Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

Кыргызстанда 7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнү. Бул күнгө байланыштуу публицист жана адабиятчы Жолдош Турдубаев Кыргызстандагы сөз эркиндигине жана журналисттик жоопкерчиликке токтолгон.

Жаалданып айткан чындык же "Абыке-Көбөшчүлөргө" кулак кагыш

Улуттук басма сөз күнү быйыл жүз жылдыгы белгиленип жаткан Улуу Октябрь социалисттик революциясына (7-ноябрга, эскиче – 25-октябрга) туш келгендиги кокусунан эмес. Анткени тунгуч гезитибиз «Эркин Тоонун» биринчи санын 1924-жылы Касым Тыныстанов баш болгон жазуучу, акындар дал ушул күнгө тууралап чыгарышкан. Гезиттин ошол санында «Өктөбүрдүн келген кези» аттуу ыры жарыяланган Аалы Токомбаев да ушул тарыхый окуяга таазимин билдирип, туулган күнүм деп өздүк документине 7-ноябрды жаздырган («Менин метрикам» ырын караңыз).

Социалисттик коомдун күүгүмүнөн бир элес

Адамзат тарыхынын өнүгүү баскычтары деп алгачкы жамааттык түзүм, кул ээлөөчүлүк, феодалдык, капиталисттик жана коммунизмдин биринчи баскычы катары социалисттик түзүмдөр айтылып келгенин советтик мектепте же ЖОЖдо окуп калгандар жакшы билет. Пионер кезимде социализмдин бүткүл дүйнөдө жеңип чыгарына катуу ишенип жүрүп, кийин комсомолго өткөн курактан баштап көптөгөн суроолорума жооп таба албай абдан кыжаалат болгонум эсимде. 1970-1980-жылдарда парасыз же тааныш-билишсиз эч иш бүтпөй, соттор биздин тоолуу райондо эле бир нече киши өлтүрүү кылмышын жаап-жашырып салганда, совет бийлигинин адилеттигине шек санай баштаганмын.

Россиядан окуйм деп орус тилин үйрөнүш үчүн В.И.Лениндин кыргыз жана орус тилдеринде чыккан «Мамлекет жана революция» деген эмгегин салыштырып окууга туура келгени эстен кетпейт (бул өзүнчө окуя). Мамлекет түбөлүктүү дөөлөт эмес, ал бара-бара өлүп жок болот деген тезиси абдан таң калтырган. Бирок кийин совет өкмөтү иш жүзүндө падышачылык Россиядагыга салыштырмалуу алда канча катаал мамлекет түзүп, жарандардын баскан-турганынан тарта дасторкондо айткан сөзүнө чейин атайын дайындалган ушакчылары аркылуу көзөмөлдөгөн тоталитардык бийликти орноткон эмес беле? Демек, мамлекет дагы узак мезгилдер бою керек болот экен, бирок саясий түзүм өзгөрүп, бийликке эл улам көбүрөөк катыша бериши мүмкүн экен да… Ал кездеги бүдөмүк болсо да аңдаган чындыгым ушул эле.

Жоокердик демократия жана жарандык мамилелер

Бизде кол баштаган баатырлар, жол баштаган көсөмдөр илгертен көбүнчө тышкы күчтөргө каршы биригүү зарылдыгы туулганда шайланып (кыраакылыгы, кайраттуулугу, чечкиндүү тобокелчилдиги менен шай болуп: «кылычты ар ким эле байланат, чабарына келгенде кандай адам шайланат?») келген экен. Тышкы душмандар менен эле эмес, жылкы тийүү, барымта алуу сыяктуу жосундарга байланышкан ич ара чабышуулар да көп болуп тургандыктан, мурдагы кыргыз коомунун биримдиги дал ушул «жоокерчилик турмушка» негизделген тура.

Бирок куралчан кагылышуулар токтоп, ички карама-каршылыктар такыр башка мүнөздө болуп калган турмуш шартында эл башылар кыраакылыгын жоготуп, калайык өзү да эл, жер үчүн жанын аябаган азаматты эмес, арам тамак ачкөздү ээрчигенин, кыраан бүркүттү эмес, кара жемсөө жоруну барктай баштаганын байкабай калат окшойт. Айрыкча ич ара кырылышкан согуштарда аты чыккан «баатырлар» элдин рухий биримдигин иритип, улуттун инсандык кристаллын бүлдүргөн экен…

Кыргызды селт эттире ойготкон, биримдигин чыңдоого түрткү берген учурлар көбүнчө тышкы душманга (реалдуу же атайылап касташтырылган тарапка) каршы туруу керек болгон жагдайларга дал келип жаткандыгы да ушундан. Ошондуктан 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы окуялар элди (чындыгында, бүтүндөй элди эмес, анын бир бөлүгүн) тикелей кагылышуу учурларында гана бириктирген (ошол эле учурда жалпы улуттук деңгээлде жиктешүү коркунучун да жараткан), убактылуу түзүмдөштүрүүчү фактор эле. Терминдин классикалык маанисинде «революцияга» анча туура келе бербеген бул тополоңдор элдин үмүтүн эмне үчүн актабай калды? Анткени коомубуздун насилинде эзелтен жоокердик гана демократиянын касиеттери анча-мынча сакталган, алар жай турмуш агымындагы жарандык мамилелерди туруктуу жөнгө салууга жарабайт экен.

Сөз эркиндигиби же ээнооздукпу?

Демократиянын желаргысы алгач ирет ачык-айкындык (кайра куруу мезгилинде башка тилдерде да которулбай транскрипцияланып жүргөн glasnost) урааны менен башталган. Акыйкатта, ачык айтып ак сүйлөө мүмкүнчүлүгү тоталитардык түзүмдү бузууга өбөлгө жараткан эмес беле.

Рухий эркиндик – тышкы күчтөрдүн тыюусуна кабылам, жазаланам деп коркпой-үркпөй ой жүгүртүү, кыжаалат жагдайлар жөнүндөгү ой-пикирин санаалаштарына айтуу, маалыматты издөө, тандоо, алуу, башкаларга жеткирүү мүмкүнчүлүгү. Демек, эң зарыл жарандык эркиндик, саясий эркиндик сөз эркиндигисиз болбойт экен.

Азыр Кыргызстанда сөз эркиндигине тышкарыдан жана ичкериден болуп эки жактуу коркунуч күчөп баратат. Тышкы коркунуч – бийликке сын пикир айткандардын миллиондогон сомдук доого жыгуу аркылуу куугунтукталышы, уруп-сабайбыз, тындым кылабыз деген опузалар ж.б.у.с. Бул, албетте, жаман. Бирок ички коркунуч мындан да жаман. Бул – эркиндикти тайыз, үстүрт, тайкы түшүнүүдөн келип чыккан, иш жүзүндө аны ээнбаштыкка айлантып коюучу жоопкерсиздик.

2005-2006-жылдардагы ээ-жаа бербеген митинг, пикеттердин биринде жаш саясатчы Эдил Байсалов: «Эркиндик абсолюттуу болушу керек!» - деп кыйкырган. Азыр да эркиндикти ушундай түшүнгөндөр арбын экендигин кадам сайын байкайбыз. Чындыгында абстракциялуу (куру кыялдагы) эмес, реалдуу (иш жүзүндөгү) эркиндикти ойлосок, ал жоопкерчиликсиз болушу мүмкүн эместигин эч качан унутпашыбыз керек.

Орустун улуу акыны Александр Пушкиндин мындай учкул кеби бар: «Жаалданып айткан чындык жанын жеген калпка окшойт» («Истина, высказанная злобно, лжи отъявленной подобна»). Азыр демократиянын эле эмес, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, келечегине доо кетире турган акаарат кеп-сөздөр кулак тундура жаңырып турган чак. Албетте, буларды да түшүнсө болот – ар кимисинин айтканында аздыр-көптүр чындыктын үлүшү (же сыныгы) бар. Бирок жалпысынан сергек акыл, алыска мелжеген ой эмес, ачууга алдырган эмоция үстөмдүк кылган шартта «тияктыктар, бияктыктар», «абыке-көбөштөр» ж.б. сыяктуу ач кыйкырык туш тараптан жаңырып, саясий көз карашы дал келбегендерди дүңүнөн каралаган ажаан жосун зээнди кейитип, акылды мокотуп жаткандай...

Эркиндиктин башкы шарты

Эгер адептик, ыймандык ченемдерге, укук нугуна карабай, бийлиги күчтүүнүн камчысын чапкан, акчасы көптүн сөзүн кыйкырган чайкоочулук мындан ары да улантыла берсе, күчөй берсе, мындай «эркиндиктин» элге, коомго пайдасынан зыяны, кесепети ашыкча болуп кетет. Ошондо баш айланткан ызы-чуудан тажаган карапайым калайык «темирдей тартип орнотом» деген залимди (диктаторду) ээрчишке даяр болуп калат. «Тартип» мыйзамдуулукка негизделеби же сын айткандарды куугунтуктап, кошаматчыларды кутурткан залимдикке таянабы? Мыйзам үстөмдүгүн орнотуу айтканга гана оңой, иш жүзүндө ал машакат иш, миллиарддаган байлыкты топтогондогудан да көп эмгекти, узак мөөнөттүү, өжөр күрөштү талап кылат…

Бирок баары бир мыйзамдуулукту бекемдөөдөн башка алгылыктуу багыт жок. Муну ишке ашыруунун негизги эки жолунун бири – агартуу (билим берүүнү түп тамырынан реформалоо, мисалы, азыр дүйнөдө бул жааттан биринчи сапка чыккан финдердин тажрыйбасын үйрөнөлү деген демилгеге Билим берүү жана илим министрлиги да кызыга баштаган). Элдин саясий, жарандык, укуктук аң-сезимин ойготкон билим, адеп-ахлактуу, демек, чыныгы маданиятты калыптандырууга багытталган ырааттуу иш-аракеттер «революцияларга», тагыраагы, төңкөрүштөргө салыштырмалуу миң эсе таасирдүү, майнаптуу болушу мүмкүн.

Экинчи жол – жарандык позицияны аныктоо. Демократиянын каррикатурасы болгон анархияны (башаламандыкты) эмес, оозуна келгенди ойлонбой айта берген жоопкерсиздикти эмес, рухий көрөңгөнү арттырып, келечекке жаркын жол ачкыдай чыныгы сөз эркиндигин жактасак, анда коомубуздагы кайдыгер эмес инсандар баары биригип, жаатташкан күчтөрдү тартипке чакырышыбыз, көнбөсө, эпке келтириштин мыйзамдуу, жөндүү бардык жолдорун колдонушубуз керек. Саясий салмагы, мамлекеттеги, коомдогу макамы (статусу) кандайлыгына, б.а. бийлиги менен байлыгы канчалыгына карабай, мыйзамдуулукка каршы аракет жасаган, жоопкерсиз сөз айткан жактарды катуу уяткаралы, жок дегенде аларды ээрчибейли.

Эркин болгуң келсе, мыйзамга баш ий деген демократиялуу коомдун башкы талабын кыйшаюусуз аткарууга умтулалы. Ар бирибиз саясий-укуктук маданиятыбызды өнүктүрөлү. Ошондо сөз эркиндиги да, ал камсыздоого тийиш болгон жарандык, саясий, рухий эркиндик да реалдуулукка жакындай берет.

Жолдош Турдубаев, публицист

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG