Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:14

Кыргызстанда 62 мектептин окуучулары кадимки режимде окуп жатышат


Биринчи класстын балдары мектепте. Бишкек шаары. 1-сентябрь, 2020-жыл.
Биринчи класстын балдары мектепте. Бишкек шаары. 1-сентябрь, 2020-жыл.

Жаңы окуу жылында Кыргызстандагы 62 орто мектептин окуучулары кадимки режимде, мектепте окуп жатышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Билим жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов билдирди:

«Бул мектептерде балдардын саны аз. «Жашыл зонада» жайгашкан. Көпчүлүгү алыскы аймактарда. Ошондуктан бул мектептерде 1-11-класстын окуучулары баары мектепте окуп жатышат».

Коронавирус пандемиясынан улам өткөн окуу жылынын 4-чейреги аралыктан окуу менен аяктаган. Жаңы окуу жылында да мектептер менчиктин түрүнө карабай, онлайн форматта, аралыктан окутууну улантышты. Аралыктан окуу Интернеттеги атайын тиркемелер аркылуу жана КТРКнын «Баластан», ЭлТРдин «Илим-Билим» каналдары аркылуу жүргүзүлүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги төртүнчү чейректе аралыктан окутуу мезгилинде муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөнү телевизор менен камсыздаган. Жаңы окуу жылынын башталышына чейин министрлик жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен дагы 1 928 үй-бүлөнү телевизор, 31 143 смартфон менен окуучуларды камсыздаган.

Кыргызстанда 2200дөн ашуун мектепте бир миллиондон ашуун окуучу билим алат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG