Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Базар заманындагы сөз куну


Китеп окуп аткан кыз. (Архивдик сүрөт)

Башкача нукта уюштурулуп, жарым жыл бою авторлор жана окурмандар журтунун көңүл борборунда болуп келген адабий жарыш жөнүндө сөз кылалы.

Сөзүбүз кандай жаӊырат?

Сөзүбүз кандай жаңырат –

Күн мурунтан билбейбиз.

Дилгирликтен үмүттөнүп

Дирилдеген үндөйбүз.

Федор Тютчев, орус акыны.

Балдар адабияты, балдардын дилбаяндары боюнча, 35 жашка чейинки авторлор арасында, бардык эле каалоочулар үчүн, ошондой эле котормочуларга да түрдүү жарыштарды уюштуруп келген “РухЭш” сайты бул ирет күтүүсүз жүрүш жасады. “XXI кылымдагы кыргыз адабияты” конкурсуна катышкысы келген жүздөн ашуун автор миң сомдон салым төктү. Жалпы 200 миң сомдук байге фондунун негизги бөлүгү ушундайча топтолду.

Авторлордун аты-жөнү жашырылып, номур менен чыккан аӊгемелер, ыр топтомдору сайтка, шилтемеси "Фейсбук" барактарына илинип, талкууга алынып турду. Талапкерлерди дал ушул талкуулар кызыктырды. Көпчүлүгү байге аларына анча ишенбесе да, окурмандардын, айрыкча адабиятчылардын сын пикирин укканга дилгир эле. Айрымдары жарыштын дал ушул жагына өзгөчө маани беришет экен. Мисалы, “Мисмилдирик”, “Айта бар менин кебимди”, “Бакшы менен Чыңгыз хан” сыяктуу китептери менен таанылган чоӊ жазуучу Арслан Койчиев бир нече чыгармасын (же жаңы романынан үзүндүлөрдү) конкурс алкагында сайтка илдирип, бирок байгеге кошпой эле коюусун сураныптыр. Айрыкча Үмүт Култаева, Садык Алахан сыяктуу профессорлордун берген баасына эл абдан кызыгат.

“Укмуш!”, “Ажайып!”, “Шедевр!” ж.б. деп көкөлөткөн мактоолор менен катар “Ушундай начарды да чыгарабы?”, “Автор сабатсыз”, “Ыр деп эле бирдемелерди жаза бериптир”, “Эң начары ушул экен” дегендей терс баалар айтылып жатты. Апырта мактагандарга жылмайып койсо болот. Бирок жаӊыдан калем шилтегендердин шагын сындырбаш үчүн пикир жазгандардын тизгинин анча-мынча тартып турууга да туура келди башында. “Кыя чабар кылычты кынына сала туруңуз!”, “Кыз Сайкалдай качырып кирсең, авторлор коркуп, конкурска катышпай калат”, - деп, курч пикир жазгандарды тамашаладык.

Тамаша демекчи, айрым окурмандар конкурска келген чыгарманы талдабай эле, бири-бирине тийишип, кээде авторго да сөз ыргытып, эрмектешти. Талаалап кетпей, текстти талкуулайлы, калжың кепти азайталы деп эскертип туруу да керек экен мындайда.

Бул жагынан "Фейсбуктагы" талкууну кызытып, туура багыттап, өзү да омоктуу ойлорун ортого салып жүргөн Рахат Амановадай окурмандарыбызга алкыш айтуу керек. Кээде конкурска келген чыгарманын өзүнө караганда аны талкуулаган комментарийлерди эл кызыгып окуп жатты. Эӊ маанилүү (таасирдүү, күлкүлүү) пикирге (комментке) сыйлык берилет деп жарыяланды эле, кийин атайын сын жазгандарга калем акы түрүндө төлөндү.

Тилекке каршы, конкурска келген көпчүлүк тексттерди талкуулоого катыша албадым.

Тандоо оңой болгон жок

Жазмакерлер ажайып нерселер жөнүндө туш келди эле жаза берет; таланттуулар туш келген нерсе жөнүндө ажайып жаза алат.

Юлиан Тувим, поляк акыны жана прозаиги

Конкурстун жеңүүчүлөрү кимдер экенин номур менен гана жарыяланган тексттерден калыстар алып, байгеге татыктуу деп алтоосун тандап алганга чейин Олжобай Шакирден башка эч ким билген жок. Бир нече автор электрондук почтага псевдоним (адабий ысым) менен жибергендиктен, аларды Олжобай өзү да билбептир. Мисалы, поэзия боюнча биринчи орунду жеӊип алган Нурбек Нарын аттуу талапкердин дарегин жана фотосун таппай издеп калганы кызык болду!

Калыстар тобу куралганда, ага кимдер киргенин жалпы окурмандар менен авторлор эле эмес, ар бир калыс да өзүнөн башкаларды конкурс аяктаганга чейин билген жок. Купуялыкты бекем сактаган ушул шарт эч каякка кылчактабай, жалаӊ гана конкурстук материалдарды иргегенге мүмкүндүк берди. Болбосо тааныш, жекече мамилеси бар авторлор менен башка калемгерлердин жазгандарын баалоого бул жагдай өтө чоң тоскоолдук жаратмак.

Калыстар курамына башында дайындалган беш кишиден экөө бул ишке аралашпай калгандыгы соңку учурда, конкурстун жыйынтыгы жарыяланат деп кулактандырып койгондон кийин белгилүү болду. Биринчи курамдан катышкан филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан, белгилүү журналист, ОшМУнун ардактуу профессору Амирбек Азам уулу жана филология илимдеринин кандидаты Нурзат Казакова өздөрү сунуштаган тексттерди айтып чыгышты.

Ошондо Олжобай конкурстун жыйынтыгын чыгарууга жардамдашкыла деп мени менен Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү Айсулуу Көкөевадан өтүндү. Конкурска келген тексттерди кыска убакыт аралыгында карап чыгууга туура келди.

Катуу талаш болорун эске алып, байге тизмесине негизинен баштапкы курамдагылар айтып чыккан тексттерди камтыйлы деп сунуш кылдым. А. Көкөева макул болду.

Эгер ар бирибиз өзүбүздүн эле оюбуз менен болсок, жеӊүүчүлөрдүн беш башка тизмеси түзүлмөк да, толугу менен бир дагы текст боюнча баарыбыздын пикирибиз дал келмек эмес. Мисалы, проза боюнча экинчи орунду ээлеген “Чөндөлөй” аңгемесин менден башка эч ким кошумча катары да атаган эмес эле.

Амирбек Азам уулу менен Нурзат Казакова абдан жогору баалаган “Каар огу” Садык Алахан менен Айсулуу Көкөевага такыр жакпады, менин да купулума толбоду. Ар кимибиз өзүбүз тандаган тексттин эмнеси мыкты, жактырбаган тексттин каери начар экенин далилдешке аракеттендик. Бирок мунаса кылыш керек эле, болбосо 5-6 саатка созулган талаш-тартышыбыз эч бүтмөк эмес. (Айтмакчы, калыстар тобунун "WhatsApp" аркылуу жүргүзгөн соңку талкуусуна ошол күндөрү сыркоолоп калган Нурзат Казакова катыша алган жок).

Ошентип, азыр элге маалым болгон жеӊүүчүлөр аныкталды. Азыр тигини эмес, муну сыйлаш керек болчу дегендей пикирлер айтылып жатат, бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

Марага келгендер жана байге албай калгандар

Табит – бул эстетикалык уят-сыйыт.

Жан Поль, немис жазуучусу.

Адабий базар дегидей уу-дууга баткан бул саамалыкты колдоп, дилгир катышкандардын баарына алкыш айтуу керек. Проза боюнча биринчи орундагы “Жайчылар” аңгемесин жазган Абдыкерим Муратов ушул эле конкурска сунушталган дагы төрт чыгарманын автору экен! Поэзия боюнча Нурбек Нарын деген купуя ысым менен катышып, алдыга озгон калемгер баарыбызды таң калтырды – ал белгилүү жазуучу, драматург, акын Алтынай Темирова болуп чыкты! Ал өзүнүн ушул конкурска сунушталган дагы бир ырлар топтомуна Багыш Эген деп кол коюптур.

Поэзия боюнча экинчи орунга Салтанат Орозобекова, үчүнчү орунга Динара Бейшеналиева чыгышты. Прозадан бул орундарды Сүйүн Курманова менен Аскарали Ражабалиев ээлешти.

Байгелер: биринчи эки орунга 50 (элүү) миң, экинчилерге 30 (отуз) миң, үчүнчүлөргө 20 (жыйырма) миң сомдон.

Булардан тышкары поэзиядан №46 (А. Азам уулунун сунушу), №131, №50, №125 (Н. Казакованын сунушу), №103 (С. Алахандын сунушу), прозадан №59, №38 (А. Азам уулунун сунушу), №117, №110, №80 (Н. Казакованын сунушу), №55, №14, №91 (С. Алахандын сунушу), №105, №69 (А. Көкөеванын сунушу) тексттер да сөзгө алынды. Мен талаш-тартыш создугуп кетпесин деп жеке өзүм жактырган бир нече номурду (мисалы, №94) талкууга салган жокмун.

№116 жана №107 ыр топтомдору окурмандардын жогору баасына арзыптыр, муну мен конкурстун жыйынтыгы жарыялангандан кийин билдим. Бир аз шашпай окуган болсом, ушул экөөнүн бирин экинчи же үчүнчү орунга сүрөп көрмөк экенмин деп өкүнүп калдым.

Балким, Кудай буюрса, конкурста жеӊип чыккан А. Муратов, С. Курманова, А. Темирова, ошондой эле байге албай калган бир катар авторлордун чыгармалары жөнүндө кийинчерээк атайын жазармын.

Келерки жарышка

Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт.

Кыргыз макалы.

Албетте, баары ойдогудай болушу кыйын (ар кимдин оюндагы дал келбейт). “Табит жөнүндө талашпайт”, бирок көркөм тексттерди окурмандар "Фейсбукта" бул жолкудан да көбүрөөк, олуттуураак талкуулап, талдай берсе, калем акысы камсыздалып, адабиятчылар, сынчылар жок дегенде ай сайын бирден автордун чыгармасы жөнүндө атайын макала жазса, жарык көрүп жаткан орчундуу китептерге сереп жасап турса, адабий процесс жанданар?

Байге утам деген калемгерлерге кеңеш: изденгиле, чоӊ жазуучулардан үйрөнгүлө. Атактуу Чехов мыкты чыгармаларынын кыйласын жарыялап, таанымал автор болуп калган кезде замандаштарынын бири: “Сиз чоң жазуучусуз. Талантыӊызга таазим этем”, - деп кат жазыптыр. Ошондо ага минтип жооп кайтарган экен: “Мен врачмын, жазуучу боло элекмин. Эгер чындап жазуучу болууну көздөсөм, анда Лермонтовдун “Биздин замандын каарманы” романын алып, мектептегидей ар бир сүйлөмүн, сөз айкашын талдап көрмөкмүн. Ошентип, жазганды үйрөнмөкмүн”.

Өзүңөргө жаккан улуу акын, жазуучулардын чыгармаларын жөн гана окурман эмес, үйрөнчүк калемгер катары кылдат талдап окугула. Алар жөнүндө жазылган китептерди, сын макалаларды таап окугула.

Айтмакчы, карантин мезгилинде “РухЭш” сайтына Абдыкерим Муратовдун адабият теориясы боюнча сабактары жарыяланып турду эле, ошону да таап окугула.

Китеп түрүндөгүсүн сатып алсаңар, эч өкүнбөйсүңөр.

Коомдо болуп жаткан окуяларды, адам тагдырына таасир эткен типтүү көрүнүштөрдү, түркүн мүнөздөрдү терең түшүнүүгө умтулгула.

Мактагандарга алкыш айткыла, бирок апыртма кептерге ишенип, маашырлана бербегиле. Сындагандарды жаман көрбөгүлө. Конкурс жарыяланганда эле шашкалактап калбай, күн мурунтан камдана жүргүлө. Эң сонундай көрүнгөн текстиңерди убакыт өткөн соӊ (жок дегенде он-он беш күндөн кийин) кайра карап чыккыла – оркойгон кемчиликтерин байкайсыңар. Грамматика, стилистика боюнча окуу китептерди окугула, көнүгүүлөрдү аткаргыла. Редакторлор менен иштешкиле.

Мыкты деп ойлогон текстиңерди калемдештериңерге окутуп, сынчыларга сындаткыла.

Жолдош Турдубаев, адабиятчы

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG