Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 18:51

Кадыр-барк наркы жана түзүмү


Жолдош Турдубаев, публицист

"Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына доо кетирди" деп айыпталган бир катар журналисттер, коомдук ишмерлер миллиондорду чапчыган доого жыгылышты. Бийликтин аброюн акчалай баалоо мүмкүнбү? Анын маңызы жана ички түзүмү кандай? Маалымат таратуу мүмкүнчүлүгү чектелип, чындык (же күдүк) жагдайлар жаап-жашырыла берсе, айга-күнгө теңей мактаган кошоматчылар акыры өздөрүнө өтө ишенип алган ажо менен кожолорду жардан ашыра түртпөйбү?

Аптарыйкат курамы

Адегенде баарыбызга тааныш, эң көп айтылып, эң катуу таасир этип жүргөн «авторитет» түшүнүгүн түзүмдүк (структуралык) бөлүктөргө ажырата талдап көрөлү. Жакшылап баамдасак, ар кандай кадыр-барк дээрлик дайыма коркуу (сүрдөө) жана жакшы көрүү (жактыруу, колдоо) сезимдерин ойготорун көрөбүз.

Даанараак элестетиш үчүн муну формула түрүнө келтирели:

А = К + Ж

Бийликтин «Аброю» да Коркуу менен Жактырууга негизделет. Эгер бийлик башындагы адам кара кылды как жарган калыс, чындык менен ага окшотулган жалганды айырмалай билген кыраакы жан болсо, элдин көпчүлүгү аны жакшы көрөт. Анткени ал бардык баскычтардагы башкарууга эң татыктуу – таза, намыстуу, билимдүү, акылдуу жетекчилерди тандап дайындайт. Соттордун да эң абийирдүү, таза, калыс иштегендерин иргеп алат. Партиясына, ким экендигине карабай, мамлекеттик бардык мекемелерди паракорлордон, жеп-ичкендерден тазалайт. Мамлекеттик бюджеттин ар бир сому каяктан келип, эмнеге сарпталып жатканын алаканга салгандай элге көрсөтүп, мыйзам бузган бир дагы жосун жазасыз калбастыгын дайыма далилдеп турат…

Ачык-айкындыкты камсыз кылыш үчүн сөз эркиндигине кам көрөт.

Бирок кээде катуу сыйлаган адамыбызга чаң жугузбай, кемчилигин айткандарды жектеп калышыбыз ыктымал. Эгер башчыбызды ашыкча жакшы көрсөк, анын айрым кемчиликтерине, каталарына көз жуумп коё берсек, ал «мен эмне кылсам да, эмне айтсам да, элге баары жагат экен» деп өзүн эч жаңылбас гений ойлоп, сындагандарды эле эмес, атүгүл башкачараак пикир айтып койгондорду да душман санай баштайт. Ошентип, акыры өз омурткасын омкоро турган кадамдарга барат.

Эгер бийлик иш билги болбосо, эл мыйзам бузуудан, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген иш-аракеттерди жасоодон эмес, кааласа актап-кечирип, кааласа аёосуз жазалап коё берген бийликтин карандай эмоциялуу мамилесинен – күтүүсүз «мээри» менен каарынан коркот. Мындай коркуу акылды нес кылат, эч ойлонбой эле бийликтин ар бир кадамын, айткан сөзүн мактай бергенге көндүрөт.

Кошоматчылардын күнү тууйт.

Мындайда кадыр-барк түзүмүндөгү Ж бөлүгү чын ыкластуу эмес, арамза «жактыруу» болуп калат да, кошаматчылар "сизди элдин баары укмуштай жакшы көрөт, айрым бир көрө албастар гана сындайт" деп бийлик башындагы адамды ишендире баштайт.

Сатып алган сатып кетет

«Адегенде сен аптарыйкат үчүн иштейсиң, анан аптарыйкат сен үчүн иштей баштайт», - деген карөзгөй сөз 90-жылдарда көп айтылчу. "Элдин ишенимине киргенге чейин бийликти катыра сындап, мыйзамдуулукту жактап, соопчулук иштерди кыл, кийин бийликке жетип алып билгениңди кыла бересиң" деген «принцип» биздин популист саясатчылардын көңүлүндө болгону талашсыз.

Кийинчерээк «саясий капитал» деген сөз айкашы кеңири колдонулуп кетти. Чындыгында саясатчылар элге, коомчулукка таанылып, кайсы бир кызматка же депутаттык мандатка колу жеткенче кыйла көп күч-аракет, акча жумшайт. Дал ушул каражат жагы даярдыктын калган түрлөрүнөн басымдуулук кылып, акчаны көп кошкондор рухий, интеллектуалдык, кесипкөйлүк жактан эч татыксыз болсо да парламентке өтүп, аткаруу бийлигинен кызмат ордун ээлеп жатат.

Ырас, утурумдук арзан абройду сатып алуу мүмкүнчүлүгү – шайлоо убагында добуштарды соодалоо өнөкөтү дале сакталууда… Бирок шайлоо тизмесине биринчи кезекте капчыгы калыңдыгына карай киргизген жосундун арты жаман болорун айрым партлидерлер эми түшүнө баштады окшойт.

Кантип камсыздандырабыз?

Албетте, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көпчүлүгү колдогон президентти баарыбыз урматташыбыз зарыл. Акааратка, жалаа жабууга жол берилбеши керек.

Бирок чын ыкластуу сый башка да, быкшыган кошомат башка. Сын-пикир айткандарды жектегендер акыры Андерсендин кыйытма жомогундагыдай падышаны дырдай жылаңач кылышы мүмкүн.

Менимче, сындагандарды миллиондук айыптар менен жаагын жап кылуу аракетинин акыбети жакшы болбойт. Ырас, карандай жалаа жапкандарды жазалаш керек, бирок буга байланыштуу салынган айып "киши өлтүргөн кылмышкерден төлөтүлсүн" деп сот аныктап келген суммалардан ашып кеткени акылга сыйбайт. Бул жол менен бийликке сын айтуу укугун убактылуу гана чектөө мүмкүн: миллиондук доодон корккон журналисттер кайсы бир убакытка унчукпай калышы, арзыматчылык баары-жокто үстөмдүк кылышы ыктымал. Бирок бул убакыт ичинде коомдук пикир угуза айтылбай, анын «бийик даражалуу кулакка» жагымдуу бөлүгү гана жаңыра берип, а чыныгы жагдай опурталдуу, кайра кайткыс жагына ооп кетиши толук ыктымал.

Бийлик «жалпы элдик сүйүү» жөнүндө сайраган «одаларды» мемиреп уга берип, элден алыстап кеткенин сезбей калат. Жөкөрлөрү ага маалыматты иргеп, чыныгы жагдайды чагылдырганын эмес, калп да болсо кулакка жагымдуусун жеткирип турат.

Кошоматчыларга ашыкча ишенип алган адам чындыкты айткан адамдарды өз чөйрөсүнөн четтете берип, акыры реалдуу турмуштан оолактайт да, баягы Андерсендин «Жылаңач королундагы» алдамчыларга өзү жардамчы болуп калат.

Эгер бийлик утурумдук утушту эмес, алысын ойлосо, сөз эркиндигине кам көрүшү керек. "Сындаган макалалардагы фактылар чындыкка туура келбейт" деп (эгер чын эле ушундай болсо) элди ынандыруунун эң алгылыктуу жолу – Сөзгө Иш менен жооп берүү. Күдүк ойлорду жок кылып, шек санаткыдай имиш кептерди төгүндөш үчүн тийиштүү документтерди жарыялап, журналисттерди объектилерге алып барып көрсөтүп, каралаган автордун калпын чыгарса, беркинин кесиптик кадыр-баркы «өлөт», анын эмне жазып, эмне сызганына эч ким көңүл бурбай калат.

Жолдош Турдубаев, публицист

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG