Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Китепкөйлүктү жайылтыш үчүн талдоо зарыл


Китеп дүкөнү. Бишкек.
Китеп дүкөнү. Бишкек.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «16 миллион сомго кайсы китептерди чыгаралы?» деп элден сурады эле, түркүн тизмелерди ар ким сунуш кылды. Биз китепкөйлүк салтын жандандырууга багытталган ушул иштин натыйжалуулугу боюнча бир катар суроолорду талкуулайлы.

Тандалганды кантип иргейбиз?

«Эл сунуштап жаткан китептердин арасынан иргеп алыш үчүн комиссия түзүлгөн» деди министр.

Комиссияда кимдер бар? Алар китептерди кайсы критерийлердин негизинде иргейт? Министр атаган үч топтон биринчисин – кыргыз авторлорунун, айрыкча эгемендик жылдары жазылган чыгармаларын тандоо оӊой эмес.

Экинчи топтон (дүйнөлүк классикадан) эки түрүн айырмалаш керек: 1) совет доорунда жакшы которулуп чыккан, бирок азыр эскирип, жыртылып жок болгон китептер; 2) эгемендик жылдары которулган, бирок аз нуска менен чыгып, элге дээрлик жетпей калган китептер.

Үчүнчү топтогу (азыркы кезде дүйнөдө эӊ көп окулуп жаткан, бирок кыргыз тилине которула элек) китептерди которуп чыгаруунун автордук укукка жана котормочулардын эмгек акысына байланышкан өӊүтүнө Бакытбек Абдуллаев көӊүл бурду.

Мен котормонун сапатына басым жасагым келет. Бул тексттерди редакторлордун колунан өткөрүү зарыл, анткени мыкты китеп начар оодарылып калган учурлар көп кездешүүдө.

Китеп басып чыгарууга бюджеттен атайын ажыратылган каражат эӊ зарылына жумшалышы үчүн бир нече жагдайды иликтеп, мүмкүн болушунча аныктап алган оң.

1. Көп суралган (сунушталган) басылмалардын ичинен көркөмдүк-идеялык куну жогору болгон китептерди өзүнчө тизмелеш керек. Бул топтогу китептерди жайылтыш үчүн базар механизмдерин кеӊири пайдаланууга болот.

2. Коомдук аӊ-сезимди өнүктүрүү, окурмандын эстетикалык табитин өстүрүш үчүн керектүү китептердин арасынан кайсылары аз суралып же элге белгисиз бойдон калып жатса, ошолор жөнүндө жеткиликтүү маалымат таратып туруш керек (теледен, интернет-сайттардан, социалдык желелерден ж.б.). Басылмаларды сунуш кылгандардын санына карап эле эмес, адистердин пикирин да эске алуу менен тандоо зарыл.

3. Маданият министрлиги 3-топтогу китептерге өзгөчө көӊүл бөлүшү маанилүү. Соӊку кезде шыктандыруучу (мотивациялоочу) багыттагы китептер өтө таанымал болуп калды. Бирок катуу жарнамаланганына эле карап, ортозаар же начар, ал түгүл такыр пайдасы жок бирдемелерди которто бербеш керек. Мисалы, «бай болуш үчүн акчага сыйынгыла, түшүӊөрдө да долларды көрүүнү эңсегиле» дегендей «кеп-кеңештерден» турган нерселерге Маданият министрлиги түзгөн комиссия сын көз менен карай билүүгө тийиш.

Чыгарылган китептер элге кантип жеткирилет?

Министрдин айтканына караганда, 2017-жылы деле китеп чыгарууга 17 миллион сом (быйылкыдан бир миллионго ашык) бөлүнүп, бирок ошол каражаттын эсебинен жарык көргөн китептерди «элдин калың катмарына жеткирүү мүмкүнчүлүгү аз болгон» экен. Бул ирет да ошондой болбошу үчүн эмне кылыш керек?

1. Буга чейин УИА Тил жана адабият институту менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия чыгарып келген китептердин толук тизмесин жарыялаш керек.

2. Ал китептерден кайсылары канча ирет, кандай санда бастырылгандыгын, кандай сатылгандыгын (суралганын), аз же көп сатылганына эмнелер себеп болгонун иликтеш керек.

Китептер канча нуска менен чыгат? Кандай сатылат же таратылат (мисалы, китепканаларга)? Сатыктан түшкөн каражат эӊ зарыл деген жана көп суралган китептерди кайталап чыгарууга, ошондой эле биринчи жолкуда камтылбай калган китептерди бастырууга жумшалабы?

Окурмандар даярбы?

Атайын басмадан чыгарылган жакшы китепке эл кызыкпай, сатып албай, алгандары да окубай же окуса да тиши өтпөй, беймаани экен деп туш келген жерде таштаса, отко ыргытса, калгандары сатылбай чаң басып жата берсе өтө өкүнүчтүү. Биздин күндөрдө эмес, элдин баары китеп окуйт делген совет доорунда деле окурмандардын табити анча жогору болбогонун бир мисалдан билебиз. Антуан де Сент-Экзюперинин «Кичинекей ханзаада» аттуу ажайып чыгармасын Салижан Жигитов келиштире которуп, чакан китепче жарык көргөндө бир нече жыл бою жакшы сатылбай, басманын, китеп дүкөндөрдүн кампасында жаткан экен.

Ырас, кийинки жылдары китеп окууга кызыккандар кыйла көбөйүп, алыскы айылдарга ар кайдан чогултуп ташыгандар, миӊдеген аталыштагы китепканаларды түзүүгө жетишкендер болду. Бирок жалпысынан биздин коомдо азыр китепкөйлүк маданияты өтө төмөн. Жок дегенде Салижан Жигитовду кейиткен союз кезиндеги деңгээлге караандабайт.

Жеңил-желпи, жалаңкат окуя кубалаган, бир окулгандан кийин унутулуучу же көркөм-идеялык куну жок «чыгармаларды» окугандар көп. Мисалы, Айгүл Шаршен аттуу автордун ушундай сапаттагы жазгандарын издеп окугандар арбын дешет.

Окурмандык табитти калыптандыруу, өстүрүү үчүн мектепте адабият сабагы буга чейинкиден кескин айырмаланган усул менен окутулушу зарыл. Сабакты кызыктуу өткөрүшү, нукура көркөм текстти терең түшүнүп талдоого, аны халтурадан айырмалай билүүгө окуучуларын үйрөтүшү үчүн тил, адабият мугалимдерин да башкача программа менен даярдаш керек. Сабагын чыгармачыл нукта өткөрүп, балдардын китепкөйлүк маданиятын өстүрө билген мугалимдерди ар түрдүү конкурстар аркылуу сүрөп турса болот.

Электрондук китептерге маани берели

Мейли, китепканаларда биз издеген китептер табылгыдай болсун. Чыныгы маданияттуулуктун белгиси катары ар бир үйдө кайрадан китеп текчелер, шкафтар орносун. Бул үчүн колдон келгендин баарын жасай берели. Бирок жалаң гана кагаз китептерди окуган доор артта калганын да эстен чыгарбайлы.

Айрыкча түрдүү талкууларда дайыма кол алдыбызда болушу үчүн кыргыз тилинин грамматикасы, стилистикасы боюнча окуу китеп, маалымда, сөздүктөрдүн баарын Word форматында атайын сайттарга жайгаштыруу зарыл.

Союз мезгилинде жарык көргөн китептерди сканерлеп, атайын сайттарга чыгара бериш керек. Бул ишке студенттер менен мектеп окуучуларын да тартсак болор эле. Интернетке чыгарыш үчүн китептердин түзүүчүлөрү менен авторлорунун калем акысына байланышкан маселе бар болсо, мунаса менен чечиш керек.​

Китепкөйлүк жөнүндөгү ойлордон

Адамдын маданияттуулугу окуган китептеринин эмес, түшүнгөн китептеринин саны менен өлчөнөт.

Фазил Искандер, абхаз жазуучусу

Китеп окумайынча чыныгы билим да, табит да, сөз байлыгы да, көп тараптуу, кеңири түшүнүү жөндөмү да болушу мүмкүн эмес; Гёте менен Шекспирди окуу университетти бүтүргөнгө тете. Китеп окуган адам кылымдарды карытат.

Александр Герцен

Китеп окуган көз ирмемдер эӊ узакка созулат – ар бири түбөлүктүн үлүшүндөй…

Горан Петрович

Китеп окуганды ар ким эле үйрөнө алат, бирок колундагы бул тумардын кандай кудуреттүү экенин баамдагандар өтө аз.

Герман Гессе

Жолдош Турдубаев

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG