Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:05

«Чыңгыз Айтматов феномени жана Азербайжан» китеби жарык көрдү


Мехман Хасанлынын «Чыңгыз Айтматов феномени жана Азербайжан» аттуу китеби.
Мехман Хасанлынын «Чыңгыз Айтматов феномени жана Азербайжан» аттуу китеби.

Азербайжандык окумуштуу, Айтматов таануучу Мехман Хасанлынын «Чыңгыз Айтматов феномени жана Азербайжан» аттуу илимий китеби жарык көрдү. Анда кыргыз адабияты туралуу кыскача маалымат берилип, Айтматовдун жашоосу, чыгармачылыгы (аңгемелери, повесттери, романдары, драматургиясы), репрессия убагындагы абал, Айтматовдун Азербайжан менен адабий алакасы, чыгармаларынын окутулушу, которулушу изилденген. Автордун "Азаттыкка" билдиргенине караганда илимий китепке Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Орусия, Польша, Украина өлкөлөрүндө жарыяланган 50дөн ашык макаласы кирген. 406 беттен турган бул китеп автордун жети жылдык илимий изилдөө ишинин жыйынтыгы болуп калды.

«Китеп Азербайжандын Илимдер академиясынын Низами Гянжеви атындагы адабият институтунун директору, академик Иса Хеббибейлинин «Түбөлүктүү могикан» деген темадагы баш сөзү менен басылды. Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет», «Ак жаан», «Кассандранын эн тамгасы» чыгармаларын орус тилинен азери тилине которгом. Азыр «Тоолор кулаганда» романын которуп жатам», - деди Мехман Хасанлы.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. ЮНЕСКО уюму Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Жазуучунун чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө чоң нуска менен кайталанып басылып чыгып келет. (MSd)

XS
SM
MD
LG