Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:33

Кайыпов менен тил дүйнөсүнө саякат


Сулайман Кайыповдун Түркиядагы кыргыздардын макал-лакаптары тууралуу китеби.

Фольклорчу, этнограф Сулайман Кайыпов окурман журтуна дагы бир жаңы китебин тартуулады. Ал китепте окумуштуунун жыйырма жылдык эмгеги - “Түркияда жашаган памир кыргыздарынын макал-лакаптары” топтолгон.

Дөөләт кушу көр болот,

Соо турса, сараңга конот.

Әләл турса, арамга арамга конот.

Жакшы турса, жаманга конот.

Онусуга да шүгүр де:

Ондо-мунда адамга конот.

Бул макалды профессор Сулайман Кайыповдун “Түркияда жашаган памир кыргыздарынын макал-лакаптары” китебинен окусаңыз болот. Китепке тагдыр айдап, Түркияны байырлап калган кандаштарыбыздын оозунан 1997-2015-жылдары окумуштуу өзү аздектеп жыйнаган 6568 макал-лакап киргизилген.

“Элдин дүйнө тааным тажрыйбасынын күзгүсү” болгон макал-лакаптарды изилдөө Түркиянын Улуу Памир айылында жашаган кыргыздардын өткөнүнө, бүгүнкүсүнө жана келечегине саресеп салганга мүмкүндүк берет.

Памирлик кыргыздар
Памирлик кыргыздар

Сулайман Кайыпов китептин илимий негиздемесинде жазгандай: “Адамзаттын акылы, таланты аркылуу жөнөкөйлүк менен татаалдыкты, жупунулук менен тереңдикти жалгаштыра билүүнүн накта өрнөгү ушул макал-лакаптар болуп саналат”.

(Кайыпов С.Т. Түркияда жашаган памир кыргыздарынын макал- лакаптары. Лингвофольклористикалык булак катары. Борбордук 2017. 33-бет)

Памир кыргыздарынын элдик оозеки чыгармачылыгын жыйноо 1970-жылдары француз филологу Реми Дор жана АКШ антропологу Назиф Шахрани тарабынан жүргүзүлгөн. Реми Дор кийин докторлук диссертациясында 118 макал-лакапты иликтеп талдаган. Ал эми Сулайман Кайыповдун эмгеги буга чейинки изилдөөлөрдөн эмнеси менен баалуу? Филология илимдеринин доктору Гүлбара Орозова буга мындай түшүндүрмө берди:

- Бул китеп фольклористика илиминин эл аралык мыйзам ченемдерине туура келген олуттуу иш. Анткени, дидактикалык чыгармаларды терең жана социалдык-гуманитардык илимдердин тогошунда изилдөөгө жол ачат. Башкача айтканда, макал-лакаптарды жаңы усулдук негизде изилдөө зарылдыгын күн тартибине койду. Себеби, макал-лакаптар памирликтерде кандай айтылса, ошондой жазылып алынган. Лексикасы такыр бузулган эмес. Бир эле макалдын бир нече варианты берилген. Ошентип, жыйнакка 6568 макал-лакап кирип жатпайбы!

Гүлбара Орозова - Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери. Кыргызстандын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Кадыркул Коңкобаев
Кадыркул Коңкобаев

Сулайман Кайыпов Түркияда жашаган памир кыргыздарынын макал-лакаптарын чогултуп жарыялап, соңку жарым кылымга жакын мезгилде бир да кыргыз окумуштуусу жасабаган баа жеткис жумушту аткарганына түрколог Кадыралы Коңкобаев көңүл бурду:

- Сулайман мырза Түркиядагы Рахманкул хандын кыргыздары же Улуу Памир кыргыздарынан жазып алган тексттер Кыргыз маданияты үчүн баа жеткис байлык деп эсептейм. Себеби, 1960-1970-жылдары өзгөчө 1980-жылдардан кийин бул маселе Кыргызстанда таптакыр унутулуп, колго алынбай калган. Эл ичинде сакталган миңдеген укмуш маалыматтар муун алмашкан сайын унутула баштады. Сулайман мырза диалектик, ариптик алфавит менен тамгалап жазып топтогон материалдар, кошоктор, макал-лакаптар, дастандар чексиз дөөлөт. Себеби, 70-жылдардан кийин бир да кыргыз таануучу мындай эмгек жасабады. Бул китеп Кыргыз фольклористикасында эле эмес, кыргыз таануу илиминде да өзгөчө мааниге ээ экенин сөзсүз белгилешибиз керек. Сулайман Кайыпов окумуштуулук эрдик жасады десек да аша чапкандык болбойт.

Филология илимдеринин доктору Кадыралы Коңкобаев ушу тапта Астана шаарындагы Эл аралык Түрк академиясынын илимий борборунда эмгектенет.

