Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 05:48

1980-жылы азыркы Санкт-Петербург шаарында Алыкул Осмоновдун 65 жылдыгына арналган адабий кече өтүп, ал кездеги Ленинградда окуган кыргыз жаштарынын “Көпүрө” аттуу адабий-көркөм журналынын бет ачары болгон.

Менин колумда мына ошол “Көпүрө” адабий-көркөм журналынын 1, 2, 3 жана 5-саны турат. Төрт журналдын тең мукабасы ар башка кылып кооздолгон. Анын тунгуч чыгарылышынын титулдук бетинде “Алыкулга 65 жаш” деген жазуунун астында акындын кара туш менен тартылган сүрөтү жана “Мен кыргыздын акыны!” деген ыры басылган.

Ленинградда окуган кыргыз жаштарынын (кыскача ЛОКС) “Самиздат” журналынын #1-санында: Расул Гамзатовдун ырлары - Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде окуган Жумагазы Садырлык которгон; “Революциянын бешиги” деп даңазаланган Ленинградда жашаган Мелис Арыпбековдун повестине кино-инженерлер институтунда окуган Калбүбү Токтомамбет кызынын жана Жумагазы Садырлыктын пикирлери; Финансы-экономика институтунун (ЛФЭИ) студенти Амирбек Усмановдун “Эрте жаз” деген сүрөттөмөсү жана Мелис Арыпбековдун “Максатым” деген ыры.

Ленинградда окуган кыргыз студенттеринин "Көпүрө" журналынын 1-саны.
Ленинградда окуган кыргыз студенттеринин "Көпүрө" журналынын 1-саны.

Журналды чыгаруунун демилгечиси жана редактору Ленинград мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин бешинчи курсунун студенти Жумагазы Усупов болчу. Адабий псевдоними - Жумагазы Садырлык. Журналдын ар бир санын Жумагазы досум “Москва” деген машинкеси менен шартылдатып басчу. Типографиябыз көбүнчө Мелис Арыпбековдун квартирасынын бир бөлмөсү болор эле.

Журналдын бир саны негизинен алты нускада чыкчу. Себеби, жетинчи баракка көө кагаздын изи жакшы түшпөгөндүктөн, текст окулбай калат.

Жумагазы Усупов журналды чыгаруунун зарылдыгы жана эмне үчүн “Көпүрө” деп аталганы тууралуу мындай түшүндүрдү:

- Негизинен эле Ленинградда окуп жүргөн жаштардын бүт баары өз тамырыбыздан үзүлгөнүбүз билинип турчу да. Биздин өз жыйыныбыз болуп, дайым топтотуп, анда кыргызча сүйлөшчүбүз. Пикир алмашчубуз. Анын алкагында Алыкул Осмоновдун 65 жылдыгын өткөрбөдүк беле? Ошондо өз демилгебиз менен Алыкулга арнап гезит да чыгарбадыкпы! Ленинград менен Кыргызстандын кандай байланышы бар? Нева дарыясы менен Ала-Тоонун кандай байланышы бар? А. Осмоновдун Ленинград – Кыргызстан ортосундагы байланышка арналган беш ырын таап, дубал гезитке чыгарганбыз. Демек, биз өзүбүздү "кыргыз элибиз, Ала-Тообуз орустун эли, орустун шаары менен тең ата болуш керек; Кыргыздын жан дүйнөсү, дүйнө таанымы өчпөшү керек! Изденели! Адегенде Кыргыздын жан дүйнөсүн табалы" деген тилек менен дубал гезитин “Көпүрө” журналына айлантканбыз. Өзүңдү өзүң түшүнбөсөң, өзүңдү өзүң тааныбасаң, башкаларды кантип тааныйсың? Тааный албайсың. Башка элдерди өзүңө салыштырып тааныйсың да, "анын мунусу мындай экен, биздики мындай экен" деп... Тең аталык, теңчилик ошондон башталат да. Ошондон кийин жашоону, башка маданиятты сүйсөң болот. Бирок адегенде өз маданиятыңды билишиң зарыл. Ушундай умтулуунун негизинде “Көпүрө” журналы жаралган да.

Ленинграддагы кыргыз жаштарынын "Көпүрө" "самиздат" журналы.
Ленинграддагы кыргыз жаштарынын "Көпүрө" "самиздат" журналы.

“Көпүрө” адабий-көркөм журналынын экинчи саны 1980-жылдын 18-январында чыккан. Бул номерде мурдагы биринчи санда жарыяланган авторлордун “чыгармаларынан” башка да: Аскердик механика институтунан (военмех) Роза Асылкулованын, Кино инженерлер институтунан (ЛИКИ) Садырбек Сатыбалдыевдин, Ленинград мамлекеттик университетинин (ЛМУ) физика-механикалык факультетинен Досаалы Иманбердиев менен журналистика факультетинин даярдоо бөлүмүнөн Курманбек Байдалиевдин, ЛФЭИден Урмат Кадыркуловдун ырлары, ошондой эле ЛМУнун журналистика факультетинин студенти Олжобай Токтосуновдун “Эне ыйы” деген даректүү аңгемеси, Р. Гамзатовдун ырларынын котормо жана америкалык экономист Ален Лейкендин “”Эмгек күнүн уюштуруу боюнча 15 кеңешинин” кыргызча котормосу басылган.

Болочок киноинженер Калбүбү Токтомамбет кызынын “Эскерүү” деген ырынан үзүндү:

Байкабастан жанып турган көздү көрдүм,

Ээритип бал тамызган сөздү көрдүм.

Жылтылдап жылдыз өңдүү жанса дагы,

Бирок оту жанбай калган көздү көрдүм.

Болочок математик Досаалы Иманбердиевдин “апасын эскерип жазган “Асыл нур” деген ырынан

Таякты ат кылып минген кезим,

Анда эмне, менде жок акыл-сезим.

“Кел муну, кармаша кой” десе апам,

Ат чыбыкты таскактатып качкан кезим.

Болочок инженер-механик Роза Асылкулованын “Тартуу” деген ырынан үзүндү:

Киргенде эле көзүңө мен кадалдым,

Тайсалдап жүрөк чиркин булкуп алды.

“Бактыңа өзү келди баш тартпа”,- деп,

Акырын махабытым шыбыш салды.

Кыргыз студенттердин "самиздат" журналы "Көпүрө"
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:12 0:00

Экинчи санда “Жергебиздеги жаңылыктар” рубрикасы пайда болот. Биринчи жаңылык - 14-январда Кыргыз ССР Жогорку Советинин кезексиз үчүнчү сессиясында Арстанбек Дүйшеевдин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президимунун төрагалыгынан бошотулуп, Министрлер Советинин төрагалыгына, анын ордуна Ош обкомунун биринчи катчысы Темирбек Кошоев дайындалганы жөнүндө. Андан тышкары Сузак районундагы “Жийде” совхозунда лимондун мөмөлөрү жыйналып жатканы, Ысык-Көлдөгү Ак-Суу совхозунда Орто Азияны балаты менен камсыз кылып туруш үчүн дагы 6000 көчөт отургузулганы, Фрунзеде жаңы филармония ачылганы, анда Германия Демократиялык Республикасынан алып келинген орган бар экени, спорт жаңылыктары жана башка кабарлар бар. Алардын бири: “22-29-январь күндөрү борборубузда польшалык “Анжей жана Элиза” эстрадалык группасы концерт берет. Каникулга барсаңар көрүп айта келгиле”.

“Көпүрө” журналынын төрт санын Ленинграддагы Советтик соода институтунун бүтүрүүчүсү Какен Бердибаева аздектеп сактап жүргөн экен. Ал “самиздаттын” жаралуусу тууралуу мындайча эскерди:

- Бизде ошол учурда "чогулалы, мекен жөнүндө сүйлөшөлү, бири-бирибизди сурашалы" деген муктаждык болгон. Журнал ошондо бизди чогулткан экен. Азыр да журналды алып карасам, ар кандай таасир алам: кээ бир макалаларга күлкүм келет, себеби жаш болчубуз. Мисалы, журналда сүйүү темасы да бар. Тарыхка байланыштуу жана Ата Мекенге арналган да макалалар бар. Ошон үчүн ал учурдагы биздин оюбузду, максатыбызды кандайдыр бир деңгээлде чагылдырган журнал болгон экен деп ойлойм. Ошо жерде өткөн жаштыгым үчүн тагдырыма ыраазымын. Себеби тың, жакшы жаштар окуган экенбиз. Ленинграддан өмүрдөгү жакшы баалуулуктарды алып келдик.

Какен Бердибаева - азыр М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин профессору.

Жумагазы Усупов өзү ал кезде Владимир Маяковскийчесинен ак ырларды жана журналдын кемин толтурган ар кыл макалаларды такай жазчу. Ал эми тун баласындай болгон “Көпүрөнүн” дээрлик ар санына Расул Гамзатовдун ырларын которуп берчү.

Турмушта бар: окшоштук - майдалыктар.

Улуулук - өзгөчөлүк.

Гүл денемде өспөдү,

Гүлдөр тоолордо эле өсөт.

Кыз тамшанып өппөдү.

Алар башкаларды көздөйт.

Достор да кол булгайт.

Өссүн. Кетишти бийик.

Бул турмуштун соккусун

жеңүү үчүн

Байым күндө бирөөлөрдү

Бир нерселерди сүйүп!

Жумагазы досумдун “Сүйүү” деген береги ырына жана менин “Берчи кудай кубат мага” деген опусума калеми курч Калбүбү Токтомамбет кызы пародия жазган. Ыр да, сын да, макала да жазып, котормодон да коркпогон Калбүбүнү ЛИКИни бүтүп кеткенден кийин такыр кездештирбедим.

“Көпүрө” журналынын дагы бир жигердүү автору - 1980-жылдардын экинчи жарымында Кыргыз телерадиосунда “Көз караш” деген публицистикалык берүүлөрү менен “шаңк” деп чыккан Олжобай Токтосунов болчу. Ал ошол убактагы жаштардын демин мындай түшүндүрдү:

Олжобай Токтосунов.
Олжобай Токтосунов.

- Ал журналдын зaрылдыгы биринчи кезекте кыргыз студенттеринин арасында эмне болуп жатканын массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирүү экен. Өзүңүз да катыштыңыз эле, ал журналды чыгарууга. Журналда куш тилиндей маалыматтар, очерктин жеңил формасы, окуп жаткан кыргыз студенттер тууралуу сүрөттөмөлөр, “биздин оюбузча” деп аталган көйгөйлүү маселелер басылган. Мисалы, Ленинградда жүргөн жигиттер эмнеге алаксып кетишет, кыздардын эмнелери жигиттерге жакпайт дегендей... Көпчүлүгү, кайсы окуу жайда окубасын, чыгармачылык менен алек болгону - ыр жазганы, аңгеме жазганы ошондо ачылбадыбы. Алардын чыгармалары “Көпүрө” журналына чыкты. Журналдын 1-санын чыгарган учур эсимде. Бир топ студенттер чогулуп, журналды абдан кызыктуу талкуулашканы эсимде. Өзгөчө бир-эки кыздын сиз экөөбүз жазган макалага сын айтып, чычалаганы эсимде.

Азыр ойлосом 1978-1981-жылдары Ленинградда, бүгүнкү Санкт–Петербургда кыргыздын бир топ алдыңкы жаштары окуган экен. Өзүбүздү өзүбүз мактагандык эмес. Анткени алар кийинки жашоосунда ийгиликке жеткилери келчү. Достук, сүйүү деген маселелерден тышкары да коомдо өз ордун ээлөө дегенди билишчү экен.

Экономика илимдеринин кандидаты Какен Бердибаева өткөн кылымдын 70-80-жылдары Санкт-Петербургда окугун кыргыз жаштары азыркы жаш муундан бир топ айырмаланганына токтолду:

- Жашыбыз ар кандай болчу да. Азыркы студенттердин баары бир куракта го. Бизде беш-алты жаш улуулар, андан кийин кичүүлөр болгону менен абдан ынтымактуу эле. Жалаң эле "жакшы окуп, жакшы билим алалы, ушу жакка (Ленинградга) атайын жиберишти эле; окууга өттүк эле; артыбызда Ата Мекенибиз бар; ата-энелерибиз, бир туугандарыбыз чоң үмүт менен күтүшүүдө; алардын ишенимин аткаралы" деп жүрчүбүз... Журналдын жаралыш себеби - биз жолукканда да Кыргызстан жөнүндө, ынтымак тууралуу, келечек жөнүндө сүйлөшчүбүз. Ал темалар ошол журналдын сандарында бар... Анан бири-бирибизди көргүбүз келчү, "Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча талкуу өткөрөлү, оюбузду ортого салалы" деп... Биздин муун башкача болгон экен деп кээде ойлоп калам... Азыр картайып калдымбы, билбейм? Бирок азыркы жаштарга караганда башкачараак болгон окшойбуз деген ой кетет...

“Көпүрөнү” барактап отуруп, журнал менен Ленинграддагы дээрлик бардык ЖОЖдордун студенттери гана эмес, атактуу шаардан окууну бүтүп кеткендер да байланышта болгонун көрдүм. Буга ЛМУну 1980-жылы бүтүп, “Кыргызстан маданияты” жумалыгынын адабият бөлүмүндө эмгектенип жаткан Абибилла Пазыловдун котормосунун жарыяланганы далил. Николай Рубцовдун “Коштоштуң кеме менен сен” деген ырын которгон экен болочок жазуучу.

Албетте, журналга жарыяланган ырлар, аңгемелер, макалалар кесипкөйлүк тил менен айтканда "чийки" болгону менен жаштык дилден, аруу сезимден жазылганы окуганда ачык сезилет.

Алсак, ИКИнин студенти Садырбек Сатыбалдыев ыр жазууга болгон ынтызарлыгын мындай сүрөттөйт.

Мен дагы ыр жазууну көксөп жүрөм,

Жаралуу бүркүт аска көксөгөндөй.

Ойлорду он миң ирет бүлүндүрөм,

Кыялым алып учат тынчтык бербей.

Алдына улуу максат коюп, чоң акын, мыкты журналист болууну көздөгөн жигиттердин бири Курманбек Байдалиев болчу. Чоң акын болууга астейдил камынып жүргөн Курманбектин “Нөшөр” деген ыры анын ойчул, тегерегине кылдат абай салып карап, жаштыгына карабай жашоого этият мамиле кылган сезимтал мүнөзүн даана чагылдырат.

Нөшөр төгөт, төгөт токтобой,

Жүрөк согот, секунд тоготпой.

Чиркин жаздын алгач жамгыры,

Чертет айнек түнкү коноктой.

*** ***

Нөшөр төгөт, төгөт токтобой,

Саат кыймылда, мүнөт жоктобой.

Таш төгүлгөн көчө сел каптап,

Агат суулар изин жоготпой.

*** ***

Нөшөр төгөт, төгөт токтобой,

Ак чатырда тамчы жорголой.

Тал-теректер күбүр-шыбырсыз,

Мойнун тосот эч бир тоготпой.

*** ****

Нөшөр төгөт, төгөт токтобой,

Кыя жолдо кыймыл жоголбой.

Алга шаша берет ашыгып,

Аргын күлүк кызык жомоктой.

Өкүнүчтүүсү - Курманбектин өмүрү эрте үзүлдү: студенттик отряд менен Казакстанда жүрүп, капилет кырсыктан көз жумду.

Студент жаштар менен Олжобай досум экөөбүз өткөргөн сурамжылоо басылган “Көпүрөнүн” санын мен таба албадым. Бирок анын мазмуну Олжобайдын эсинде экен.

- (Студенттерди) чычалаткан темабыз мындай болчу. Биз студент жигиттерди да, студент кыздарды да кыдырып, мындай суроо бергенбиз. “Ленинградда окуган кыргыз кыздарынын эмнеси сизге жакпайт?” деген суроо бергенбиз жигиттерге. Кыздардан, тескерисинче, “Ленинградда окуган кыргыз жигиттердин эмнеси сизге жакпайт?” деп сураганбыз. Бери болгондо 15 кыз-жигиттен интервью алганбыз. Азыр ойлосом, социологиялык иликтөөгө окшош болгон экен. Жооптору да окшошкон. Жигиттер “биз байкагандан айрымдар кичине-кичине ичкиликти да иче коюп, тамекиге кызыгып кеткендери болуп атат, ушул нерселери бизге аябай жакпайт” деген. Кыздар айтышкан: “кыргыздын жигиттери бизди абдан кайтарышат, бөлөк улуттун жигиттери менен сүйлөштүргүсү келбейт, жакындаткысы келбейт, өзүбүздүн улуттун гана жигиттери менен достошкула” дегенсип. Өздөрү болсо чет өлкөдөн келген, көпчүлүгү орустун кыздары менен дос болуп жүрүшөт” деп, тамаша иретинде, бирок “чындыкка жанаша” дегендей кылып жооп беришкен. Анан сиз экөөбүз күлгөнбүз: “Карасаң, баары сүйлөшүп алгансып бирдей жооп берет. Демек, булардын көпчүлүгүнүн ойлору окшош экен” дегенбиз.

“Көпүрө” журналы, албетте, “самоиздат” же “мыйзамсыз басылма” болгон. Себеби, ал кезде совет бийлигинин уруксатысыз эч кандай гезит-журналды чыгарууга жол жок эле. Ошон үчүн бардык гезит-журналдар Компартияга, өкмөткө жана бийликтин жетегиндеги коомдук уюмдарга таандык болчу.

"Көпүрө" журналынын 5-саны.
"Көпүрө" журналынын 5-саны.

Жумагазы Усупов да ошо кезде “Көпүрө” журналы мыйзамсыз чыгарылганын ырастап, бирок анын беттеринде өкмөткө акаарат келтирген сөздөр, ойлор жок болгонун айтты.

- “Көпүрө” журналы мыйзамсыз болгонун билем. (Андай) сөз болгон. Айтылчу. Бирок корккон эмесмин. Анткени биз кыргыз жаштары чогулган жердеги кызыл талкууну баскан эмеспиз да. Ушундай тарбияланган экенбиз: коркуу каныбызда болчу да. Азыр ойлосом, ошол журналды машинкеде басып чыгарып, бири-бирибизге бергендин өзү эле эрдик да, жакшы жышаан да болгон экен ошол кезде. Ушунун баары биякка келгенден кийин деле эркин ойлонуп, “Ашар” коомун түзүүгө тайманбай киришип, жаштардын укугун коргогонго тажрыйба болуп бериптир.

Жумагазы Усуповдун сөзүн Олжобай Токтосунов улантты:

- Ошо кезде улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Кылымга тете күн” романы чыгып, ошол чыгарманы талкуулаганыбыз эсимде. Ошондо бир топ студенттер өтө чоң-чоң маселелерди көтөрүшкөн. Ал кезде “самиздат” деп коюшчу. Биздин журналда Коммунисттик партияга же Советтер Союзуна каршы эч нерсе деле жок болчу. Анда негизинен: "Кыргыз студенттери эмне кылып жашап жатат, эмнеге кызыгышат, эмнеге даярданып жатат, деңгээлдери кандай?" деген суроолорго ушул журнал абдан жооп берген экен деп ойлойм.

“Көпүрө” самиздат журналы, тилекке каршы, Жумагазы Усупов 1981-жылы Ленинград университетинин бүтүп кеткенден кийин токтоп калды. Кийин бул ишти Мелис Арыпбеков колго алып, “Көпүрө” журналын мурдагыдан да көлөмдүү кылып чыгарганын эшиттим. Бирок, журналдын өзүн көрбөдүм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG