Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Атайдын "Адеми" же бийге баткан дүйнө


"Адем" тобунун бийчилери.
"Адем" тобунун бийчилери.

Кыргызстандык бийчилердин "Адем" тобу "Asia’s Got Talent" шоу сынагында финалга чыкты. Бийчилер үч этаптан турган эл аралык сынакка ушул жылдын август айынан бери катышып жатышат. 26-ноябрда жарым финалдын жыйынтыгы чыгып, кыргызстандыктар эми баш байге үчүн ат салышмай болду. Финал 7-декабрда өтүп, жыйынтыгы 14-декабрда жарыяланат.

Атай Өмүрзаков негиздеген "Адем" тобу өзгөчө бийлери менен буга чейин Европада, АКШда жана КМШнын бир катар өлкөлөрүндө жеңишке жеткен.

Малайзияда өтүп жаткан “Азия таланттарга бай” сынагында “Адем” тобу аткарган бийди калыстар тобу жана көрүүчүлөр кызуу колдоду.

Залда төрт жигит заманбап техникалык көркөм шөкөттөр менен өздөрүнүн өзгөчө өнөрүн тартуулап, көрүүчүлөрдү таңдандыра алды. Бул шоуга Азия өлкөлөрүнөн барган таланттар катышууда. Орто Азиядан Кыргызстандын "Адем" бий тобу гана барды.

Алгачкы турда эле өтө татаал, сырдуу кыймылдарды денесинде сөөгү жок кишидей жеңил аткарган “Адем” бий тобу эч тоскоолдуксуз жарым финалга өткөн. Топтун устаты Атай Өмүрзаков бул мүмкүнчүлүк балдарга сынактын андан аркы турларына катышууга ыңгайлуу шарт түзгөнүн кеп кылды:

Атай Өмүрзаков, 15-сентябрь, 2013-жыл.
Атай Өмүрзаков, 15-сентябрь, 2013-жыл.

- Балдар биринчи турда номерди мыкты аткарып, калыстар тобунун "алтын баскычына" ээ болду. Анын арты менен башка турларга катышпай автоматтык түрдө жарым финалга өттү. Ушундан улам мен алардын мындан аркы ийгилигинен үмүт кылып тургам. Анан калса онлайн добуш берүүгө кыргызстандыктар да катышып калганы сонун болду. Мекендештерибиз бизди кызуу колдоп беришти.

Өмүрзаков "Адем" тобунун эң башкы жетишкендиги катары алар сахнага алып чыккан ар бир чыгармасында ошол бийдин философиясын, тарыхын көрсөтө алышарын белгилейт.

Эл аралык сынактар аркылуу таанымал болгон бийчи Атай Өмүрзаков 27 жашта. Ушул тапта ал түзгөн "Тумар КР", "Адем" бий топтору өзгөчө бийлери менен эл аралык сынактарга катышып, ийгиликтерге жетишип келет. Башынан эле "Адем" тобунун бийчилери өздөрүнүн максаты Кыргызстанда жылдыз болуу эмес, дүйнөлүк сахнаны багындыруу экенин айтышкан.

Кыргызстанда учурда заманбап бий стилдерин өздөштүргөн бир нече топтор, ийримдер бар. Алардын ичинде элдик бийлер менен кошо хип-хоп маданияты, хип-хоп, брейк данс сыяктуу бир нече ыкмалар өнүгүп жатат. Бул тууралуу кеп козгогон эл аралык сынактардын лауреаты "We'll be" бий тобунун жетекчиси, хореограф Максат Токтоналиев "Адем" тобу тандаган стилине токтолду:

Бийчи Максат Токтоналиев. Жеке архивден.
Бийчи Максат Токтоналиев. Жеке архивден.

- Булар "Электро Буги" шоу көрсөтүп чыгып жүрүшөт. Биздин хореография башкача, "Адемдики" такыр башкача. Алардын стилин шоу багытында десек болот. Эки стилдин айырмасы асман менен жердей, бирок катмары бирдей эле. Балдар учурда финалга аракеттенип хореография да кошкону жатышат. Мен "Адем" тобунун мүчөсү Эрлан менен жакшы сүйлөшөм. Алар чынында азаматтар! Биз башынан эле бул топту колдоп келебиз. Бул сынакта интернеттен добуш берүү болгондо Кыргызстандагы бардык бийчилер маалыматты элге жеткирип, жапа тырмак колдоо көрсөттүк.

Максат өзүнүн бий тобу Кыргызстандагы башка бий топторундай эле каражаттын тартыштыгынан улам эл аралык сынактарга катыша албай каларын кыстарды.

2-декабрда "Адем" тобу сынактын финалына катышуу үчүн Малайзияга учат. Бий тобунун жана Атай Өмүрзаковдун менеджери Азамат Бозоев өнөрпоздор каржылык тартыштыктын айынан сынакка барбай турган болуп, бул маселе акыркы күндөрдө гана оң жагына чечилип калганын белгиледи:

"Добуш берүүгө бүткүл Азиядан 16 мамлекет катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен биз финалга өтүп калдык. Азыр биз финалга баратабыз".

- Бул конкурс жайында башталган. Жайында биздин төрт баладан турган топ кастингге барып келген. Ошол турда "алтын баскыч" алып жарым финалга түз катышууга жолдомо алганыбыз жакшы болду. Октябрда жарым финалга барып келгенбиз. Ал номерибиз эфирге ноябрда чыкты. Ар бир топто сегиз команда бар эле. Ошол сегиз команданын өнөрү интернеттен добуш берүүгө коюлган. Добуш берүүгө бүткүл Азиядан он алты мамлекет катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен биз финалга өтүп калдык. Азыр биз финалга баратабыз. Ал 7-декабрда болот.

Азамат сынакка 15 мамлекеттин өкүлдөрү катышып жатканын, эми финалга өткөн тогуз тайпа дагы да көрүүчүлөрдүн онлайн добушу менен тандалаарын айтты.

Жеңүүчүгө 100 миң доллар ыйгарылып, Сингапурдагы дүйнөлүк ири компаниялардын бири менен келишимдин негизинде иштешүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG