң калтырды.

Сиздер да классикалык музыканы түшүнбөйм же андай музыка биздин маданиятыбызга жат дебей убакыт таап, А. Моцарт, Л. Бетховен, И.С. Бах, Ф. Шопен, С. Рахманинов, И. Стравинский, Л. Барнштейн, А. Шниткенин жана башка композиторлордун чыгармалары ойнолгон концертке бир жолу барсаңыз, классикалык музыканын деңизинде чөмүлүп, ыракат аласыз деп ишенем. Анан да классикалык музыканын сырларын Харуки Муракамидей терең түшүнүүнүн зарылдыгы деле жок. Эң негизгиси: музыканы угуп, жаныңыздын лазат алганы.

*Вильгельм Фуртвенглер (1886-1954) немис дирижеру жана композитору.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG