Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 23-февраль, 2020 Бишкек убактысы 09:41

Автордук укук алымсындыра элек


Кыргызпатент.

2019-жылы Кыргызпатент ата мекендик музыкалык чыгармаларды пайдаланганы үчүн кафе-ресторан, мейманкана сыяктуу эс алуучу жайлардан, телерадиолордон 12 миллион сом чогултту. Бул жылдагыдан көп.

Бирок айрым авторлор берилген сый акы аз экенин айтса, айрымдар чыгармалар сапатына жараша бааланбай жатканына капа болуп жатышат.

Түмөнбай Колдошев - бүгүнкү күндө чыгармалары өтүмдүү болуп турган обончу. Акыркы жылдары анын обондору бир нече ырчынын аткаруусунда дээрлик ар бир телерадиодон жаңырып келет. Автор мындай эмгеги үчүн жылына алган сый акы тууралуу айтып берди:

Түмөнбай Колдошев.
Түмөнбай Колдошев.

«Менин эң көп сый акы алганым бир жылда 12 миң сом болгон. Андан бери деле төрт-беш жыл өтүп кетти. Негизи жылына бул суммага жетпейт. Жылына алты, жети, сегиз миң сомдун тегерегинде алам десем болот. Чынында биз ырдап чыккан ырлардын чыгашасы деле бир топ. Кайсы авторлорго канча берилип жатканы тууралуу кабарым жок. Бирок эгер аткарылган ырлардын сөзүнүн авторуна мынча, музыкасынын авторуна мынча, аткаруучуга мынча деген ачыктык болсо жакшы болмок».

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын (Кыргызпатент) жетекчиси Динара Молдошева 6-январда Жогорку Кеңештин жыйынында маалымат берип жатып 2019-жылы автордук укук боюнча 12 миллион сомго чейин каржы чогулганын, ырчылардын арасынан Мирбек Атабеков менен Бек Борбиев эң көп сый акы алганын маалымдаган.

Бирок мурда Кыргызпатентте төраганын орун басары болуп иштеп кеткен эмгек сиңирген артист Бек Борбиев учурда өзүнүн автордук укугу толук корголуп жатканына да ишенбейт.

Бек Борбиев.
Бек Борбиев.

«Бул көйгөлөрдү мен абдан жакындан билем, - деди ал. - Азыр автор катары менин укугум 10-15% гана корголуп жатат. Мындайча айтканда, менин автордук укугум корголгон жок деп айтсам да болот. Анткени биздин мыйзамдарыбыз ошондой жазылып калган. Ал мындан 10-15 жыл мурун бурмаланган. Мен ал жерде иштеп жүргөндө жаңы мыйзам долбоорлорун даярдата баштагам. Кызматтан кеткениме байланыштуу ал мыйзамды парламентке жеткире албай калдык».

Деген менен автордук укукту коргоо жаатында радиодон кеткен чыгармаларды эсептеш үчүн түзүлгөн ТМС компаниясынын негиздөөчүсү Тынчтыкбек Кожобеков Кыргызстандын автордук укук боюнча мыйзамдары чийки дегенге кошулбайт. Адистин пикиринде, автордук укук жаатында келип чыккан кыйынчылыктарга көбүнчө ошол чыгармалардын авторлору себепкер.

Тынчтыкбек Кожобеков.
Тынчтыкбек Кожобеков.

«Бул жерде авторлордун өз укугун коргой албаганы, мыйзамды билбеген сабатсыздыгы себепкер болуп жатат. Түйшөлүп жазган чыгарма акыры айланып келип сиздин мээнетиңиз да. Сиз аны коргой билишиңиз керек. Ким ырдап атат, туура ырдап жүрөбү, туура эмес ырдап жүрөбү деген маселелер боюнча аны тескей турган органдарга кайрылышыңыз керек. Керек болсо чыгармаларыңызды патенттеп алганыңыз жакшы. Авторлор өз укугун өзү коргобогондугу үчүн фонограмма жаздырып алып ырдап атышат. Тойдо жыргап атышат».

Шарт боюнча Кыргызпатент автордук укук үчүн жыйым чогултууга чыгарма ээлери менен келишим түзөт. Өлкөдөгү бардык телерадио, театрлар, кафе, ресторан жана мейманканалар музыка пайдаланганы үчүн авторлорго акы төлөөгө тийиш. Аларга инспекторлор барып, ошол жайдагы орундарды санап, атайын формула менен авторлорго канча акы чегерилгенин чыгарат. Натыйжада көп кайталанган ырлардын авторлоруна көп сый акы төлөнөт.

Композиторлор биримдигинин жетекчиси Турдубек Чокиев ал калем акы чыгармалардын сапатына жараша эмес, кайра-кайра кайталанганына жараша төлөнүп жүргөнүн туура эмес деген оюн айты:

Турдубек Чокиев.
Турдубек Чокиев.

«Радиолордо музыкалык адис эмес, жалаң техникалык билими барлар же журналисттер отуруп алышы мүмкүн. Алар «эл угуп атат» деп Борбиевди он маал, Атабековду 20 маал ырдата беришет. Ал эми сопсонун чыгармалары бар композиторлордун, мисалы Молдобасановго, Шералиевге, Абдыкадыровго окшогон залкарлардын чыгармаларын бир да жолу коюп бербей жатпайбы. Себеби пультта жогоруда отурган залкарлардын ырын билмек түгүл өздөрүн да тааныбаган үн режиссёрлору отурат да».

Чокиев жаратмандар бул маселени кайра-кайра көтөрүп келатканын, бул жагынан Кыргызпатенттин укугу чектелүү экенин, алар негизинен калем акы топтоо менен гана алектенерин кошумчалады.

Учурда Кыргызпатенттин сайтында 500дөй авторго издөө салынган. Алар - ырдалып жүргөн чыгармалары үчүн калем акысын албай жүргөн авторлор. Аталган мекеменин басма сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиева калем акы мыйзамда көрсөтүлгөн чен-өлчөмдүн негизинде эсептелерин, бир ырдын сый акысы анын сөзүнүн авторуна, обонунун авторуна, актаруучуга бөлүнөрүн билдирди:

«Мыйзамда баары эң сонун жазылган. Мисалы, сулуулук салону болсо, ал жерде канча орундук бар, кайсы ырлар коюлат - ошонун баары эсептелип, анын негизинде лицензия берилет. Ресторан, көңүл ачуучу борборлор тууралуу да ошондой. Алар менен эсептешүү, угулган ырларга канча сый акы чогултуу боюнча эсептер так көрсөтүлгөн. Биз ал боюнча келишим түзүп, анын негизинде калем акы чогултабыз».

Кудайбердиеванын айтымында, эгер чыгармаларды пайдаланган кардарлар авторлорго калем акы төлөбөсө Кыргызпатент сотко кайрылууга укуктуу, бирок ушул убакка чейин бир да соттошуу болгон эмес.

Анткен менен Кыргызстанда бир катар чыгармачыл бирикмелер, искусство адамдары өлкөдө автордук укук корголбой келе жатканына нааразы болуп келатышат. Буга чейинки расмий маалымат боюнча, Кыргызпатентте үч миңден ашык автор, 18 миң музыкалык чыгарма расмий түрдө катталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG