Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

Апта болбосо айына бир аты чыгып калган эркектердин бирөө адамды айраң калтырчу билдирүү жасайт, аны угуп, аялдардын баары ызы-чуу түшөт.

"Ой, бул туура эмес деп, биз тууралуу минтип айтканы акмакчылык" деп жазышат, тилдешет. Айрым эркектер кыз-келиндердин бул ызасына деле көңүл бурбайт, “кезектеги ызы-чуунун бири" катары карашат. Айрымдары келекелеп, жараны ого бетер ырбатат. Баарынан кызыгы, алардын пикирин айрым аялдар кубаттаганы.

Аялдардын укугу тууралуу сүйлөдүң дегиче “Сен күйөө кандай болорун билбейсиң, урушчааксың, кыйкымчылсың, ушундайыңан ажырашкансың да" деген сөздөрдү угасың.

Эртерээк күйөөгө чыгып, уурутуп-чуурутуп бала төрөбөсөң бул өлкөдөгү кайсы эркекке керексиң? Өрүлгөн узун чачың, этегиңе эрмешкен балдарың болбосо сен кимсиң? Жакшы билимиңди ырастачу магистр даражаң, алдыга сүрөгөн дымагың, көптөргө жакпас позицияңдын кимге кереги бар? Менин бир жакшы таанышым тамаша-чынга салып "акыл-эстүү кыргыздын бирөө да сага үйлөнбөйт" деп айтты.

Диниятчылар көп аял алууну кайра козгошту

Ушул күндөрү көп аял алуу маселеси социалдык тармактарда кайрадан кызуу талкууга түштү.

Ал эми чала тааныш бирөө мендей аңкылдаган феминистканы буга чейин кезиктирбегенин, менин ким экенимди аныктоо үчүн башкача бир ат табуу керектигин айтты. Ошондон кийин өзүмдү барган жердин баарын жарып ийчү жалаңкычтай эле сезип калдым, менин айыман адамдар боо түшүп кырылып калчудай корко баштадым, мунун баары соцтармактарга аял деле өзү каалаган нерсени жасоого акылуу, күйөөгө тийип, бала төрөп үйдө отурабы же башка бир маанилүү маселелерге башын оорутуп, көпчүлүктүн көз алдындагы таанымал ишмер болобу – аны өзү гана чечиши керек деп жазгандарымдан улам чыгууда.

Мына бир адам маалымдоо каражаттарына чыгып, күйөөсүн укпаган аялды уруу керектигин айтты, ал тамашалап айттыбы же чын эле ошондойбу, анысын өзү гана билер, бирок биз аны талкуулап жатып калдык. Аныбызды көрүп тиги: “Койгулачы, байболгурлар, тамашаны да түшүнбөйсүңөрбү” деп койду. "21-кылымда да ушундай тамаша болобу?" деп биз отурабыз. Таш доор болсо бир жөн, үңкүрдө калган күйөөлөрүбүз үчүн оттук таш алып, балдардын курсагын тойгузуш үчүн мамонтторду жыгышка чогуу чыкмакпыз. Мына дагы бир киши ошондой эле маегинде "Феминизм дегенибиз терроризмдин эле өзү, аял деген биринчи иретте 30 жашка чыкканча күйөө тийип, татынакай балдарды төрөшү керек" деп айтты.

Мынча болду кокус кайсы бир аял рактан айыгуунун жолун тапса, бирок анын күйөөсү жок болсо ачылышынын баасы кокон тыйынга да арзыбай калабы? Анткени ал бала эмизип, энелик бакытты сезбей калдыбы? Демек, ал чыныгы аял эмес, ак жоолук түспөлдөгү бир сөлөкөт, илимге баш-оту менен кирип кеткен, эч ким аны аялдыкка албай койгон бир бечарабы?

Өздөрүнөн кетип калган оосар кеби үчүн кечирим сураштын ордуна алар кайра аялдарды айыптап, “катын калп айтпайт, каңырыш угат” деп, бир сөз айтса минтип миң сөз кылып ажылдап беттен алышат.

Кыргыз коомундагы эркектер - кесиптешиң, тууганың, досуң, ойношуң баары ушундай пикирде. Аялдын орду очоктун боюнда, кызартып кызды, агартып уулду төрөп үйдө, үйүнө мейман келсе дасторконун кенен жайган үй кожейкеси болушу керек дешет.

Кимдир бирөөлөр аялынын кызматы же билим алышы үчүн аны ээрчип башка жерге, чоочун өлкөгө барууга макулбу? Болбосо эркектик намысын басып, аялынын кызматтан көтөрүлүшүнө, белгилүү адам болушуна, ийгилигинин артышына кош колдоп колдоо көрсөткөндөр барбы? Андайлардын аябай эле аздыгынан биздеги акылдуу, ийгиликтүү келин-кыздардын көбү бойдок. Бар-жогу келишкен кайсы кыргыз эненин курсагында жаткан кезинен, эненин сүтүнөн келген бекем орун-очок алып калган түшүнүктөн өйдө көтөрүлүп, өзүн көнүмүштүн тор желесинен толук кутултуу аракетин жасап атыптыр?

Кайсы кыргыз алган жары тартынбай өз пикирин жалпыга жарыя кылганына нааразы болбой, кайра аны колдоп, катып калган эрежелерге каршы чыккан жарына жөлөк боло алат? Андай эркектин алган жарынын жасагандарын жактырышын жакындары – достору менен кесиптештери, туугандары сындап, келекелеп, келинчегинин жетегинен чыга албаган бир бечара деп четке чыгарып коюшат.

Талаш кызып жатканда кыргыз жигиттеринин көбү жогорто айтылганды колдоп, бирок үн чыгарбай, олуттуу түр менен карап турушту. Аларга жаккан сөз айтылды: “Өй ата, эркек экен ыя! Айтып койду эй!”

Соцжеледе жайылган пикирлерге үн кошуп: “Ой, ушинтип да айтабы, аял деле адам, мына мен кыздарымды ээн-эркин эле тарбиялап атам, аларга кой-ай деген киши жок” деп жазгандар деле болду. А бирок көпчүлүккө дайын бир нерсе бар, ошол мыкты делген эркектердин аялдарга мамилеси (алардын бир даары ажырашып кеткен, күйөөлөрүнүн “ала жипти” аттаганын бардык эле аял көтөрө албайт) кандайлыгын, ичкиликке тоюп алып кызыганда алардын кесиптеш кыз-келиндерге, жалпы эле ак жоолукчандарга карата пикири кандай экенин биз жакшы билебиз, тек бул жердеги самандай сапырылган сөз дайрасында оосар кептердин көбөйүшүн каалабагандыктан аны айтпай эле туралы.

Аял урганды адат кылган күйөө көп...

Укук коргоочулар үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөш күчөгөнү менен аялдардын запкы көрүүсү, өлүмү азайбаганын белгилешүүдө.

Мен билген эркектердин баары, арасындагы эң мыктыларынын, жакшынакай аталардын, табармандардын, чет өлкөлөргө байма-бай каттачу азаматтардын баарынын көңүл тереңинде, айланып аткан канында тымпыйып "кыргызбайчылык" жашайт, бирөөнө жаман көрүнбөгөн жакшы сапат. Анын алдында биз баарыбыз, кыргыз кыз-келиндери башыбызды ийебиз, себеп дегенде, биз деле ушул коомдун туундусубуз, бизге күйөө керек, балдарыбыздын атасы, табарман, бизге арка-бел болчу таянычыбыз болушун каалайбыз. Өзүбүздү күч менен тыйып, ичте кайнаган дем-дымакты басып, үмүт-тилекти өчүрүп, көкүрөктү көтөрбөй, күйөөбүздүн айтканы айткан, дегени деген, ошол өссүн, ошол чыксын деп, аны алдыга сүрөйбүз. Андан башка айлабыз деле жок. Мунун баары жөнөкөй чечилет: “Тынч, ынтымакта жашоо үчүн сен деминди басып, мен айтканга макул болушуң керек же сендей дымактуу катындын мага кереги жок, жолуң ачык”.

“Феминизм” деген сөз биздин эркектерге “гомосексуализмден” да жаман угулат. Аны эшиткенде биздин эркектердин буту тушалып, эч нерсеге алы келбей калат, эркектик кубаты качып, коркунуч келип калгандай чочулашат, аялдар жабыла келип алардын үйдүн төрүндөгү орду менен жумуштагы башчылыгын тартып алчудай коркушабы? Аялдар алардан көп акча таап, эркектерге жогортон карап калабы деп чочулашабы? Алар аял чоңдорго тердеп-кургап отчет жазып, алардын айткандарын айласыз аткарууга мажбур болушабы, аялдын алдына тизе бүгөбү? Аңкылдаган бир шымчан аял келип алардын “эркек” деген атын тартып алабы? Силерди капа кылсам да айтайын, айланаңарга абайлап көз салгылачы, биз качан эле оттукту тутандырганды өзүбүз үйрөнүп, мамонтторго өзүбүз эле аңчылык кылып, машине айдай алабыз, бакыйган бөлүмдөрдү башкарып отурабыз, өз алдынча ойлоно да алат экенбиз, алдыга койгон максатка биз деле жете алат экенбиз. 21-кылымда аялдын орду очоктун бою менен төрөтканада деп ойлоштун өзү уят иш.

Эгер аял эркектин уругу менде деп, үй ээси жатчу жылуу орундан кууп түшкүсү келсе аны мурда эле жасамак. Биз силерден согуш, бийлик жана да үстөмдүк деген нерсени талашпайбыз. Биздин бир каалообуз, бизге кантип жашоону, канча бала төрөөнү өзүбүзгө эле койсоңор, этегибизди ачып, биздин ич кийимибизге чейин кийлигишкенди тыйсаңар; анан биздин коомдон орун алышыбыз үчүн, кайсы жерге кандай отурушубуз керектигин, ал үчүн эмнелерди жасашыбызды айтып акыл үйрөтпөсөңөр; алдыга койгон ой-тилектерибизди жүзөгө ашырыш үчүн жолтоо болбой, өсүшүбүзгө каршы чыкпасаңар; пландарыбызды айтсак шылдыңдабасаңар; ой эркиндиги менен жүрүш-турушубузга кийлигишпесеңер, тыюу салбасаңар. Аягында дагы бир сөз, “сен кимге керек элең?” дегенди токтосоңор, коом сунуш кылган шаблондор менен жашагыбыз келбесе же андай жашоону каалабасак, жок дегенде силерден “чыныгы аял” деген колдоого жетишсек ошол бизге чоң огожо.

Кыргыз тилине которгон: Бекташ Шамшиев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG