Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 04:29

Көрүнүктүү сынчы Кеңешбек Асаналиев арабызда болсо, быйыл 90го толмок экен. Анын бүтпөй калган «Адабий айкаш» эскерме китеби жөнүндө он жыл мурун жазган ой толгоомду окурманга сунуш кылам.

Талант жана тагдыр

Эскерүүдөгү эң көп кайталанган сөздөрдүн бири – «тагдыр». "Тарыхый өнүгүүнүн жаңы баскычына өттүк" деп шерденген советтик коомдун тушунда кыргыздын жаш интеллигенциясы кандай карама-каршылыктуу, татаал кырдаалдарга туш келди? Оор сыноолордон ким кандай өттү? Өмүр жолундагы кыйчалыштарда кимдер чыйралып, кайратына келип, жетилди да, кимдер адашты, сынды?.. Ушундай суроолорго Кеңешбек Асаналиев өзүнүн жана замандаш катары жакындан билген атактуу адамдардын тагдырындагы бурулуштардын мисалында жооп берүүгө аракеттенген.

Ленинграддагы Орус адабияты институтунда аспирантураны аяктап жаткан кези. 1953-жыл.
Ленинграддагы Орус адабияты институтунда аспирантураны аяктап жаткан кези. 1953-жыл.

"Улуу акын Алыкул Осмоновдун таасиринде кала берет окшойм" деп, ыр жазуусун токтотуп, акыры илимге ооп кеткендиги сынчынын сөз өнөрүнө канчалык зор жоопкерчилик менен мамиле кылып өткөнүн, табиятынан талабы катуулугун көрсөтүп турат. "Эгер жаза берсе, чоң акын болмок" деп С. Жигитов айткан – көрсө Кеңешбек агайдын чыгармачыл дареметин кезинде У. Абдукаимов менен Я. Шиваза да байкаган экен.

Ошол он жыл илгери (1998-жылы) болгон маегибизде С. Жигитов совет доорунда адабий сын нукура кесипкөй вазийпадан четтеп, саясий, жаатчыл тирешүүлөрдүн майданына айланып кеткен учурлар көп болгонун белгилеген эле. Бул ачуу чындыкты «Адабий айкаштын» автору да моюндап, Т. Сыдыкбеков менен А. Токомбаевдин эрегишине, «Манас» эпосуна байланышкан окуяларды калыс баяндап берүүгө умтулган.

1952-жылдагы илимий конференцияда П. Балтиндин «библиялык» жүйөсүнө каршы Б. Юнусалиевдин сталиндик «акылман китептерди» пайдаланганын жана ушундай башка курч, опурталдуу жагдайларды канчалык таасын сүрөттөсө, кыргыз адабиятынын жана филологиясынын өнүгүшүнө ич ара жаатташуу, саясий, идеологиялык чектөөлөр орду толгус зыян келтиргенин ошончолук оор кайгыруу менен эскерген. Өзүнүн да ошондой сырткы күчтөрдүн таасиринен, эки анжылыктын, шектенүүнүн тушоосунан бошоно албай калган учурларын жашырган эмес.

Замандаштарынын ичинен Б. Юнусалиев, К. Юдахин, К. Маликов, Ө. Жакишев, С. Жигитов, К. Бобулов сыяктуу инсандарды агай кызыктуу эскерген.

Залкар сынчы, окумуштуу адабиятчы Кеңешбек Асаналиевдин өтөлгөлүү өмүр жолунда өкүттүү жагдайлар да болуптур. Сынчы айрыкча кээ бир чыгармаларга убагында жетиштүү даражада калыс баа бере албаганы үчүн көп өкүнгөн экен… Чыгармачыл тагдыр күткөн адамдын жашоосу сыдыргыга салгандай тегиз болбойт тура. Чындыкка тике карап, болгонду болгондой айта алган Асаналиевдей адамдар көбүрөөк болсо кана, атаганат! Тескерисинче, эскерүү жазган кыргыздар негизинен өздөрүн дээрлик дайым периште, ал эми каршылаштарын келесоо, акмак кылып көрсөтүүгө жанталашат эмеспи. Салижан агай көп айткан өксүк комплексинен качан кутулабыз?

Толубайдын көкүрөгүндөгү көзү

Кеңешбек агайдын соңку китеби болуп калган бул эскерүүсүн барактап отуруп кыргыз адабий сыны жөнүндө көп ойлондум. Илгертен кыргызда күлүктүн мыктысын, уул-кыздын болумдуусун жаңылбай тандай билген, табиятынан өзгөчө таланттуу адамдар (азыркыча айтканда, көз карандысыз эксперттер) болгон. Бирок калыс сөздү, ачуу чындыкты чыдап укканга, кабылдаганга ар кимдин эле кудурети жете бербейт тура. Муну Алыкул Осмонов поэма кылып жазган Толубай сынчынын окуясынан даана көрөбүз.

Кеңешбек Асаналиев замандаштары менен.
Кеңешбек Асаналиев замандаштары менен.

Хандын атканасындагы куйрук-жалын көккө сапырып, туяктары жерге тиер-тийбес болуп туйлаган күлүктөрдүн баарынан кедейдин жалгыз чобур аты артык экенин билүүгө кандай зор талант керек болсо, ак сөздү тартынбай айтууга ошончолук зор эрдик керек!

Толубай сынчы тулпарды кароосуз калып чобурга айланган абалында да жазбай тааныптыр. Акыйкаттан тайбагандыгы үчүн залим хандын каарына калып, көзүнөн айрылса да, көкүрөгүндөгү зирек туюмунан ажырабай, касиеттүү сынчылык өнөрүнө чыккынчылык кылбай, акыры улуу чындыкты кашкайта далилдегени үчүн элдин рухий дүйнөсүндө түбөлүк жашап калган тура, Толубай сынчы!

Кеңешбек агайдын тандаган тулпары кадимки Гүлсары (Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы) болду. К. Асаналиев Ленинграддан жаңы эле кандидаттыгын жактап келгенде келечектеги залкар жазуучунун эң алгачкы аңгемелеринен башкаларга окшобогон бөтөнчөлүктөрдү байкап, эл алдында айтып чыккан. Ырас, Айтматовдун кеңири таанылышына казактын улуу калемгери Мухтар Ауэзов менен француздардын дүйнөгө белгилүү жазуучусу Луи Арагон, талантынын гүлдөп ачылышына орустун Шостакович, Твардовскийдей чыгаан инсандардын таасир тийгизгени анык.

Бирок кыргыздын «адабий дөөлөрүнүн» эч кимиси дүйнөлүк мейкиндикте төбөсү көрүнө баштаган алп Айтматовго дегеле теңеле албастыгын кыйыр түрдө туюндуруп, анын ар бир жаңы чыгармасын залкардын өзүнө татыктуу деңгээлде талдап келген кыргыз сынчысы Асаналиев эле го! Ооба, агай Толубай сынчыдай көзүнөн айрылган жок. Бирок кыргыздын кендирин кесүүчү жаатчылдыктын, көрө албастыктын кесепетинен көп жылдар бою жумушка алынбай, куугунтукта жүргөнү чын…

Мактоо жана кордоодон – кесипкөй сынга карай

Эми Толубай сынчынын тулпарын кубалап жетпей калган күлүктөр жөнүндө эки ооз сөздү кыстара кетейин. Улам такымдап жете келерде ар бир аттын кемчилигине карай жолдун оорун тандайт, Толубай. Туягы жумшагы таштак жолдо ташыркайт. Маңдайы жукасы борошону беттей чапканда муңуп калат. Баарынан кызыгы, сынчы тандаган тулпардан эч калышпаган үчүнчү күлүктүн башка эч ким байкабаган олуттуу кемчилиги бар экен: ал мактоону көтөрө албай, аксап калат тура!

Мына ушул жерден атак-даңк, сыйлык, наам, расмий даража сыяктуу нерселердин таланттуу адамды шыктандырып сүрөөчү да, тескерисинче ала салдырып ийчү да опурталдуу касиети бар экенин көрөбүз.

Америкалык жазуучу Кен Кизи «Күкүктүн уясынан кайкып учуп» романын жазган соң атагы таш жарып, Батышта кеңири таанылат. Бирок ал күтүүсүздөн келген даңкын көтөрө албай, көөп кетет да, көп узабай автокырсыктан көз жумат. Биздин кыргыз жазуучу-акындардан "баланча даңкына мас болуп, омурткасын сындырып алган" деп уга элекмин. Бирок сый тамак үстүндө көп айтылуучу көтөрө чалган мактоолорду (комплименттерди) сергек баа менен чаташтырып, өзүнүн баарынан кыйын экендигине (же Айтматовдон кем калбастыгына, атүгүл озуп кеткендигине) ишенип, магдырап, өспөй кала бергендер абдан көп. Айрыкча май талкандуу кызматка туруп калган жазуучуларды кошаматчылар дайыма жардан ашыра түртүп келген.

Кеңешбек Асаналиев.
Кеңешбек Асаналиев.

Айтматовго жетеби, жете албай калабы – ар кимдин ордун мезгил өзү аныктайт. Бирок ар бир чыгармачыл инсан өз дареметин мүмкүн болушунча толук ачууга милдеттүү. Кудай берген талантын утурумдук уу-дууга, чаң-тозоңго көмбөй, көр оокатка тебеленип калбай, адалдыгы шектүү пайдага азгырылбай, куру дымакка жеңдирбей чеберчиликтин улам жаңы бийиктигине умтулуп жашаган, көркөм чындык үчүн тынымсыз күрөшкөн сүрөткер гана өмүрүнүн соңунда өкүнбөйт.

Санчы сынчы, Толубай сынчылардын өрнөгү, Токтогул ырчынын санаты, Калыгул менен Арстанбектин кара кылды как жарган калыстыгы унутулуп бараткандай. Кыргыз кыргызды кырган «баатыры» көп шор замандан (XVIII-XIX-кылымдардан) бери ак-караны айра таанууга, көркөм табитти тарбиялап жетилтүүгө тийиш болгон сынчылык өнөр басмырланып, саясий, идеологиялык, жаатчылдык ж. б. кысымдар күчөп, мактоо жана кордоо деген эки гана жанрдын гүлдөп өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүлүп келген окшойт. Бирок чыныгы талант бороон-чапкында муңуп калбай, таштакта ташыркабай, мактоого манчыркабай, кордоого басынбай, акыры жеңип чыгат экен. Сөздүн куну кетип, көркөм нарк бааланбай калган азыркы кымгуут доордо залкар сынчы Кеңешбек Асаналиевден калган таберик эмгектердин баркына жетип, сынчылык өнөрүн жаңы бийиктикке көтөрүүдө колдонушубуз керек.

Жолдош Турдубаев, адабиятчы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG