Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:48

2010-жылы жаз аягында Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү «Форум» имаратынын короосуна чогулган элдин алдында Манастын антын бергени эстен кетпейт. Ошондо: «Урсун!!!» - деп акыркы сөздү жапырт кайталап турушкан.

Ант берүүнүн мааниси кандай?

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи 24-ноябрда өтөрүн билебиз. Бул жөрөлгө мамлекет башчынын татыктуу иштеп кетишине канчалык таасир этет? Антты ал курулай формалдуулук катары эле санап, иш жүзүндө такыр башка, купуя «эрежелерди» тутунуп калбайбы? А биз, калайык, жалпы эл-журт, мамлекеттин жарандары, буга кандай карайбыз?

Сөз башында буларды тактай кетейин: Теңир (Кудай, Жараткан, Абсолют ж.б.) дегенде мен табияттагы айныгыс мыйзам ченемдүүлүктөрдү эске алам. Ким кайсы аталышты жактырса өзү билет. Эң башкысы, аны өзүнүн пас жосундарын актоо, жаап-жашыруу үчүн чүмбөт же калайыктын башын айлантуу үчүн алдамчылык каражаты катары пайдаланууга далбаса кылбаса эле болгону.

Ичкери багытталган каргыш

«…Төшү түктүү Жер урсун,
Төбөсү бийик Көк урсун,
Көкө Теӊир өзү урсун!»​
​(Манастын антынан)

2010-жылы жаз аягында Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү «Форум» имаратынын короосуна чогулган элдин алдында Манастын антын бергени эстен кетпейт. Ошондо: «Урсун!!!» - деп акыркы сөздү жапырт кайталап турушкан.

Бийлик башындагы сапары карып бараткан Алмазбек Атамбаев жакында эле күтүүсүздөн ушул саптарды кайталады. Бул үчүн аны кээ бирөөлөр «кетип жатып каргышты оозанбай эле койбойбу» деп жектеди. «Жок, бул каргыш эмес, Манастын анты», - деп тактады айрымдар. 1990-жылдардын башында мамлекеттин кызыкчылыгын такыр ойлобой, жеп-ичишти гана ойлогон мансапкорлорго сөзү өтпөй калганда: «Силерди Манастын арбагы урат!» - деп биринчи Президент Аскар Акаевдин буркан-шаркан түшкөндүгүн эстегендер да болду.

Шашпай акыл калчасак, бул темада талашкандардын ар бириники өзүнчө жөндүү. Биринчиден, журт башынын эл алдында айткан соңку сөздөрү жагымдуу болушун ким эле каалабасын? Экинчиден, каргыш менен анттын айырмасы, албетте, бар. Үчүнчүдөн, анттын өзөгүндө баары бир башкача мүнөздөгү каргыш турат эмеспи – бул ант берген кишинин болочоктогу кадамдары үчүн жоопкерчилигин алдын ала жарыялашы же кылган-кылбагандыгы тактала элек кандайдыр бир жаман жосунга тиешеси жоктугун айтып каргануусу.

Демек, ант – бул аны берген адамдын өзүнө багытталган шарттуу каргыш. Эл алдында, Теңир алдында берген убадасына турбаса, тагдырдын оор жазасына кайыл экендигин жарыя эскерткени.

Демек, калайыктын кыжырын кайнаткан окуялар, жагдайлар (2010-жылдагы апрель, июнь окуялары, Дача-Судагы каргаша, Батукаевдин сый-урмат менен учак мингизе узатылышы, Кумтөргө, мөңгүлөргө байланышкан опурталдуу жагдай, мамлекеттик карыздын көбөйүп баратышы, тышкы саясаттагы алешемдиктер, сот реформасынын ишке ашпай жатышы ж.б.у.с.) үчүн күнөөлүүлөр жазык жоопкерчилигине тартылбай калса, аларды кудай жазаласын деген маани Ант берген журт башынын да, антты кабыл алган калайыктын (же эл депутаттарынын) да көңүлүндө турушу керек. Бирок…

Бирок кудайга баарын эле коё беришке болобу? Кечээ чалынып жыгылып, анан жолубуздагы ташты четке алып койбостон, бүгүн дагы мүдүрүлбөйүн деп кудайдан тилегенибиз акмакчылык эмеспи? Тактап айтканда, шайлоодо талапкердин (-лердин) инсандык, жарандык сапатына, иш билгилигине эмес, тараткан акчасына же жердештигине, уруулаштыгына карай добуш берсек, эми ага "ынсап бер" деп кантип кудайдан сурайбыз? "Билгениңди кыла бер" деп (ачык айтылбаса да арам соодага катышкандардын көңүлүндө турчу шарт ушундай эмеспи?) добушубузду сатып ийгенден кийин, шайлаган «азаматыбыз (-тарыбыз)» чалмакейди чалса, нааразыланышка, наалат айтышка акыбыз болобу? Ошол наалатка өзүбүз да шериктеш болуп каларыбызды ойлош керек эле...

Төбөсү бийик көк, төшү түктүү жер кантип урат?

Мен кудайдан үч нерсени тилейм: өзгөртүү мүмкүн болгон нерселерди өзгөртүш үчүн кайрат бер, өзгөртүү мүмкүн болбогон нерселерди чыдап көтөрүш үчүн сабыр бер, бул экөөнү айырмалай билиш үчүн курч акыл бер. (Рейнгольд Нибур)

«Каргыштын эки учу бар», - делет эзелки элдик макалда. Эгер каргаган пенде чындап күйгөн болсо, каргалган пенде чын эле кыянат кылган (уурулук, бузукулук, арамдык, чыккынчылык кылган, киши өлтүргөн ж.б.) болсо, сөздүн логикасы боюнча каргышка калган адам эртеби-кечпи жамандык көрбөй калбашы керек. Тескерисинче, эгер каргалган пенденин эч күнөөсү жок болсо, каргышта айтылган жаман тилек каргаган пенденин өз башына жетиши ыктымал…

«Мен эч кимге добушумду андай шарт менен саткан эмесмин! Баланчаев (-дер, б.а. талапкер же партия) абдан жакшы убадаларды берген, элге кызмат кылам деген! Айткан сөзүнө турбаса, кесири өзүнө тийсин!» - дээрсиз. Ылайым ошондой эле болсун. Бирок талапкердин сөздөрү буга чейинки иштери, инсандык сапаты (кайраты, намысы, сергек акылы, кыраакылыгы, чечкиндүүлүгү) менен бекемделген беле? Же калпты катырып жатканын сезип-туюп (же дегеле сөзгө кулак салбай, маани бербей), атүгүл анык биле туруп эле добушуңузду саттыңыз беле?

Эгер СӨЗгө, аны бекемдей турган ИШке көңүл бурбай, маани бербей, СӨЗдүн куну болгудай ЖООПКЕРЧИЛИКти ойлобой, арам-адалына карабай алган акчаңызга кудуңдап калган болсоңуз, анда саясий шылуундук үчүн сиз да күнөөлүсүз. Акыйкатта, эл тагдырына, өлкө келечегине тикелей таасир эте турган чечимди кабыл алууда ар бир адам сергектигин мокотуп албаш үчүн алагды кыла турган акчаны шайлоого такыр аралаштырбаш керек эле…

Элдин үмүтүн актабагандарга багышталган каргыштын бир учу алардын ким экендигин, кандай экендигин билип туруп шайлаган, жактаган көпчүлүккө да тийиши мүмкүн. Жаман айтпай жакшы жок: социалдык апаат (мисалы, коомду жарандык жиктешүүгө, мамлекетти опуртал абалга тушуктурган төңкөрүш, башка өлкөлөр менен касташып тирешүү), табигый кырсык (зилзала, жер көчкү ж.б.), техногендик алаамат (авариялар, экологиялык кырсык ж.б.у.с.) болбосун, баарынан да жаманы – мамлекет катары өз алдынчалыктан (эгемендиктен) биротоло кол жууп калбайлы деп Теңирден тилегенибиз, Кудайдан жалбара суранганыбыз жакшы. Бирок тилек дагы эки жактуу келет: Жараткандан тилеген жакшылыкка өзүң да татыктуу болууга умтулбай, мителик мүдөөдөн арылбасаң, тилегиң кантип кабыл болсун?..

Жараткандын амири жана пендесинин эрки

Ким күн сайын жан аябай салгылашса, күрөшсө,

Бакыт менен эркиндикке ошол гана татыктуу. (И.В.Гете.)

Эми кантебиз?

Теңир бизге ойлонуп, акыл менен иш кылсын деп баш (мээ) берген. Жамандыкты сезип-туюп сактансын, изгиликке дайым умтулсун, жакшылык үчүн кайраттанып, чечкиндүү күрөшүүгө даяр турсун деп жүрөк берген. Өз тагдыры үчүн бул жарыкта өзү жооптуу болсун, жакшы жашоо үчүн эмгектенсин, мителерге жемин жедирбеш үчүн күрөшсүн, бузукулукка иштиктүү каршы тура билсин деп колго кубат, белге күч берген.

«Алы жетпеген акыретчил». Акылыбыз бар, аны өстүрүп, сергек ойлонолу. Күчүбүз бар, аны бириктирип, бүлгүнчүл, опурталдуу кадамдарга эмес, ырааттуу, ар тараптан ойлонуштурулган, алыска мелженген иштерге жумшайлы. Жүрөгүбүз бар, андагы чыныгы намысыбызды ойготолу (сокур намыска жетеленбейли).

Жогоруда добуш саткандарды ардантыш үчүн айрым жагдайларды атайылап күчөтүп айттым. Чындыгында талапкер өзүнүн иш-аракети үчүн өзү жооптуу, бирок анын тескери жосундарга барып жүргөндүгүн, мындан ары да барышы толук ыктымал экенин, же эч бир оркойгон күнөөсү болбосо да, жакшы ишке деле даремети жетпестигин биле туруп добуш бергендер анын шайланып калышы үчүн жооптуу. Демек, жактагандар шайланган саясатчынын алдыдагы мыйзамсыз иштери, тагдыр чечээр учурлардагы мококтугу үчүн да кайсы бир деңгээлде адептик, ыймандык жоопкерчиликти чогуу көтөрүүгө тийиш экендиги анык.

Бирок бул эми эч нерсени өзгөртө албайбыз дегенди билдирбейт.

Биринчиден, "чайга чакырса, барбай койсом кесир болоор" деп оюна эч бир башка жамандыкты албаган далай момундар да шайлоодо добуш беришкен.

Экинчиден, жакын туугандарынын, досторунун же тааныштарынын үгүтүнө ишенип добуш берген, чындыгында таратылган (же тараттым деп үгүтчүлөр жеп койгон) акчага деле кызыкпаган замандаштар да көп. Эгер шайланбай калган талапкер берген акчасын колко кылгыдай болсо кайра төлөп салууга деле даяр турушу мүмкүн булар.

Үчүнчүдөн, шайлоодо чачылган акча – элдин акысы, анткени мамлекеттик бюджеттен уурдалган, ошондуктан ыңгайлуу учурда колго тийгенин аз болсо да алып, бирок шайлоодо өзүм каалаган талапкерге добуш берем деп чечкендер да аз эмес.

Демек, такыр эле акыретчил болбой, бийлик башындагылардан таза иштөөнү катуу талап кылганга, өзүбүз да тазаланууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Буга чейинкиси болору болду, боёосу канды. Эми кеп эми мындан ары кандай жашайбыз – маселе ушунда.

Сөз, айрыкча жалпы журттун үмүт-тилегине байланышкан СӨЗ, ыйык АНТ ооз жели эмес, ал материалдык күчкө эгедер экендигин көңүлдөн чыгарбай, ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ ЭРКИНДИКке умтулалы.

Жолдош Турдубаев, публицист

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG