Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Элге арналган өмүр


Муса Баетов
Муса Баетов

Кыргыздын залкар таланты, булбул үндүү Муса Баетовдун 115 жылдыгы Бишкектеги Токтогулдун үй-музейинде 7-июнда белгиленди.

Ырчынын экинчи өмүрү

Муса Баетовдун ысымы бир кылымга жакын убактан бери жаңырып келаткан "Эсимде" ыры менен кошо айтылып келет.

"Эсимденин" текстин Жусуп Турусбеков жазган, обону Атай Огомбаевдики. Ушу тапта ал көптөгөн ырчылардын репертуарынан түшпөй, концерттерде аткарылып келет. Бирок бул чыгарманын кыргыз музыкасынын шедеврине айланышына Муса Баетовдун эмгеги тоодой экенин жаш муундар биле бербейт.

Ал эми Муса Баетовдун өзүнүн "Арпанын Ала-Тоосунан", "Окудуң борбор шаарынан", "Сагынам" сындуу обондорунун тагдыры да кыйла ийгиликтүү болду. Музыка дүйнөсүнө баш баккан таланттардын баарына эле туш келе бербеген мындай ийгилик Муса Баетовго табият берешендик менен ыроологон табигый жөндөм-шыктын, тынымсыз изденүүнүн, эмгекчилдиктин натыйжасында келгенин байкоо кыйын эмес.

Композитор Астар Тыналиев жана Муса Баетовдун кызы Ракыя Баетова.
Композитор Астар Тыналиев жана Муса Баетовдун кызы Ракыя Баетова.

Муса Баетовдун жашоо-турмушу ырга айланып, чыгармачылык өмүрү музыка түйшүгүндө өткөн. Улуу ырчынын кызы Ракыя Баетованын айтуусунда, анын убакты-саатынын кыйласы узак айларга созулган гастролдорго арналган.

- Атам көбүнчө командировкада жүрчү, анда-санда эле көрүшчүбүз. Көбүнчө эл кыдырчу, ошон үчүн эл аны баалайт го. Жөө-жалаңдап элдин маданиятын, духун көтөргөнгө көп иштерди жасап кетишти. Аз жашаса да атам элге көп кызмат кылыптыр.

Улуу таланттын өнөрүн уланткандар урпактарынын арасынан чыкпаганы менен, Ак-Талаа өрөөнүндө Муса Баетовдун чыгармаларын аткарып, бийик өнөрдүн учугун улап келаткандар да көп.

Аз нускада чыккан жалгыз китеп

Композитор Астар Тыналиев Муса Баетовдун чыгармаларын, ал тууралуу эскерүүлөрдү жыйнап ноталары менен өзүнчө китеп кылып чыгарган. Убагында музыка ышкыбоздоруна тартууланган таберик китеп аз нускада чыккан, ушу тапта аны издегендер көп. Астар Тыналиев музыкалык китептер арбын чыгышы керек дейт. Анткени ал кийинки муундун улуулар калтырган музыкалык мурасы менен таанышуусуна, көңүлүнө төп келген чыгармаларды тандап аткаруусуна шарт түзмөкчү.

- "Кыргызпатентке" барсам 50 миң сом бөлүп беришти. Ошого чыгардык, бирок аз чыгып калды. 25 обону, сүрөттөрү, эскермелер. Опера-балет театрында иштеген, ал жерде Асанкан Жумакматов, Сайра Кийизбаева, Владимир Власов, Кыдырбек Чодронов менен иштешкен. Китепке 22 киши менен интервьюларды киргиздим. Бул эми тарых үчүн да.

Кийинки кезде Кыргызстандын маданий турмушуна чоң из салып кеткен залкарларды эскерүү, алардын чыгармаларын жаңы муунга жайылтуу жаатында биртоп иштер жасалууда.

Муса Баетов 1902-жылы Ак-Талаа өрөөнүндөгү Байгөнчөк айылында төрөлгөн. 1916-жылкы Үркүндө эл менен кошо Кашкарга чейин барып, кийинки жылы жерине кайтып келгенден кийин ырчылык өнөрүн өркүндөтүп, 1930-жылдардан тарта кыргыз филармониясында, кийинчерээк опера жана балет театрында солист болуп иштеген. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышып, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Кыргыз ССРинин Эл артисти. Өкүнүчкө, улуу ырчынын өмүрү 47 жашында үзүлүп, алдына койгон чыгармачылык максаттарынын көбү аткарылбай калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG