Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:09

Ичкиликтер фолклору: Кыз кыңшылатмай, дүрө... (2-бөлүк)


Ооган Памириндеги кыргыздар.
Ооган Памириндеги кыргыздар.

Ичкилик кыргыздарынын өлөң айтуу, “кыз кыңшылатмай” салты, дүрө жана санат ырлары бар. Бул көөнө элдик чыгармачылыктын өзгөчөлүктөрү жана географиясы. (1-бөлүктө алардын ашыглык ырлары чагылдырылган).

Кыргыз адабияты боюнча 2004-жылы чыккан энциклопедиялык окуу куралында “өлөң” оозеки адабияттагы лирикалык текке кирчү жанр экени жана кыргыз улуттук фольклорунда сейрек кездешкен он бир муун өлчөмүндө чыгарылганы айтылып, Алайлык кыргыздардын өлөңүнөн бир үзүндү берилет.

Ошондой эле, өлөң боордош казактардын элдик оозеки чыгармачылыкта, акындар поэзиясында, жазма адабиятында учураганы, көбүнчө тойлордо ырдалганы айтылат.

Калас. Эгер көй кашка диалектолог Жээнбай Мукамбаевдин “Эл ичи- өнөр кенчи” деген 1982-жылы чыккан китебинде:

“Ушул Алай-Памир, Баткен, Лейлек, Жерге-Талга барган сайын “өлөң” деген ырды угабыз. Баарыдан мурда анын кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынан орун алганына көпкө таңданып да жүрдүк. Чынында кыргыз өлөңдөрү жөнүндө эч сөз болчу эмес”, - деп жазат.

Чынында эле Испайрам өрөөнүн байырлаган кыргыздардын өлөңдөрү жөнүндө да сөз болчу эмес, деп мен атактуу диалектолог-лексикографтын артынан кошумчалайт элем.

Бул кемтикти 64 жаштагы Ахуналы Абыт уулу толуктайт:

Өлөң айтсам, өлөңчү дейт го мени.

Жалгыз жатсам ач бөрү жейт го мени.

Мен бир өлөң айтамын мундай кылып,

Тегирменден чыгарган ундай кылып.

Ашып келдим кең жердин даваныдан,

Сары өтүгүм жыртылды таманыдан.

Алайын деп ак уруп алалвәдим мен,

Жокчулуктун жону каттык заманыдан.

Аш пышырдым жантактын термесине,

Ашык болдум кашыңдын кермесине.

Алты байтал, бир айгыр айдап берип,

Койбос эдем атаңдын бербесине.

Кара сууда каймак жок муз болбосо,

Кой гөшүдө дәәми жок туз болбосо.

Ойноп оюнум канбады жубан менен,

Орто бойлуу өзүңдөй кыз болбосо.

Мен бир мерген болбосмун коён аткан,

Бул дүйнөдө эң эле кыйын экен,

Бир төшөктө бүрүшүп жалгыз жаткан.

Кызыл кыргын дегенде кызыл кырчын,

Кызыктырып сүйлөгөн сөзүң курсун.

Күндүз кирген гәбиңә1 түндө кирбей,

Сыйпалатып коёсуң жүктүн пурчун2.

Өлөң, өлөң дегенде өз эмеспи,

Өспөгүрдүн кыздары кайдан өстү.

Кыркка кирген чагымда кызыктырып,

Жүрөгүмдүн отуну дүүлүктүрдү.

Таштан ташка секирген элик болсом,

Күлүк аттын белиге телик3 болсом мен.

Мен сулуулардын бетине эндик болсом.

Сары өтүгүм жыртылды таманыдан,

Куру калдым жуучунун жәмәнидән.

Той дегенде минемин тору атымды,

Арык болсо минемин боз атымды.

Тойго барып жегеним бир чемирчек,

Келе жатсам чакырат бир келинчек.

Келинчекке барбаган мен эринчек деген экен...

64 жаштагы Ахунали Абыт уулу ырдап жаткан өлөңүн ушул саптары менен аяктады.

Ахуналы аке кесиби боюнча мал доктур. Азыр Кыргызстандын Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Марказ кыштагында жашайт. А туулуп эр жеткен жери - Испайрам боюндагы Кара Кыштак айылы.

Ал жогорудагы “Өлөң айтсам, өлөңчү дейт го мени” аттуу өлөңдү атасынан жана чоң атасынан угуп, көкүрөгүнө түйүп алган экен.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:04 0:00

Белгилүү илимпоз, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Гүлбара Орозованын өлөң тууралуу түшүндүрмөсү:

- Совет доорунда өлөңгө атайын көңүл бурулган эмес. Бирок элдик оозеки чыгармаларды жыйнаган учурда өлөң ырлары да жыйналып алынган. Ичкиликтер арасында өлөң деген жанр кеңири жайылган. Мунун себеби-ичкилик уруулары эң байыркы урууларга кирет. Алар бир доорлордо Шиберден Балкашка чейин жайылган түрк уруулары ичинде жашап, кыпчактар менен абдан тыкыс аралашып, өлөң кыпчактарда өнүккөн жанр болгон үчүн, өлөң ырлары ичкилик кыргыздарда сакталып калган.

Казактарда стихотворение, стих дегенди өлөң деп коёт. Өлөңдөрдүн кыргыздардын элдик лирикаларынан таптакыр өзгөчөлөнгөн, өзүнө мүнөздүү табияты бар.

Өлөңдөр той-аштарда ырдалып, кыз-жигит ортосунда айтыш катары айтылып өнүккөн. Бүгүн той ырларында айтылбаса да ичкиликтер арасында кеңири жайылган.

Гүлбара Орозова Кыргыз Илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана Адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери.

Окумуштуу фолклорчу, этнограф Сулайман Кайыпов өлөң айтуу салты кыргыздардын ичкилик урууларында кеңири өнүккөнүн айтып, анын өзгөчөлүктөрүнө учкай токтолду:

- Өлөң радиодо жарыяланган сүйүү ырларыга көп окшобогондуктан, ал бир аз жээрилип, унутулуп калган. Айрыкча өлөңдөр Алайда, Чоң Алайда, Тажикстандын Жерге Тал деген жеринде, Мургабда, Ооганстандагы Памир кыргыздарында, Кытайдын Памир тарабында жашаган ичкилик кыргыздарда айтылат. Анан Ала-Бука тараптан, Сузактан бир-эки мисал табылган.

Өлөң, анан дүрө деп коёт. Өлөңдөрдү келтирип, башынан аягына чейин айткандар: Памир кыргыздары. Өлөң деген ар кандай темада, ар кандай мотивдерди бириктирип, импровизация менен айтыла берген лирикалык ыр. Ал жар-жар сыяктуу тойдо ырдалат.

Даркан изилдөөчү Жээнбай Мукамбаев Сары-Кол өрөөнүндөгү Мургаб районунунун Раң-Көл деген жериндеги үйлөнүү тоюндагы өлөң айтууну минтип сүрөттөйт.

“Күйөө жолдоштор өлөң, ыр айтып киришти. Улам алмак-салмак ырдап жатышты... Ал өлөңдөр ошол тойдогу кары кемпир-абышкаларды да жаш кездеги сүйүүлөргө бөлөдү белем, айтор ким билсин, тунжурап, тээ алыскы күндөргө жетеленип кетишти.

Жаштар болсо, учурдагы сезимдин сезимине оролушуп, дем чачып, кылтыйыңкы уяң мүнөздөрүнөн арыла башташты... Өлөң ыр, бирде жай сапар чексе, бирде сайрандап элирип, тез-тез төгүлүп, удургуган сапарын чегип жатты...

Өлөңчү каш тергич, искекти эле (алар “мочинек” деп да айтышат) төрт сапка батырып, анан кыздын бир кезде “мама” деп эркелеп жүргөн күнүнөн бери айтып кирет. Кечээ эле туюк жака көйнөк (алар “пүтөв жака” дешет) кийген кыз бүгүн минтип бойго жетип, жигитти чымчып сүйлөп калганын козгойт...

Ошондо угуучулар бир дымып, бир тунуп телмирип чыгышат да, арбалып калган абалдан чочуй түшкөнсүп, “оп баракелде!” дегендерин дагы үстөккө-босток кайталап жиберишет”.

Илимпоз-фольклорчу С. Кайыпов Үрүмчүдөгү Манас симпозиумунда. 24-25 Октябрь 2015
Илимпоз-фольклорчу С. Кайыпов Үрүмчүдөгү Манас симпозиумунда. 24-25 Октябрь 2015

Профессор Сулайман Кайыповдун айтымында, Памир кыргыздарында үйлөнүү тою күнү аткарылчу “кыз кыңшымай” деген да салт бар.

- Тойдо никенин алдында “кыз кыңшылатмай” деген бөлүмү болот. Ошонун алдында өлөң ырдалат. Өлөңдөр дүрөгө өтүп кетишет.

"Дүрө" деген бири бирин аябай кордоп айтышат. Анда да эротикалык тема, эротикалык деталдар абдан көп колдонулат. Бул үйлөнүүгө байланашытуу ырдалгандыктан, биринчи күнү нике кыйылган түнү жаштарды психологиялык жактан даярдайт.

Кыргыздар жаштарды турмуш курууга ар кандай поэзия, ыр менен, каймана сөздөр менен тарбиялаган да. Тарбия өлөң аркылуу ишке ашкан да. Аны да уят экен, андай экен - мындай экен деп, жазбай койгондор болгон убагында. Ал өзү уят эмес. Доктор жок болсо, консультация берчү эч ким жок болсо...

Өлөң айтканда дасторконду төрт бурчунан кармап, анын үстүнө чачыласын (алар "чачиле" дешет) чачып турган. Атайын жасалган чачиле боорсок дасторкондун үстүнө чачылат. А дасторконду кармагандар аны утуру силкип турат. Боорсок дасторконду силккенде жерге түшүп, аны ар кимдер терип алат.

Ал тушта беш-алты кыз турмушка чыкчу кыз менен чогуу отуруп алышып, кыңшылап ыйлаган үндү туурап кыңшылашат. Ошо кыздыр кыңшылап жатканда кимдир бирөө өлөңдү абдан келиштирип айтып турат. Ошо кезде турмуш поэзия менен жуурулат.

Сулайман Кайыпов кытайлык кыргыздардын (асыресе ак-тоолуктардын) арасында өлөң айтуу салты сакталып калуусун Кытай өкмөтү огожологонун да белгиледи.

- Кытай өлкөсүндө өлөңчүлөрдү өзгөчө карап, өлөң маданиятын өнүктүрөлү деп, өлөңчүлөргө стипендия беришет. Азыр Кызыл-Суу автономиялуу облусунда белгилүү өлөңчүлөр бар. Алар өлөң айткандыгы үчүн мамлекеттен акча алаттар.

Тилекке каршы Испайрам өрөөнүндө болгон тойлордо өлөң, жар-жар айтуу унутулган.

Ошого Акуналы акедей:

Өлөң деген жоргодой сызып коёт,

Өлөң уккан ач кулак абдан тоёт.

Сен билбесең өлөңдү мен айтайын,

Уул өлөң, кыз өлөң башка болот,

- деп ата-бабалардан калган көөнө мурастарды бапестеп сактап жүргөн ыр жандуу инсандарга таазим эткенден башка чара жок.

Абыт уулу Ахуналы
Абыт уулу Ахуналы

Анда эмесе, Ахуналы Абыт уулу көкүрөгүндө кыттай сактап жүргөн санат ыры:

Эй, ас-салоому алейкум,

Зору-кичик карылар!

Аман болгун бәәрыңәр!

Акжол байдын тоюнда

Кушубак болуп калыңар.

Сак -саламат жүрүңөр,

Уул үйлөп, кыз берип,

Дүйнө доорун сүрүңөр.

Бир бириңе жакшылар,

Жакшы-жаман әйтпәстән,

Ойноп-күлүп жүрүңөр.

Азыркы заман кең заман,

Бәәрибизгә тең заман.

Заманалар оңолуп,

Дастокондор жәйилип,

Ачылсын кабак-кашыңар.

Тил ырыскы-тиш дөөләт,

Тирилигиң зор дөөләт.

Мал ырыскы -баш дөөләт,

Барчылыгың зор дөөләт.

Кабактын көркү каш болот,

Жолдо жалгыз жүргөндүн

Жованганы4 нас болот.

Акылы жок тентектин,

Катыны бийлеп баш болот.

Тузуңду бергин түзүккө,

Ниети калыс үзүккө5.

Ишиң әсти6 калбасын

Ишенбегин бузукка.

Чабандестер бириксе,

Улактын7 чери жазылат.

Кыз-жубандар бириксе,

Ушактын чери жазылат.

Эңилип сәләм бербесе,

Келинге арман кылбаңар.

Колуңдан ишиң албаса,

Иниге арман кылбаңар.

Жол арбытып баспаса,

Жоргого арман кылбаңар.

Аттууга жөө жете албайт,

Дәрди8 күчтүү жата албайт.

Тууганыңды жаман деп,

Душманыңа качпагын.

Тууру болсо ниетиң,

Тулпар минип ойнойсуң.

Калыс болсо ниетиң,

Каалаганча ойнойсуң.

Калтыс болсо ниетиң,

Кыяматта тойбойсуң.

Эткелеңдүү койлорго,

Эгиз козу не пәйда?

Эри сүйбөс жубанга,

Упа-эндик не пәйда?

Сулуунун көркү гал менен,

Торгой сайрайт таң менен.

Булбулдун көөнү ачылат, оо,

Буралган терек, тал менен.

Оң колуңдун ачуусун

Сол колуң менен кармагын.

Теңтуштардын алдында

Адашпай тилим сайрагин.

Таң калышып карашкан

Балдар келди бул жерге.

Таягын алып элеңдеп,

Ак батамды берем деп,

Тоюна барып көрөм деп,

Чалдар келди бул жерге.

Көк чепкенин көйкөлтүп,

Кәмпирләр келди бул жерге.

Ак жибек кийсе жарашкан,

Сулуулар келди бул жерге.

Отурган әзиз туугандар,

Эртеден кечке ырдай берсем,

Нәәр9 да болбос сиздерге деген экен.

Түшүндүрмө.

Ичкилик диалектиндеги Ә тыбышын туура берүү үчүн а тамгасынын ордуна Ә тамгасы колдонулду. Казак тилиндеги Ә тамгасына же англис тилиндеги [æ] тыбышына окшош айтылат.

1гәбиңә - сөздүн уңгусу гәп, бул жерде - cөзүңө.

2пурчу - сөздүн уңгусу пурч, - бурчун.

3телик - теллик, ичмек, тердик.

4жованганы - сөздүн уңгусу жован, - кубанганы

5үзүккө - сөздүн уңгусу үзүк,- калыска, калыс адамга.

6 әсти - эч, түк, такыр

7улактын - сөздүн уңгусу улак, - көк бөрү

8дәрди - сөздүн уңгусу дәрт, - дәрти, арманы

9нәәр - тамак ("наар алуу" - бир аз тамактануу).

XS
SM
MD
LG