Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:43

Кыргызстандагы католиктер


Кыргызстандагы католик чиркөөсү.

Католиктер христиан дининдеги эң чоң агымдардын бири болуп эсептелинет.

Союз мезгилинде Кыргызстанда отурукташып калган католик немистер менен поляктардын көбү эгемендүүлүктөн кийин өз мекендерине көчүп кетишкен. Кыргызстанда азыр католиктердин саны кыйла аз. Бул тууралуу Кыргызстандагы католиктердин башчысы Янез Михельчич "Азаттыкка" курган маегинде айтты.

"Азаттык": Алгач католиктер кимдер экенин айтып берсеңиз?

Янез Михельчич: Көпчүлүк эл католиктер да христиан экенин биле беришпейт. Иса Машаякка ишенгендердин баары христиан болуп эсептелинет. Католиктерди Батыш чиркөөсү же Рим чиркөөсү деп айтсак болот. Миңдеген жыл чогуу болгонубузга карабастан саясий себептерден улам Католик чиркөөсү менен Православ чиркөөсү бөлүнүп кеткен. Бардык окшоштуктарга жана диний эч кандай айырмачылык болбогонуна карабастан саясий себептердин айынан ушундай бөлүнүү болгон. Католиктерди Батыш христиандары деп айтсак болот.

Янез Михельчич.
Янез Михельчич.

"Азаттык": Католиктердин Кыргызстандагы тарыхы жөнүндө айтып берсеңиз. Католиктер кандайча Кыргызстанга келип калышкан?

Янез Михельчич: 1941-жылы Европадан немистерди Азияга жана Сибирге кубалаганда ушул жерге да немистер, поляктар, латыштар келип отурукташып калган. Алардын арасында католиктер эле эмес, лютерандар да болгон.

Бул жердеги немистер 1953-жылдан кийин өздөрүн диний жамаат катары каттоону талап кыла башташкан. Алгачкы мезгилдерде аларга уруксат берилген эмес. Бирок 1969-жылы диний бир жамаат катары катталышкан. Бул чиркөө 1969-жылдан бери колдонулуп келет. Мурда кадимкидей эле үй болгон. Кийин дубалдарын көтөрүп, чиркөөгө айлантышкан.

"Азаттык": Католиктердин эгемендүүлүктөн кийинки жашоосу кандай болду? Кандай өзгөрүүлөргө дуушар болдуңуздар?

Янез Михельчич: Жамаатыбыздын көпчүлүгү кетип калышты. Мындан 10 жыл мурда Германиянын ушул жердеги элчиси мага “Союз убагында Кыргызстанда 140 миңден ашуун немис жашачу, азыр 14 миң эле калды” деп айткан эле. Бирок андан бери дагы азайды да. Немистердин саны азыр 10 миңден да аз деп ойлойм. Анан дагы алардын көпчүлүгү католик эмес, лютеран болуп эсептелинет.

Католик динин тутунгандар азыр Кыргызстанда 500 кишиден ашпайт. Айта кетиш керек, биздин чиркөөгө кээде чет элдиктер да келип сыйынышат. Ошондуктан орусча билбегендер үчүн биз жекшемби күнкү сыйынуубуздун бирин англис тилинде жасайбыз. Акыркы мезгилде Филиппиндерден келген католиктер чиркөөбүзгө көп келүүдө. Кыргызстан боюнча үч гана католик чиркөөсү бар. Алар Бишкекте, Жалал-Абадда жана Таласта жайгашкан.

"Азаттык": Өзүңүз кай жактык болосуз? Кайсы жерде диний билим алгансыз?

Янез Михельчич: Мен Словенияда төрөлгөнмүн. Мектептен кийин дин кызматкерлерин даярдаган диний окуу жайга тапшырып, ал жерди аяктагандан кийин Рим шаарына барып окуумду уланткам. Андан соң Жапонияда 29 жыл жашадым. Ал жерде диний кызмат өтөдүм, ошол эле мезгилде университетте орус тилинен сабак бердим. Азыр болсо, бул жерде Кыргыз-орус Славян университетинде жапон тилин үйрөтүп жатам.

"Азаттык": Жаштар келеби чиркөөңүзгө? Канча киши келет жекшемби күнү?

Янез Михельчич: Жаш католиктер бар. Алардын көпчүлүгүнүн үй-бүлөсү католиктер. Ал эми жекшемби күнкү сыйынууга 60-70 киши келет. Пасха күнү мындан эки эсе көп киши болот, ал эми иш күндөрү 5-6 киши келет.

"Азаттык": Пасха сиздер үчүн кандай майрам? Кандай мааниге ээ?

Янез Михельчич: Пасха православ христиандары үчүн кандай мааниге ээ болсо, биз үчүн да ошондой мааниге ээ. Пасха христиандардын эң негизги майрамы болуп эсептелинет. Бул Иса Машаяк тирилген күн болгону үчүн маанилүү. Буга чейин календардагы айырмачылыктардын айынан православдар менен католиктер пасханы ар башка күндө майрамдап келишкен. Быйыл болсо, бардык христиандар пасханы 16-апрелде, жекшемби күнү белгилешти.

"Азаттык": Католиктердин жашоо тиричилиги кандай? Кандай жашап жатышат? Жаштары башка диндин өкүлдөрүнө үйлөнүшөбү?

Янез Михельчич: Андай нерсе аябай сейрек кездешет. Диний, маданий жана салттык айырмачылыктардын айынан башка динге ишенгендерге көп үйлөнө беришпейт. Улуттук азчылыктар деле көбүнесе өздөрүнүн коомчулугунун ичинен жубай таап жатышпайбы. Ар түрдүү диндеги, ар түрдүү улуттагылар менен үйлөнгөндөр болсо да, алардын саны аябай эле аз.

"Азаттык": Мамлекетибиздин дин саясатына, жалпы эле демократиялашуу, либералдашуу аракеттерине кандай баа берет элеңиз?

Янез Михельчич: Чындыгында биздин бул маселеде эч кандай камтамачылыгыбыз жок. Биз дүйнөлүк дин болуп эсептелебиз. Мамлекеттин диний радикализм жана экстремизм менен күрөшүү ниетин да билебиз, түшүнөбүз. Бирок кээде радикал адам же болбосо экстремист менен катардагы динчилдин айырмасын көп түшүнө албай жаткандай сезилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG