Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:21

Мамлекет китеп басууга элден сунуш күтөт


Кыргызстандагы китеп дүкөнү.
Кыргызстандагы китеп дүкөнү.

Кыргызстанда быйыл мамлекеттин эсебинен китеп басып чыгарууга 16 миллион сом бөлүнүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Министр Азамат Жаманкулов бул акчага кандай китептерди чыгарса туура болору жөнүндө элден сунуш-пикир кабыл алынып жатканын билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы мамлекет бул максатта 17 миллион сом бөлүп берген, бирок басылып чыккан китептер элдин калың катмарына жеткен эмес.

«Тизмени карап көрдүк. Көбүнесе кесипкөй тармактагы китептер болгондуктан аларды элдин калың катмарына жеткирүү мүмкүнчүлүгү аз болгон. Быйыл да чоң мүмкүнчүлүк болуп жатат. Сиздер менен да кеңешүүнү туура көрдүк», - деди ал.

Министр Жаманкулов быйыл бөлүнүүчү каражатка басылып чыгарыла турган китептердин тизмесин бекитиш үчүн атайын комиссия иштеп жатканын, сунуш-пикирлер 10-августка чейин кабыл алынарын билдирди.

Министрдин бул сунушуна тууралуу дүйнөлүк адабий китептерди түп нускадан расмий уруксат алып кыргызчалатып жүргөн Бакытбек Абдуллаев мындай пикирин айтты:

«Министрликтин кеч болсо да ушундай сунуш менен чыкканы кубандырды. Ошентсе да бул демилге боюнча бир канча суроо пайда болууда.

Министр мырза 6-августта чыгып, «10-августка чейин сунуш бергиле» дейт. Убакыт тар. Комиссия кантип, кимдерден куралган? Китеп басып чыгарууга бөлүнгөн 16 миллион сомдун канчасы улуттук адабиятка, канчасы дүйнөлүк классикага (чет элдик чыгармаларга) бөлүнгөн? Канчасы азыр дүйнөдө тренд болуп жаткан бестселлер китептерге бөлүнгөн? Азыр министрликтеги комиссиянын кайсы китептерди тандашы да маанилүү. Ар ким өзүнүн көмөчүнө күл тартпагандай ачык болушу керек.

Китеп басып чыгарууда интеллектуалдык эмгектин акысы (гонорар) жана автордук укук бааланбаганы көйгөй болуп келет. Мисалы, бир авторго гонорар катары 1000 китеп басылып чыкса ага ошол 1000 китептин 100 даанасын колуна карматып коёт же 1000 китеп типографиядан 100 миң сомго чыкса, авторго 10 миң сом берет. Бул авторду шылдыңдоо да. Бизде бул багытта саясат начар. Дүйнөлүк практикада китеп канчадан сатылса, анын 10% авторго төлөнөт».

Ал эми «Рух Эш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир мамлекеттик система толук өзгөрмөйүнчө сапаттуу китептерди күтүүнүн зарылчылыгы жок деген пикирин ортого салды:

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

«Министрдин ою жакшы. Бирок механизмдери мага белгилүү. Мамлекеттик система толук өзгөрмөйүнчө ишениш кыйын. Элди эйфорияга киргизип алып, үмүттөнсөң эч нерсе жок. Миллиондогон акча бөлүнүп жатат, Улуттук тил комиссиясына, Улуттук илимдер академиясына. Алар кирпичтей-кирпичтей китептерди чыгарышат, баары макулатура. Илимдер академиясы 40 томдук элдик адабиятты чыгарган, анысы элге деле жеткен жок. Мамлекеттик система эч качан жеке сектордой иш жасай албайт. Бул иш жарым жолдон токтойт, жарым жолго жетерине да көзүм жетпейт. Бул жөн гана элдин көңүлүн алуу. Себеби министр «атайын комиссия түзөбүз, комиссия талдайт» деп айтып жатпайбы. Комиссия кандай критерий менен карайт? Маселе ошондо. Алар көп учурда «бул кишинин юбилейи болуп жатат» деп, канча көзү өтүп кеткен акын-жазуучулардын китептерин ылгабай «Тандалмалар жыйнагы» деп чыгарышат, ал китептер «Нуска» китеп дүкөнүндө макулатура болуп тизилип турат. Комиссия өзүнүн ою жок, пикирин айта албаган, коммунисттик системадагыдай көпчүлүктүн шары менен кол көтөрүп койгон адамдардан түзүлөт, ошону менен баягы кокуй кейпин киет».

Бакытбек Абдуллаев китептерди которууда сөзсүз расмий уруксат алуу керек экенин кошумчалады:

«Заман талабына ылайык, тренд болуп жаткан китептерди кыргызчага которуш үчүн автордук гонорар менен котормого кеткен эмгекти да эсепке алыш керек. Болбосо халтуралар өтө берет.

Чет элдик чыгармаларга автордук гонорар төлөбөй басып чыгаруу да мүмкүн. Ал үчүн 70 жыл өткөн болуш керек. Ошондо элдики болуп калат. Бирок заман, доор өзгөрүп жатат, окурмандын да табити өзгөрөт дегендей. Мисалы, балдар адабияты боюнча эски доордун чыгармаларын эле чыгара беребиз. Алар азыркы балдарга кызыксыз. Заманбап жомокторду которуш үчүн автордон уруксат алып, ага «royalty fee» төлөп, анан которуш керек. Бул оңой эмес эмгекти жана каражатты талап кылат. Бизде ал каралбайт дагы, болгону типографияга кетчү акчаны гана эсепке алышат.

Акыркы 5-10 жылда дүйнөдө тренд болгон бестселлер китептердин кыргызчасы басылып чыгып, сатылганы менен алардын көпчүлүгү уурулук жол менен жасалууда. Авторунан уруксат албай эле басып чыгарып коюп жатышат. Бул ачык эле уурулук.

Министрлик китеп басып чыгарууну (чарбалык ишти) токтотуп, автордук укугу сакталып чыгарылган чет элдик бестселлерди 1064 китепканага 1064 даана сатып алса, бизнести да колдогон болор эле. Чарбалык ишке министрлик киришчү болсо типографияларды тандоодо, баасын аныктоодо коррупция да болот, китептин сапаты да начар чыгып калат. Муну көрүп жүрөбүз».

Сунуштар кыргыз авторлорунун чыгармалары, дүйнөлүк классика жана дүйнөлүк аянтчада аябай популярдуу болуп жаткан чыгармалар деген үч багытта кабыл алынууда. Айрымдарын быйыл, ал эми котормо талап кылынгандарын келерки жылы басылып чыгаруу пландалган. Алар мамлекеттин бардык аймактарындагы китепканаларга таратылып берилет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG