Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Өнөр адамдары "Кыргызпатентке" талап коюшту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ырчы, обончу, акын-жазуучулардан турган элүүдөн ашык өнөрпоз автордук укугун коргоону талап кылып чыгышты. Алар “Кыргызпатент” мекемесинде чогулуп, ырдын сөзүнө, обонуна калем акы өндүрүүнү жакшылап көзөмөлгө алууну талап кылышты. Аталган ишкана болсо автордук укукту коргоодо чыгармачыл адамдардын өздөрү кайдыгерлик кылып жатышканын билдирди.

Радио менен ТВларга таарынган ырчылар

​“Кыргызпатент” мекемесинде өткөн адистер менен өнөрпоздордун жолугушуусу кызуу пикир, кызыл чеке талаш-тартыш менен коштолду.

Атайын уюшуп алып келген ырчы, обончу, акын, жазуучулардан түзүлгөн топ аталган ишканадан бир гана нерсени талап кылып жатты – чыгармаларга болгон автордук укукту коргоо жана аларга калем акы төлөтүү. Элүүдөн ашык чыгармачыл адамдардын талаптарын ырчы Айбек Карымов угузду:

“Кыргызстан обондору” ырчыларга жылына 16 миң сом эле гонорар төлөйт экен. Ушул кантип болсун? Бул радио кыргыз ырчыларынын ырлары менен жашап жатса, анан уялыш да керек да.

- Кыргызстандагы телеканалдардын баары ырчылардын музыка, клиптерин, обончу, акындардын чыгармаларын үзгүлтүксүз берип турушат. Ал тургай кадрдын сыртында да музыка менен беришет. Бирок гонорар төлөгөнү келгенде эле, жок болуп кетишет. Бул жагын карап, тиешелүү маалымат каражаттарына чара көрүп бериңиздер. Кыргызстандагы ырчылардын автордук укуктары бир гана сиздерде, “Кыргызпатентте” болгондон кийин, сиздер ошолорго кат жөнөтүп ырчыларга калем акы өндүрүп бериңиздер. Бир эле мисал, бизге жеткен маалымат боюнча “Кыргызстан обондору” ырчыларга жылына 16 миң сом эле гонорар төлөйт экен. Ушул кантип болсун эми? Бул радио кыргыз ырчыларынын ырлары менен жашап жатса, анан уялыш да керек да. Бир эле бул радио эмес, башкаларда да абал ушундай. Ушулардын баарын көзөмөлгө алып бериңиздер.

Ал эми Эл артисти, айтылуу “Кызбурак” тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова чыгармаларга Коомдук биринчи канал аз гонорар төлөп жатканын мисал келтирди:

Гүлшайыр Садыбакасова.
Гүлшайыр Садыбакасова.

- Ырчы, обончулардын чыгармаларын мурда бир эле КТРК каналы өзү көрсөтчү. Азыр бул каналдын ичинде беш-алты канал ачылып, алардын баарында ырчылардын ырлары, клиптери жамгырдай болуп жаап жатат. Бирок ошол ырчыларга мурда деле бир млн. сомдун тегерегинде гонорар төлөсө, эми беш-алты канал ачылгандан кийин деле ушундай эле суммада гонорар төлөп келатат. Эмне себептен алар гонорарларды көбөйтпөйт? Анан ушул эле телеканал жыл бою ырчылардын ырларын каалагандай берип келет да, жыл соңунда жаңы жылдык программасына кайра ырчылардан акча алып чыгарат. Акыркы үч жылдан бери биз ушуга катуу капа болуп келебиз. Бул даттануу бир эле КТРКга эмес, жалпы эле Кыргызстандагы телеканалдарга тиешелүү.

12-декабрдагы чогулуш
12-декабрдагы чогулуш

Жолугушууга келген ырчы-обончулар Исрадин Аманбаев, Гүлнур Сатылганова, Урмат Усенов, Гүлнара Кахарова, Айнура Салахидинова, Темир Назаров, Роза Шакирова, Ильяз Андаш, Кыздаркан Келдибекова жана башкалар алардын ырлары жарыяланган дисктер пираттык жол менен таркап жатканын айтып, муну кескин түрдө токтотууну өтүнүштү. Алар бул үчүн мыйзамдык жана башка чараларды күчөтүү керек экенин айтышты.

Кыргызстанда аткаруучулар өздөрү да клип тарттырууда, ыр жаздырууда акындар менен обончулардын аттарын эч жерге жазбай, айтпай, өзүнүкүндөй эле ырдап, чыгарма авторлорунун автордук укуктарын одоно бузуп жаткан көрүнүш кеңири тараган. Айрым учурларда ага авторлордун чыгармаларды патенттегени деле жардам бербейт. Маселенин ушул өңүтү боюнча акын, жазуучу Жыпар Исабаева кепке кошулду:

- Мисалы, көп эле тексттерди аткаруучулар алат дагы, обон чыгарып, авторун айтпай ырдап жүрө беришет. Ал тургай телеканалардарда дагы ыр, клиптер кетип жатат, алдына болгону аткаруучунун гана аты-жөнү жазылат. Анын текстин жазган, обонун жазган кишилердин аты-жөнү таптакыр унутта калат. Ушул нерсе менин жана башка акындардын, обончулардын көңүлүн оорутат. Кээде тексттин автору башка ат менен деле жазылып кала берет. Маселен, мен китеп болуп чыккан ырларымдын баарын патенттегем, бирок ошонумду деле коргой албай келем. Аны аткаруучулар каалагандай пайдалана беришет.

"Ырларды каттатышпайт"

Жыйында “Кыргызпатент” мамлекеттик мекемесинин адистери чыгармаларга болгон автордук укуктарды коргоодо айрым мыйзамдык ченемдердин кемчилиги кедергисин тийгизип жатканын мойнуна алды. Бирок алар мындай кырдаалдын жаралышына ырчы-чоорчу, обончу-акындардын өздөрү да айыптуу экенин, муну алардын ырларын бул кызматка келип атайын каттатпаганы менен түшүндүрдү.

“Кыргызпатенттин” автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспекторлоо бөлүмүнүн башчысы Аскар Нажимудинов мындай дейт:

- Ырчылар мыйзамдык базаны түшүнбөй, "аткаруучулардын укуктары корголгон эмес" деп жатышат. Бул сөздөр таптакыр туура эмес, корголуп эле жатат. Ушул жерге чогулган ырчылардын көбү эле гонорарларын алып жатышат. Башка кеп - болгону массалык маалымат каражаттарынын бизге берилген отчеттору туура эмес болуп, ошондон гонорар аз алынып калып жатышы мүмкүн. Буга биринчи кезекте мониторинг системасын жөнгө салып алыш керек, экинчиден мыйзамдык базаны бир сыйра оңдоп, алымча-кошумча кылып алыш керек. Ал эми "ушул эле маселелерди талкуулап алалы, сунуш, пикир идеяларды айткыла" десе өнөрпоздор өздөрү келбейт, бүгүн биринчи жолу ушинтип чогулуп жатышат. Анан жаңы ырларды каттаттууга өздөрү кайдыгер болуп, натыйжасына кайра эле өздөрү нааразы боло беришет.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын (“Кыргызпатент”) билдирүүсү боюнча, өткөн бир жыл ичинде адабий, музыкалык, аудио-визуалдык, фото жана көркөм сүрөт багытындагы чыгармаларга 11 млн. сомдой калем акы өндүрүлгөн. Бул каражат ошол эле радио, телеканалдардан, диск чыгаруучу студиялардан, кинотеатрлардан, эс алуучу кафе-ресторан жана башка жайлардан алынган. Бул сумма кайра миңге жакын өнөрпоздорго берилген.

Деген менен өнөрпоздор маалымат каражаттары чыгармаларды күнүнө жана жылына канча жолу берип жатканы так болбогондуктан, аларга калем акы реалдуу төлөнүп жатканынан шектенишет. Медиа-эксперт Тынчтык Кожобеков болсо муну өзүнүн “ТМС” мониторинг сервиси менен аныктоого болоорун белгиледи:

- Биздин “ТМС” мониторинг кызматы радиодон жана ТВлардан кеткен ырлар канча жолу, кайсы убакытта кете турганын автоматтык түрдө эсептеп турат. Мына, маселен 2016-жылы бир эле Мирбек Атабековдун ырлары 16 радиодон 14 миң жолу кеткенин каттаганбыз. Мунун баарын атайын программа эсептейт, буга болгону аз-маз акы төлөп катталып коюш керек. Анан ушунун негизинде эфирден ырлары канча жолу кеткенин тастыктап алса, ырчы радио жана телеканалдардан ошого жараша калем акы талап кыла баштайт.

Чыгармачыл жарандардан түзүлгөн топ чогулуштун соңунда атайын кайрылуу кабыл алып, анда массалык маалымат каражаттары ырчы, обончуларга гонорар төлөөнү көбөйтпөсө алар менен кызматташууну токтото турганын билдирди.

2014-жылы автордук укукту коргоо максатында бул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилип, чыгарманы уурдагандарга айыппул 10 эсе көбөйтүлгөн. Мурда 2 миң сом айып төлөнсө, азыр анын көлөмү 20 миң сомго барабар.

Маалыматка караганда, ушул тапта чыгарма талашып соттошуп жаткан 2-3 автор бар. Былтыр Коргоо кеңеши “Кыргызпатент” ишканасынын өзү автордук укукка байланыштуу көз боёмочулукка жол бергенин, ондон ашуун жемкорлук иштер аныкталганын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG