Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:18

Чиркөөдө айтылган азан кандай жаңырат?


Орус православ чиркөөсүнүн башчысы, патриарх Кирилл менен Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Бишкек, Кыргызстан

Публицист, адабиятчы Жолдош Турдубаевдин диндер ортосундагы алака, ынтымак тууралуу блогу.

20-кылымдын аягындагы адам мурдагы муундардан айырмаланып, бардык диндер меники, мен бардык диндерди тутунам, мен бардык культтардын бардык ибадатканасына кирип сыйынууга акылуумун, бардык ибадатканаларда мен жат эмес зыяратчымын деп айтууга акылуу болор...

Чыңгыз Айтматов. «Кассандра тамгасы» романынан (М. Төлөмүшевдин которуусунда).

Жакында Кыргызстандын делегациясынын курамында Америкага расмий сапар менен барган биздин муфтий Максат ажы Токтомушевдин католик чиркөөсүндө азан айткандыгын чагылдырган видео социалдык желеде кызуу талкуу жаратты. Бул окуя диний сабырдуулук канчалык зарыл экендигин кайрадан эсибизге салып, башка диндеги, башкача диний көз караштагы же дегеле динге анча берилбеген (диний жөрөлгөлөрдү аткарбай жүргөн) адамдарга, башка диндерге мамиле кылуу маданияты кандай болушу керек деген суроону дагы бир ирет козгоп койду.

Жакындашуу мүмкүнбү?

Союздун соңку жылдары Орусиянын Самара шаарында окуп калдык. Бардык зарыл шарттары бар жатаканада жашачубуз. Ошого да карабай жердеш балдардан бешөө батирге чыгып кетти. Жатаканадагылар менен батирдегилер тынбай эле катташып турчубуз. Батир ээлери – жалгыз калган чал-кемпир. Чалы аракты чайдай ичсе да, анын мас болуп бейжайлык кылганын көрбөдүк. Кемпири, тескерисинче, жекшемби эмес, күн сайын чиркөөгө барып чокунуп, үйүндө да диний эрежелерди катуу карманчу. Бир жолу берки бөлмөдө биз сүйлөшүп отуруп, катуу каткырдык эле, кемпир дароо келип: «Минтип катуу күлгөн күнөө болот!» - деп урушту. Ага жылмайып койдук.

Кышкы каникулда биз Киевге барууну чечтик. Батирдегилерден экөө үйлөрүнө келди. Кайра кайткан күндөрү орозо башталып калган экен, Орусияга ооз бекитип барыптыр. Аларга кошулуп берки батирчилер да отуз күн орозону толук кармашты. Анан айт майрамдайбыз деп биз да бардык, тамак-аштан көтөрүнүп. Эми эле чогулуп, дасторкон жайганыбызда, баягы кемпир кызыл-тазыл боёлгон бир табак жумуртка алып келди, силердин диний майрамыңарга арнап бышырдым эле деп. Албетте, ага ыраазы болдук, рахмат айтып, жумуртканы бир паста жеп салдык.

Башкалардын ибадатканасына кирбеш керекпи?

АКШдагы католик чиркөөсүндө айтылган азандын тегерегиндеги кызуу талаш-тартышта муну чагымчыл кадам деп баалагандар көп болду. Мен өзүм да биринчи көргөндө ошондой деп ойлодум эле, бирок кийин пикирим өзгөрүлдү.

Кыргызстандыктар мындай көрүнүшкө алгач ирет күбө болууда. Бул эмне? Коомдук аң-сезимге, айрыкча диндер аралык мамилеге кандай таасир этет? Эгер католиктер өздөрү уруксат берген болсо, чиркөөдө азандын айтылышы жакшы кадам эмеспи? Сыйга сый, сыр аякка бал дегендей, балким, бул кадам биздеги диндер ортосунда касташууга эмес, достошууга өбөлгө түзөр? Ким билет, балким, Кудайга башкача сыйынгандарды жектебей, сабырдуу мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу мүдөөсүнө төп келер?

Ырас, Фейсбуктагы талкууда христиандар өз чиркөөсүнө мусулмандын кирип азан айтышына уруксат кылыптыр, бирок мечитте башка диндегилердин өз жөрөлгөсүн аткарышына жол берилеби деген кычыктуу суроо да коюлду. Бул жердеги мамилени базар таразасына салгандай христиандар: «Тоок союп бердим эле, качан канжыгама каз байлайсың?» - деп демитпестир? Азыркы кезде эч болбосо обочолонууну, жиктешүүнү, жектешүүнү, касташууну басаңдатып, чагымчыл күчтөрдүн көкүтүүсүнө алдырбоо керектигин эл түшүнө баштаса – бул деле чоң олжо.

Диндер көп, Кудай жалгыз

Пайгамбарларды ээрчип, бирок алардын айткан-дегенин ар башкача чечмелеген аалымдар андан да көп, булардын түшүндүрмөлөрүн да ар ким алына (акылына, рухий дареметине), арына (абийирине, адамгерчилигине) жараша кабылдайт. Ушул ыңгайдан алганда, калкы ар кайсы диндерди тутунган коомдогу ынтымакты бекемдөө үчүн мамлекет ырааттуу саясат жүргүзүшү кажет. Айрыкча азыркы ааламдашуу (глобалдашуу) шартында бүлгүнчүл агымдардын таасирине туруштук берүү үчүн тарыхтагы жана дүйнөдөгү жакшы тажрыйбаларды иликтеп, жергиликтүү шартка, улуттук салт-санаага ылайыктап колдоно билишибиз абзел.

Илгеркиден бир сабак

Курамынан тең жарымы азыркы Пакистан Ислам Республикасы болуп бөлүнүп чыга элек Индияда Борбордук Азиядан чыккан атактуу өкүмдар Захириддин Мухаммад Бабур бийлик жүргүзгөндүгү белгилүү. Ошол доордо да диндер аралык мамилени жөнгө салуу оңой болбоптур. Айрыкча мусулмандар менен индустардын ортосунда кырды бычак кырдаал улам эле курчуп турган. Жагдайды туруктуу нукка түшүрүп, чыр-чатактардын алдын алуу үчүн Бабур маал-маалы менен ар башка диндердин аалымдарын чогултуп, түркүн агымдарда туура деп эсептелген эрежелерди ийкемдүү чечмелөө, аралаш же кошуна жашаган башка диндегилер менен мунаса кылуу маселелерин талкуулатчу экен.

Бул салтты азыркы мезгилде жаңы деңгээлге алып чыгып, социалдык психология менен конфликтологиянын жетишкендиктерин колдонуу керек. Көпчүлүктү аң-сезимин бүлдүргүч нукка бурууга далбаса кылган бузуку күчтөрдү ээрчибей, жоопкерчиликтүү чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ар бир жаранды мектеп жашынан баштап үйрөтүү зарыл.

Тилекке каршы, өтө кылдаттыкты талап кыла турган темаларды талкуулоого арналган сайттарда, социалдык желе топторунда диний, улуттук ж. б. жек касташууну күчөткөн материалдар, пикирлер, акаарат сөздөр чыгарылбайт, жазылгандары өчүрүлүп турат деген жакшы эрежелер жарыяланса да, көбүнчө сакталбайт. Диний мамилелерди жөнгө салууну бир гана динчилдерге, айрыкча динди үстүрт же тайыз түшүнгөн фанаттарга койбош керектиги барган сайын даана сезиле баштады. Мамлекет, расмий бийлик бул жаатта кыйла ырааттуу, ийкемдүү ченемдерди иштеп чыгып, коомчулуктун колдоосу менен кыраакы көзөмөл жүргүзүшү, аша чапкандарды тартипке салып турушу зарыл.

Америкадан үйрөнсөк болбойбу?

«Илим издеп керек болсо Чинге (Кытайга) да баргыла», - деп Мухаммед (с. а. в.) айткан экен. Кошуна Тажикстандагыдай (90-жылдардагы) социалдык кыйроо болбошу үчүн жамандыктын алдын алуу максатында башкалардын да тажрыйбасын үйрөнүшүбүз керек.

Ошол эле калкы түркүн диндердеги этностордон, жамааттардан, топтордон турган АКШнын жарандык мунасаны камсыздоо жагынан тажрыйбасы абдан бай. Бул өлкө далай ирет жарандык согушту, ич ара кырылышууну баштан өткөрүп, расалык, этностук, гендерлик басмырлоону жоюуга, мыйзам үстөмдүгүн орнотууга оңой-олтоң жетишкен эмес. Бул темага арналган китептер өтө көп. Азырынча чиркөөдө айтылган азан туууралуу фейсбук колдонуучулардын пикирлеринен эле которуп келтирели (булар орус тилинде жазылган):

Белек Курмантаев: - Ошол азан айтылган жерде чогуу болуп келген Кубанычбек Абакировдун түшүндүрмөсүнө да көңүл буралычы.

«Эгер менин сөздөрүмө кызыккандар болсо, болгон окуяны жанынан туруп көргөнүмдү айтайын. Биз тарап Вашингтон шаарындагы Улуттук кафедралдык собордун кожоюндарынан уруксат сурады. Алар жума намазга ижарага берип турушат. Аерде сыйынуу жайларына байланыштуу биздегидей өтө кыжаалаттана бербейт экен. Алардын конфессия аралык кеңеши да жакшы иштейт. Ар кайсы диндердин өкүлдөрүнүн өз ара түшүнүшүү деңгээли өтө жогору. Бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылышат».

Раушан Сыдыгалиева: - Кошумчалап коёюн: Америкада көпчүлүк элдин арасында деле намаз окуй берсең болот. Арабасынын артында намаз окуп жаткан тамак-аш сатуучуларды көргөм. Муну эч ким эрөөн-төрөөн көрбөйт, кардарлар керек нерсесин акырын алып, акчасын калтырып кете беришет.

Лола Назаршо: - Каерде сыйынат – айырмасы канча? Буга да көнүп, бардык диндегилерди сыйлоону үйрөнө баштаганга убакыт келип жетти. Кудай жалгыз.

Замирдин Темирбек: - … демократиянын баалуулуктарын көрүп келишти да, аз да болсо)))

Сабырдын түбү сары алтын

(соңку сөз ордуна)

Кыргызстанда динге байланышкан маселелерге өтө кылдат мамиле жасоо зарыл. Геосаясий абалыбызды, түркүн маданияттардын, дүйнөлүк державалардын таасирин эске алып, азыркы баа жеткис дөөлөтүбүздүн – эгемендигибиздин баркына жетип, өркөният (цивилизация) көчүнүн чаңында калбаш үчүн баарыбыз сергек ойлонушубуз кажет. Улуттук (мамлекеттик) биримдигибизди бекемдейли десек, курулай эмоцияга алдырбай, сабыр күтүп, ар түрдүүчө ой жүргүтүү эркиндигин сыйлайлы. Ошол эле учурда өлкөбүздүн эртеңки келечегин камсыздоого ар бирибиз жоопкер экендигибизди унутпайлы.

Жолдош Турдубаев, публицист

P/S: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG