Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:02

«Бир адамдан бир китеп» аймак аралады


Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнкү күндө «Бир адамдан бир китеп» долбоору республика боюнча жайылып, учурда 50дөн ашык китепкана 40 миңге жакын жаңы адабият менен толукталды.

Жаш муундун өкүлдөрүнүн демилгеси менен башталган саамалык негизинен өлкөнүн алыскы аймактарында жандуу жүрүп жатат. Жыл башынан бери жалпы республиканын көптөгөн айыл-кыштактарында жана шаарларында студенттер, окуучулар, ыктыярчылар ар бир үйдүн эшигин каккылап, телефон чалып, социалдык тармактар аркылуу видео түрүндө кайрылып, коомчулукту ушул долбоорго салым кошууга чакырып жүрүшөт.

Долбоорго ар бир адам бирден же мүмкүнчүлүгүнө жараша андан көп китеп берип өз салымын кошсо болот экен. Чогулган китептерди акциянын соңунда уюштуруучу топ белгиленген аймакка салтанаттуу түрдө тапшырып, ал китеп жалпы элдин менчиги болуп калат.

«Бир адамдан бир китеп» долбоорун 2019-жылдын башында жаш муун өкүлдөрү Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу түзүп, аны жүзөгө ашыруунун усулун жана жалпы жобосун иштеп чыгышкан.

Бакай Акылбеков долбоордун максаты - жалпы элди китеп окууга үндөө, жаркын келечекке салым кошуу жана шаарлардагы, аймактардагы, алыскы айылдардагы китеп тартыштыгынын жана китепканалардын маселесин чечүү экенин түшүндүрдү.

«Мен алыскы айылдардын биринде чоңойгом. Бул долбоорду башташыма мага бала кезде китеп окубай калганым себеп болду десем болот. Анткени айылдык китепканабыз дайыма жабык болор эле. Ичинде СССРден калган 3-4 миң китеп бар болчу. Биздин жашыбызга ылайыктуу же жаңы адабияттар жокко эсе болчу. Анан калса бизге китеп окууну сунуш кылган деле эч ким болбоптур. Ушундай себептерден улам китептен алыс чоңоюп калдык. Кийин студент болгондо китепке кызыгып, бул багытта бир топ иштерди жасап, бала кезде китеп окубай калганыма аябай өкүндүм. Ойлоп көрсөм бүгүн деле Кыргызстанда жалпы коомчулук китеп окугандан алыс. Анын эң башкы себеби - китептердин жоктугу, жетишсиздиги, китепканалардын жабыктыгы, эскилиги», - деди Бакай. Ал азыр чет өлкөлөрдө иштеп жаткан жаш муун өкүлдөру да бул иш-чараны колдоого алганы жатышканын кошумчалады.

Бакай кесиби боюнча тиш доктур. Студенттик мезгилден өтүп иштей баштаганына аз эле болду. Ал ортодо өзү сыяктуу демилгелүү жаштар менен бирге беш күн жумушунда иштеп, ишемби-жекшемби күндөрү китеп топтоого, аймактарга китептерди жеткирүүгө жөнөйт.

Бул долбоор алгач Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынан башталып, андан ары Чаткал, Лейлек, Түп, Бакай-Ата, Алай, Кара-Кулжа, Кочкор, Жумгал, Аксы райондорунда, Кочкор-Ата шаарында ишке ашып, азыр да уланууда. Бири-бирин колдогон жаштардын демилгеси өлкөнүн булуң-бурчуна тарап, долбоордун элүүнчү жана элүү биринчи биринчи китепканасы Нарындагы Ак-Талаа районунун Баетов жана Коңорчок айылдарында ачылды.

Иш-чара учурунда катышуучулар арасында биринчи максат жаңы китептерди чогултуп айылга жеткирүү болгону эскерилип, эми экинчи максат - элди китеп окууга тартуу экени айтылды. Бул багытта демилгечилер мыкты окурмандар үчүн атайын сынак жарыялап, жеңүүчүлөргө ар кандай баалуу белектер коюлганын кулак кагыш кылышты. Мисалы, Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы китепкана өзүнүн эң мыкты окурманына баш байгеге велосипед койгон.​

Аталган айылдын маалыматтык китепкана тармагынын директору Гүлжаз Сулайманова китепкананын жаңы адабияттар менен толукталышы окурмандарды көбөйтөт деп ишенет.

«Бизде буга чейин жалпысынан 17 миңден ашуун китеп бар эле. Азыркы «Бир адамдан бир китеп» долбоорунан эки миңден ашуун китеп келгенин айтып атышат. Азыр так санын эсептей элекпиз. Китептердин келиши дагы эле токтой элек. Биздин китепкананы жаңы китептер менен толуктап жаткан Ак-Талаа жаштар биримдигине ыраазыбыз. Чогулган китептер негизинен учурдун көркөм адабияты, тарых, жаш муунду шыктандыруучу, агартуучу басылмалар экен. Азыр жаштар айрыкча шык берүүчү китептерди окууга кызыгат деп ойлойм. Эң башкысы - алардын көбү кыргыз тилинде», - деди Гүлжаз.

Ошол эле райондун Коңорчок айылдык китепканасында 30 жылдан бери иштеп келаткан Нуржаз Акунова элеттик китепканалар жаңы китептер менен толукталбай калганына көп жылдар болгонун айтты:

«Мен эле сүйүнүп толкунданып турам. Бул ишти уюштургандарга кайра-кайра ырахмат айтып жатам. Эки күндөн бери уктай элекпиз. Китептер келет, ачылыш деп эле чуркап жүрөбүз. Аябай жакшы болду. Мына, былтыр Айтматовдун 90 жылдыгына карата семнар өткөрүп, 30 жылдык мээнетим менен «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алдым. Кудай ден соолук берсе дагы эле иштейин деп атам. Көптөгөн кыйынчылыктар болду. Үйдө эки кагаз болсо, анын бирин ушул китепканага алып келем. Өзүмдүн акчама гезитке жазылам».

Элеттик китепканачы Акунова ошол өз акчасына жазылган бирин-экин гезитти китепканасына коюп, аны айылдаштары келип окуп турушун каалайт.

Учурда изилдөөчүлөр Кыргызстан китеп окуу боюнча Африканын, Азиянын арткы өлкөлөрүнө теӊелип калганы айтып жатышат.

Ошондой изилдөөлөрдүн биринде жүргүзүлгөн мониторингге ылайык кыргызстандыктар жылына 21 тыйын сарптап, 17 бет китеп окуй турганын, ал китептердин көпчүлүгү «Кантип байыса болот?», «Тойдо сүйлөнө турган тосттор» деген сыяктуу китептер болгону аныкталган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG