Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Китеп бар, окуй турган жер аз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен «Китепканалар окурманы үчүн канчалык шарт түздү, жагдай жакшырдыбы?» деген маселе кайрадан көңүл борборуна чыкты.

Окуу башталгандан тартып окуучуларга сабактан тышкары көркөм китептер менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк ачылат. Бирок, тилекке каршы мектептердин бардыгында эле китепкана жагдайы, окуу залдары ойдогудай эмес.

Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылындагы Таабалды Мурзабеков атындагы орто мектепте 453 бала билим алат. Мектептин китепканачысы Назира Мамытмусаеванын айтымында, азыр 3 миңден ашык адабий китеп бар. Алардын арасында дүйнөлүк классиктердин да мыкты чыгармалары коюлган. Бир айыбы - ушул жерде калып окуй турган атайын окуу залы жок болуп жатканы. Отура турган жер жогунан окуучулар китепти журналга каттатып, үйүнө алып кетип окуп турушат.

«Окуучулар келип айрыкча Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын алып окушат, - деди маектешибиз. - Демөөрчүлөрдөн келген көптөгөн адабий китептер бар. Мындан 30-40 жыл мурун мектепти бүтүп кеткендер да биздин китеп фондубузду толуктап турушат. Алардын бири Бурулкан Сарыгулова эжейибиз. Мындан үч жыл мурун да өзү чыгарган автордук китебин алып келип берген, бүгүн да адабий китептерди алып келип берди. Бирок, тилекке каршы биздин китепкана мектеп салынган 1973-жылдан бери турат. Чакан бөлмөдө балдардын окуу китептери, анан дагы адабий китептер да турат. Окуу залы жок болгондуктан балдар китепти көбүнчө үйлөрүнө алып кетишет».

Облустук билим берүү институтунун директорунун орун басары Нургүл Шарапованын айтымында, соңку жылдары китеп көйгөйүнө өз айылынын өнүгүшү үчүн күйүп-бышкан элеттиктер чоң маани бере башташты. Айылдын балдары окуп, өнүксүн деп кол кабыш кылгандар аз эмес. 40 жыл мурда бүткөн бүтүрүүчүлөр да билим алган мектебине кайрылып келип, китепкананы түрдүү адабият менен толуктап турушат. Назира Мамытмусаева айтып жаткан китепкана маселеси Ысык-Көл облусундагы 191 мектептин 60 мектебинде бар.

Көркөм чыгармалар аз, балдарга арналган чыгармаларга болгон муктаждык жоюла элек.

«Негизи облустагы мектептердин бардыгында эле китепкана бар, бирок алар талапка жооп бербейт, - дейт Нургүл Шарапова. - Окуу залдары 5, 10 орундук мындай көрүнүш типтүү мектептерде. Ал эми эски мектептерде такыр эле окуу залы жок. Бардык мектептер көбүнчө долбоорлор аркылуу адабий китептер менен камсыз болушат. Азырынча 100% камсыз болду деп айта албайбыз. Көркөм чыгармалар аз, балдарга арналган чыгармаларга болгон муктаждык жоюла элек. Мугалимдер үчүн кыргыз тилиндеги усулдук колдонмолорго муктаждык облустагы 191 мектептин баарында бар. Азыркы тапта мектептердин 76,6% окуу китептери менен камсыз болушкан. Мындан тышкары облустагы 7 мектепте электрондук китепкана бар. Быйылкы жаңы окуу жылына карата Ысык-Көл районундагы Бостери айылдык Хасан Жээнбаев атындагы мектеп да электрондук китепканасын ишке киргизүүгө аракет кылып атат. Түп районундагы Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы орто мектепти пилоттук катары алып, ал жерде 6-7 жаштагы балдарды өнүктүрүү боюнча өзүнчө китепкана иштетүү боюнча да иш жүрүп жатат».

Китепканалардын акыбалын оңдоп, окурманына шарт түзүү маселеси жаңы мектептердин салынышы менен бара-бара жоюлуп баратат. Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев бул багытта адеп курулуш башталганда эле подрядчиктерге эскертилип, чоң маани берилип жатканын айтты:

«Быйылкы жылы мисалга 4 жаңы мектептин имаратын ишке берип жатабыз. Бул мектептерде окуу залы бар. Негизи эле катуу талаптарды коюп, «окуу залы, спорт залы менен болсун» деп курулушчуларга айтып атабыз. Ошондой эле айыл өкмөт башчылары да бул маселени көзөмөлгө алышкан, акырындык менен маселе чечилет».

Анткен менен жагдай такыр эле начар деп айтууга болбойт. Ысык-Көл облустук китепканасынын башчысы Зоя Мусиева Ысык-Көлдө мектеп китепканаларынан тышкары дагы 154 китепкана окуу залы менен иштеп жатканын билдирди:

«154 китепкананын ичинен бизде 5 райондук, 2 шаардык жана 2 облустук китепкана бар. Калгандары айыл өкмөттүн карамагында турган китепканалар. Материалдык-техникалык базасын айта турган болсок райондук китепканалар чоң имаратта, окуу залдары бар жерде жайгашкан. Жаңы китептер менен аларды Маданият министрлиги, улуттук китепкана, облустук китепкана берилип турат. Мындан тышкары түрдүү грант, долбоорлор аркылуу да китеп фонду толтурулуп турат. Айылдардагы китепканаларды болсо айыл өкмөттөр карайт. Мисалга, Түп районунун Кусеин Карасаев атындагы айыл өкмөтү, Барскоон айыл өкмөтү китепканага абдан жакшы көңүл буруп, жыл сайын фондун жаңыртышат. Ал эми Ак-Суу району бул жагынан жакшыраак көңүл бурбай келет. Бирок башка аймактарга салыштырмалуу биздин облуста китепканалар абалы жакшы эле. Эң эле көйгөйлүү маселе Ысык-Көл райондук китепканасында бар. Райондук китепкана убактылуу жеке тараптан имаратты ижарага алып иштеп атат, ижара акчасын Маданият министрлиги төлөйт. Себеби, азыр өзүнүн имараты эски, авариялык абалда турат».

Өткөн жылдын эсебинен Кусеин Эсенкожоев атындагы Ысык-Көл облустук балдар китепканасына облусту өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнүп, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Калган китепканаларда капчыгы бош болгондуктан жылына үстүртөн оңдоп-түзөө иштери гана болуп турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG