Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Атай европалыктарды таң калтырды


Бийчи Атай Өмүрзаков «Чехия - Словакияда таланттар бар» телесынагынын тандоосуна катышып, таймаштын кийинки кароосуна өттү.


16-октябрда чехтердин www.super.cz. интернет сайты «Биз таланттарды издейбиз. Дагы бир мыкты номер: өзгөчө беткапчан кыргызстандык жигит» деген макала басып, Атай Өмүрзаковдун Брно шаарында сынактын тандоосунда аткарган бийинин видео тасмасын тиркеди.


(тасма UTube интернет булагынан алынды, 17.10.2011)

«Өзгөчө улуттук костюм кийген бул жигит 11 миң километр алыстагы өлкөдөн келген. Таңкалыштуу беткабы бар Атай Өмүрзаков чыгыш элдеринин музыкасынын коштоосунда электробуги стилинде бийлегенде залдагы көрармандар ток жүргөндөй толкуду», деп сүрөттөлөт.

«Быйылкы сынакка бул стилде бийлегендер көп катышты. Анткен менен кыргызстандык Атайдын аткаруучулук жөндөмдүүлүгү башкалардан бир карыш өйдө тургандыгын калыстар белгиледи», деп Атайдын костюму, аткарган номеринин музыкасы менен хореографиясына куштар болгон көрармандар узакка кол чаап турганы баяндалат.

Чехия менен Словакия биргелешип уюштурган телесынак экинчи ирет өтүп жатат. Алгачкы жылы эки гана өлкөнүн жарандары катышкан таймашка быйыл чет элдиктер дагы чакырылган. Сынактын эл аралык өңүт алганын жактырбагандар «өзүбүздө таланттар жетиштүү» деп сындашкан. www.super.cz гезити «кыргызстандык Атайдын көрсөткөн өнөрү жергиликтүү таланттардан өтө жогору экендигин сынчыларга көзгө сайып көрсөткөн жооп болду" деп жазат.

Жекшембиде чехтердин «Прима» телеканалы сынактын алгачкы тандоо турун толугу менен көрсөттү. Эми тандоодон өткөндөр атайын топтордун ичинде иргелет. «Чехия - Словакияда таланттар бар» сынагы декабр айынын этегинде жеңүүчүнү аныктайт. 200 миң евро баш байге ээси өнөрүн көрсөтүүгө Лас-Вегас шаарына жолдомо дагы алат.

21 жаштагы Атай Өмүрзаков 2010-жылы Орусиядагы «Даңазанын ирмеми» телетаймашында финалга жетип экинчи орунду ээлеген. Ушул жылдын май айында Украинада «Менин өнөрүм» сынагына катышкан.
XS
SM
MD
LG