Чехиялык этнограф Петр Кокайсл массалык маалымат каражаттарынын өнүгүүсү менен адабий тил коомдо үстөмдүк кылганына байланыштуу диалекттер өлүп баратканын белгилеп, мындай жагдайда эл ичиндеги оозеки чыгармалар биротоло унутула электе жазып алуу маанилүү экенин айтты:​

Петер Кокайсл
Петер Кокайсл

- Диалекттер акырындап өлүп баратканын моюнга алышыбыз абзел. Себеби, гезит-журналдар, теле-радиоберүүлөр бир диалектте, бир тилде сүйлөшөт. Мен радиодон кимдир бирөөнүн кайсы бир диалектте сүйлөгөнүн такыр укпадым. Менин чоң энемдин бир тууган сиңдиси Батыш Чехиянын жомокторун сактоону максат кылган. Бул чөлкөмдүн эли бир кылым мурда эле Домажлице диалектинде сүйлөгөн. Бүгүн бул диалектте өтө аз адам сүйлөйт. Бирок таежемдин китеби сакталып калды. Анын китебин ошол аймактагы мектеп мугалимдери жана айрым окуучулар окушуп, алар домажлице диалектинде сүйлөшөт. Ооганстан, Кытай, Тажикстанда болгонумда, жергиликтүү кыргыздардан өз тилиңерде жомок айтасыңарбы деп сурасам, “анда-санда жомок айтылат” дешти. Кимдир бирөө алардын жомоктору такыр унутулуп кала электе жазып алып, китеп чыгарып, алардын мектептерине тартуу кылса, аябай жакшы болмок.

Чехия: диалект сөздөрдү чогултуу тажрыйбасы

Доцент Петр Кокайслдын жетекчилиги астында Чехия айыл чарба университетинин студенттери Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жашаган чехтердин фольклорун кыска мөөнөттө чогултуп, өзүнчө монография кылып чыгарышкан. Анткени, чех диаспораларында Чехиянын өзүндө эбак унутулган же колдонулбай калган диалекттик сөздөр дале сакталып калганын айтты чех окумуштуусу.

- Бир адам улуттук азчылыктарды изилдейм десе дагы толук изилдегенге күч-кубаты жетпейт. Мүмкүн да эмес. Ал эми студенттер менен изилдеп чыкса болот. Биз Румыния, Польша, Болгария, Украина жана башка Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жашаган чехтерди изилдедик. Бир студент бир кыштакка же шаарга барып, тийиштүү маалыматтарды жазып, өздөрүн сүрөткө тартып алышты. Анын негизинде эки жыл өтпөй бир монография чыгардык. Биздин максат - алардын бүгүнкү абалын көрсөтүү болду. Эгер изилдөөнү жалгыз өзүм жүргүзсөм, 10 жылдан соң чех диаспорасы тууралуу маалыматтар актуалдуу болбой калат. Биз Чыгыш европалык немистер, ошондой эле кельт тилдүү группалар боюнча изилдөө жүргүздүк. Кельт тилдүүлөр Ирландия, Шотландия, Уэльс жана Франциянын Бретан регионунда жашайт. Алиге чейин Румыния жана Украинада жашаган чехтерде Батыш Чехия менен Чыгыш Чехиядагылардын диалекттери сакталып калган. Бүгүнкү чех тилинде жок сөздөр алардан табылат. Ал сөздөрдү XIX кылымдагы адабияттан, ырлардан жана жомоктордон кездештиресиз. Чех диаспораларында эски сөздөр дале колдонулат.

Профессор Кайыповдун китебинин тарыхый баасы

Түрколог Кадыралы Коңкобаевдин пикиринде, “Түркияда жашаган памир кыргыздарынын макал-лакаптары” китеби Орхон-Энесай жазма эстеликтери сыяктуу эле илим үчүн, болочок муун үчүн көөнөрбөс дөөлөт.

- Эл кандай жашаса, кандай турмуш көрсө, ошол тилде сүйлөйт. Ошондуктан кыргыздар жашаган ар кандай аймактарда жергиликтүү өзгөчөлүктөр болот. Муну диалектик, говордук өзгөчөлүк деп коёт. Жээнбай Мукамбаев агайдын 32 000 сөздөн турган Диалектикалык сөздүгү-тилдик байлыктын бир эле чекеси. Сулайман Кайыпов ар түрдүү тыбыштар арасындагы үндүү, үнсүз, тыбыштардын түшүп же жумшарып калышы, каткалаңга айланып калуу жагдайларынын бардыгын текстке түшүргөн. Тилдин көп түрдүүлүгү-кыргыз адабий тилинин жаралышына алып келген. Буларды илимий максатта том-том кылып чыгарып койсо, миң жылдан кийин да кыргыз тили ушундай болгон турбайбы деп жүрөбүз. Мисалы, Орхон-Энесай жазма эстеликтери V кылымдан XIII кылымдын аягына чейин доорон сүргөн, эл колдонгон тил болгон. Жазылып калган 700дөн ашык текст - биз үчүн табылгыс дөөлөт болуп жатпайбы!

Гүлбара Орозова
Гүлбара Орозова

Ал эми Гүлбара Орозованын айтымында, тектеш элдердин макал-лакаптары менен да салыштырып, тарыхый-генетикалык, тарыхый типологиялык жактан салыштырып изилдөө үчүн “Түркияда жашаган памир кыргыздарынын макал-лакаптары” китебиндей фундаменталдуу эмгек керек болчу.

- Бул чоң масштабдагы изилдөөлөргө абдан керектүү фактологиялык материал болуп берүүдө. Ошондой эле тектеш элдердин макал-лакаптары менен да салыштырып, тарыхый-генетикалык, тарыхый типологиялык жактан салыштырып изилдөө үчүн ушундай материал керек болчу. Анткени, баарын адабий тилдин нормасына салып койсок, макал-лакаптарды типологиялык, тарыхый гентикалык жактан изилдөө кыйын болмок. Бир этномаданий чөйрөдөн алсак, илимдин мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коёбуз. Ошон үчүн тектеш элдер менен тарыхый жактан салыштырганда ар бир этночөйрөнүн өзгөчөлүктөрүн сактоо-илимдин негизги милдети. Совет заманында ошол нерселерге көңүл бурулбай, баары идеологияга баш ийдирилип, оозеки элдик чыгармалардын жанрларын оңдоп-түзөгөнгө жол берилген.

Эгер Түркиянын Улуу Памир конушундагы кыргыздардын мектеп жашындагылары түрк тилинде сүйлөп, кыргыз тилин унута баштаганы, апыз же ырчы сыяктуу көркөм мурасты сактоочулардын чыгармаларына жаштар анча кызыкпай калганы - Сулайман Кайыпов жасаган иштин илимий мааниси, баасы канчалык кымбат экенин ого бетер айкын кылат. Профессор Коңкобаев:

- Түркиялык кыргыздарга эң биринчи барып, текст жазып алган мен болчумун. Андан бери 26 жыл өттү. 26 жыл ичинде Улуу Памирден көчүп келген кыргыздар түрк тилинин таасиринде ичкилик говорунда түркчө-кыргызча аралаштырып сүйлөгөн кыргыздарга айланды. Ал эми Түркияда туулуп-өскөн кыргыз жаштарынын тили жалаң түркчө болуп баратат. Кептин баары мына ошол тил өзгөчөлүгүн сактап калганда турат. Тилдин өзгөчөлүгүн сактоо деген - бул элди сактоо менен барабар. Тилиң жок болгондон кийин элиң да жок болот.

Эне тилин унуткан адамдарга өнүккөн Европа өлкөлөрүндө да кандаштары бөтөн элдин өкүлү катары мамиле кыларын айтты чех окумуштуусу Петр Кокайсл:

- Негизи,чет өлкөлөрдө жашаган чехтер улут уңгусун, тамырын жоготпойлу дешип, чех маданиятын сакташат. Кээ бирөөлөрү чехче өтө начар сүйлөйт, бирок өздөрүн чехмин деп сезет. Алар үчүн чех тили эмес, өздөрүн чех деп сезүү маанилүү. Чех тили Чехияда жашаган чехтер үчүн маанилүү экени айкын. Алсак, Украинадан келген чехтер чех тилинде сүйлөбөсө, жергиликтүүлөр аларды чех деп тааныбайт.

Эмгегине канааттанбаган окумуштуу

Сулайман Кайыпов китептеги 6568 макалдын ар бирин кимден, кайсы күнү жазып алганын так көрсөтөт. Бирок жасаган ишине толук канааттанбаганын жашырбай айтты.

Сулайман Кайыпов
Сулайман Кайыпов

- Мындан да так болуш керек. Себеби, ар бир макал-лакаптын колдонулган шарты, кырдаалы менен кошо жазып алынса, кандай сонун болор эле. Ал эмес ошону айтып жатканда, колдонуп жаткан кишинин дикциясын, интонациясын, кандай мааниде колдонгондугун кишинин кебете-кепшири менен кошо видеоматериал кылып жазып алса сонун болмок. Мен ага жетише алган жокмун. Макалды ким, кайсы күнү айтса, ошону жазып алганга жетиштим. Илимде так болуш керек. Канча жолу кайталанып айтылса, ошонун баары катталышы зарыл. Менде анын баары бар. Бирок мен арасынан бирден гана алдым. Бир макал бир канча киши тарабынан ар кандай кырдаалда бир нече жолу колдонулушу мүмкүн. Ошонун баарын каттап ала турган болсок, ал илимге чоң материал болот да. Азыр дүйнөдө андай изилдөөлөр деле боло элек да. Бирок идеалында изилдөө ошондой болуш керек.

Француз түркологу Реми Дордун изилдөөсүндө Памир кыргыздарынын макал-лакаптарын качан, кимден жазып алынганы көрсөтүлбөйт.

Памир кыргыздары, профессор Кайыпов береги китепке берген көлөмдүү илимий түшүндүрмөсүндө жазгандай, коңшу түрдүү элдердин өкүлдөрүн өздөрүнө сиңирип алган. Бул алардын лексикасынан да ачык байкалат. Мисалы,

Улар оту, мамыры-

Умуму чөптүн тамыры.

Шатавар кыймат, чыт арзан,

Шәәни кеткен бул элдин,

Катыны кыймат, кызы арзан.

Шиш да күйвөсүн,

Кәвәк да күйвөсүн.

Ушул үч макалдагы умими, шатавар, кәвәк деген сөздөрдү адабий даярдыгы жок окурман түшүнбөй, кандай сөздөр деп баш катырышы этимал. Мындай сөздөр китепте арбын. Ошого автор бу сыяктуу сөздөрдүн түшүндүрмөсүн тиркей кетсе жакшы болмок.

Сулайман Кайыпов менен тил дүйнөсүнө саякат
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:26 0:00

Тарыхка экскурсия

"Элдик оозеки чыгармаларды жазып алууга Совет бийлиги орногондон кийинки алгачкы жылдардан тартып чоң маани берилген* (Кыргыз адабияты. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1994. 105-бет). Бирок жыйналган материалдын баары адабий тилдин нормасына салынгандыктан, кыргыз тилинин лексикасын изилдөөдө чаташууну жаратат", - дейт Гүлбара Орозова:

- Тээ 1922-жылдан баштап элдик оозеки чыгармачылык топтолуп, бир топ жыйнактар жарык көргөн. Бул жыйнактардын жакшы жагы: элдик оозеки чыгармачылыктын бермети, сөз өнөрүнүн бермети – макал-лакаптарды элге жеткирүү, таратуу эле. Кемчилиги жалпыга түшүнүктүү болсун деген өнөкөткө байланыштуу. Бардык макал-лакаптар түрдүү этночөйрөдөн жыйналганына карабай, алардын баары адабий тилдин нормасына салынган. Бул диалекттердеги сөздөрдү, элдин салтын, кыргыз тилинин лексикасын изилдегенде ар кандай мүчүлүштүктөрдү жаратат.

Памирлик кыргыздар
Памирлик кыргыздар

Гүлбара Орозова Памир кыргыздары кийин совет доорунун алгачкы жылдары Чоң Алай өрөөнүнөн качып баргандар деген жаңылыш түшүнүк экенине, Памир кыргыздары этногенетикалык жактан беш этностук катмар өз ара жуурулушкандан келип чыкканына, муну профессор Кайыпов да көз жаздымында калтырбаганын белгиледи:

- Коомчулук Памир кыргыздарын совет доорунун алгачкы жылдары Чоң Алай өрөөнүнөн качып баргандар деп билет. Чын-чынында Памир кыргыздары тээ алмустактан бери Памирде жашаган. Памирдеги этночөйрөнү тарыхчылар Эгемберди Маанаев, Сулайман Кайыпов жана Бектемир Жумабаев жакшы изилдешкен. Бул этночөйрөнү мурдатан Памирде жашагандар, Совет бийлигине каршы чыгып көчүп баргандар, Рахманкул хандын тукумдары, о.э. Кытай кыргыздарынын таасирлүү топторунан чыккан ичкилик уруулары түзөт. Алар элдик оозеки чыгармачылыктын түп нускасын жана архаикалык башаттарын сактап калган. Сулайман Кайыповдун бул китепте памирлик кыргыздардын 6 миңден ашык макал-лакабын жазып алганы эмне деген эмгек?

Китепте Памир кыргыздарынын этногенези же теги, макал-лакаптарын изилдөөнүн тарыхы, макал-лакаптардын лингофольклористикалык маңызы, макал жана лакаптардын айырмачылыктары менен жалпылыктары боюнча да кеңири маалымат берилет.

Анан да Сулайман Кайыповдун илимий эмгеги - П. Кокайслдын сөзү менен айтканда - “убакыттын машинесине” отуруп алып, XIX же XX кылымга бир кайрылып барсак деп тилек кылган адамдарга кыялын чындыкка айлантканды мүмкүн кылат.

"Азаттыктын" архиви: Ооганстандан мындан туура 35 жыл мурда качып чыккан памир кыргыздарынын ырчы, жомокчусу Турган Ырайым кызы «Хан Шырдактын боз жоргосун» баяндайт.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG