Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:18

Синельников: Мусулман дүйнөсү үчүн үч хрестоматия түздүм


Михаил Синельников

Москвалык акын жана котормочу Михаил Синельниковдун чыгармачылык өмүрү Кыргызстан менен бекем байланышкан. Ал кыргыз акындарынын көпчүлүк чыгармаларын орус тилине которгон, ырларынын көбүн Ала-Тоого, балалыгы өткөн Ош менен Жалал-Абадга арнаган.

“Азаттык”: Сиз, апыртпай айтканда деле, кыргыз адабиятынын Москвадагы өкүлүсүз, элчисисиз. Кыргыз адабиятындагы жаш деген, улуу деген, белгилүү, таланттуу акындардын дээрлик баарынын чыгармаларын орусчага котордуңуз. Бирок кийинки кездери адабий байланыштардын деми басылып калды. Мына биз кайрадан жакындап атабыз, экономикалык биримдик мисалы, мунун адабиятка таасири тиеби?

Синельников: Мени аябай эле мактап салдыңыз. Чынында эле мен кыргызга жакын адаммын. Балалыгым Жалал-Абадда өткөн. Кыргызстандын тагдыры мага чоочун эмес. Кыргыз адабияты өзгөчө жакын, кыргыздын бардык акындарын котордум десем аша чабаттырмын, бирок көбүн которгом. Котормо жөнүндө кеп кылуудан мурда ырларым жөнүндө айткым келип турат.

Жолон акын: "Биз эми эрди-катын болбой калдык..."

​Жолон акын: "Биз эми эрди-катын болбой калдык..."

Жолон Мамытов - ырларына обончулар өтө арбын карылган акын. Өзгөчө жупуну кыргыз турмушунан өнүп чыккан “Отту сүйөм” поэзиясы бүгүн да кыргыз адабиятынын алгачкы сабында. Бирок анын таланты менен тагдырынын артында Меңди Мамазаирова аттуу зор жардамчы болгондугун көпчүлүк биле бербесе керек.

Кыргызстанга арналган ырларым аябай көп, алар дагы чогулууда. Аларды “Ала кийиз” деген китебидин экинчи басылышына даярдап жатам, котормолор, жаңы ырлар. “Ала кийиз” он жыл мурда чыккан, эми аны жаңы тандамал котормолор, ырлар менен толуктап, Жолон Мамытов тууралуу эскерүүмдү, кыргыз адабиятына арналган макалаларымды, Кыргызстанга тийиштүү материалдарды түгөлү менен чогултуп чыгууну көздөп жатам. Бул мен үчүн өзгөчө маанилүү китеп.

Котормо жаатына келсек, өкүнүч менен белгилей турган бир жагдай бар, жалпы мурдагы советтик мейкинде маданияттын төмөндөөсү байкалууда. Орусияда Чыгыш поэзиясын которуунун “алтын доору” өтүп кетти, жагдай ушундай болуп калды. Чыгыш, анын ичинде Кыргызстан менен өмүрү байланышкан залкар таржымачылардын көбу бу жалгандан өтүп кеткен. Жашоо-турмуш ушул экен, алардын акыркысы мен эле калдым окшойт. Мен да 70 жашка чыгып калдым.

Буга чейин жасалгандарды кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Мурдагыдай бапыратып улуттук адабияттарды которуу эми болбойт. Бирок бул ишти биротоло токтотуп койгон да болбойт, байланыштар үзүлбөшү керек. Бул жагынан “Дружба народов” журналын айтсак болот, КМШ өлкөлөрдөгү мыкты авторлорду ал дагы тынбай жарыялап келатат.

Азыр мен хрестоматия менен антологиялык жыйнактарды түзүүгө көп убакыт сарптап жатам. Дүйнөлүк диндердин орус маданиятына тийгизген таасири мени аябай кызыктырууда. Мусулман дүйнөсү үчүн үч хрестоматия даярдадым. Биринчиси - орус акындарынын мусулман мотивдерине кайрылуусу. Экинчи китеп “Ислам Чыгышы Батыш адабияттарында” деп аталат. Жакында эле чыккан үчүнчү китепте ислам мотивдери дүйнөлүк акындарда кандай чагылдырылганы көрсөтүлгөн. Мусулман коомчулугунда бул кызыгуу жаратып, ислам аалымдарына адабияттан, поэзия тууралуу атайын курстар өтүү сунушу түштү. Чыгыш поэзиясы, котормочулукка жол ачабы деген үмүт бар. Бешпи же онбу же андан көппү киши чогулуп, котормочулукка киришип кетерине деле чоң үмүт кылбайм. Андай болбосо деле буга чейин кандай иштер жасалганын билип, баалап коюшса, азыноолок тажрыйба алышса – бул деле чоң иш. Мүмкүн алардын бир-экөө ишти улантып кетеби деген үмүтүм бар. Буга чейин Азия жана Африка институтунда сабак берген элем. Ошол сабактардын эки сааты Кыргызстанга, котормочулукка арналган.

Орус адабияты, мамлекеттүүлүгүндө чыгыш менен батыш өкүлдөрүнүн ролу чоң болгонунда эч кандай талаш жок, Орто Азия деле ошонун ичинде. Орус тилинде мыкты жазган бурят, якут акындар да бар.

“Азаттык”: Котормо демекчи, Айтматовдун алгачкы чыгармалары Лебедева, Дмитриева сындуу котормочулардын аракети менен орус окурмандарына жеткен. Кийинки кездери бизде орусча жазган жаш жазуучулар арбып баратат. Мына Москвада жашаган биздин таланттуу жазуучубуз Муса Мураталиев орус тилинде мигранттар турмушуна арналган үчилтигин орус тилинде жарыялады. Анан Москвада Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгына арналган адабий иш-чаралар да байланыштардын жанданышына шарт түздү окшойт. Кыргыз адабиятына күчтүү жаңы муун келди. Алардын бири катары азырынча орус окурмандарына белгисиз Шайлообек Дүйшеевди айткым келет. Мына ушул жаңы авторлорду орус окурмандарына алып чыгуунун шарты барбы?

Синельников: Кыргызстанга тийиштүү иштердин баары мага жакын. Алыкул Осмоновдун китебин түзүп, чыгарууга элчилик жакшы жардам берди. Ал китептеги котормолордун кыйласы меники. Ал эми орус адабиятын тааныштырууга келсек, мени, орус адабиятынын өкүлүн, орус тилинде чыгармаларын жазгандардын көбөйүп жатканы кубандырбай койбойт. Бирок билесизби, бул аябай татаал жол.

Орус тилдүү адабият дегендин өзү ортолук тепкич, бир тепкичтен экинчисине өтүү гана. Орус адабияты кайсы жактан чыкканына карабай, ар кыл таланттарга ачык, алардын арасында түрк тилдүү калктар арасынан чыккандар да бар. Бул жерде эч кандай шовинизм жок. Орус адабияты, мамлекеттүүлүгүндө чыгыш менен батыш өкүлдөрүнүн ролу чоң болгонунда эч кандай талаш жок, Орто Азия деле ошонун ичинде.

Орус тилинде мыкты жазган бурят, якут акындар да бар. Орто Азиядан мыкты акын Олжас Сулейменов же Тимур Зульфикаров бар. Бирок бизди тил башкарат, биз тил билет дейбиз, бизди тил билет, өзүнүн эреже-шарттарын таңуулайт. Жергиликтүү орус адабиятын түзүү кыйын, бирок орус адабиятына жергиликтүү өң-түстү киргизсе болот.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG