Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Кооптуу вирусту унуттурган кырдаал


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб элди сак болууга чакырып, бул вирустан жана пневмониядан каза болгондор боюнча көрсөткүч оорлой баштаганын билдирди.

Бишкек шаарынын тургуну Раушан Айткулова "Фейсбуктагы" баракчасына таанышы пневмониядан бир күн мурун каза болгонун жазды. Айткулова маркумдун жолдошу да өпкөсү кагынып ооруканада жатканын айтты:

«Апамдын курбусу өпкөсү кагынып көз жумду. Ушунчалык ачык адам эле. Анын жолдошу азыр илдет менен күрөшүп жатат. Эжебиз күйөөсүн ооруканада карап жаткан эле. Экөө тең ооруканадан жугузуп алган окшойт».

10-октябрда коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб элди сак болууга чакырып, бул вирустан жана пневмониядан каза болгондор боюнча көрсөткүч оорлой баштаганын билдирди.

Штабдын маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде үч адам каза болуп, вирус дагы 306 адамдан табылды. Каза болгон учурлар Бишкек жана Ош шаарларында катталды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган.

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Мадамин Каратаев соңку кырдаал вирусту күчөөтүүгө шарт түзүп жатканын жана алдын ала даярдыктар көрүлгөнүн билдирди:

Мадамин Каратаев.
Мадамин Каратаев.

«Азыр элдин чогулуп жатканы да абалды күчөттү. Оор абалда кайрылган бейтаптар бар. Ага карабай биз даярдык көрүп жатабыз. Ооруканаларда орун жок деген кабар чындыкка дал келбейт. Шарттар түзүлүп жатат».

9-октябрда Бишкектеги шаардык клиникалык №6 оорукана бейтаптарды кабыл алуу үчүн ачылды. Эгер вирус күчөп кетсе бул оорукана COVID-19 жуккандарды да кабыл алат.

Коронавирус жугузгандар Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада, Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасында, Улуттук фтизиатрия борбору менен Улуттук госпиталда кабыл алынууда. Вирус көбөйсө кошумча ооруканалар ачылары күтүлүп жатат.

Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынын дарыгерлеринин айтымында медициналык уюмга күн сайын клиникалык жактан тастыкталган 10-12 бейтап кайрылууда. Учурда медициналык уюмда 69 адам дарыланып жатат. Алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, оор абалда экенин дарыгерлер билдиришти.

«Жарандар өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына болгон жоопкерчиликти унутуп коюшту. Акыркы эки аптада бизге келип түшкөн бейтаптар көбөйдү. Мындан улам элге кайрылам. Беткап тагынгыла, социалдык аралыкты сактагыла, колду үзгүлтүксүз самындап жууп, антисептик менен тазалоону унутпагыла. Азыр респиратордук жугуштуу оорулар, сасык тумоо күчөдү. Бул ооруларды алдын алуу - маанилүү», - дейт Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынын дарыгери Эркин Бакиев.


Бул оорукананы жандандыруу бөлүмүндө иштеген дарыгер Надыр Жообаевдин айтымында бейтапканада дары-дармек, медициналык жабдуулар менен жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү.

«Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактагысы келбегендер биринчи кезекте үйүндөгү балдарынын, ата-энесин ойлошу шарт. Жоопкерчиликти терең сезип, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын аткарууга милдеттүү. Ушул жол менен гана COVID-19 илдетинин мындан ары жайылышына бөгөт коё алабыз», - деди ал.

Бишкекте 5-октябрдан тартып нааразычылык акциялары токтобой келет. Айрым адистер пандемия шартында элдин топтолуп, коргонуу эрежелерин эске албай жатканын абалды күчөтүшү мүмкүн деп эскертишет.

Дарыгер Эрмек Исмаилов акыркы апта ичинде ыктыярчы дарыгерлер тобуна кайрылгандар көбөйгөнүн билдирди:

Эрмек Исмаилов.
Эрмек Исмаилов.

«Элдин эч кандай беткапсыз чогулуп жүргөнү да азыр абалды курчутуп жатат. Ошол эле кезде митингде жүргөн айрым саясатчылар ооруп калганын, симптомдору коронавирустукундай экенин айтышты. Демек ал жерде вирус болуп, тарап кетиши толук ыктымал. Биздин телеграмм топко, дарыгерлерибизге кайрылгандар көбөйдү. Азыртан эле ооруканаларда орун жетишсиздиги байкалууда».

Ал эми медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиев учурда элдин, өкмөттүн көңүлү коронавирустан башка маселелерге бурулганын айтат. Ал азыркы абалда илдетти күчөтүп алуу коркунучу жогорку экенин белгиледи:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«Азыр оорубаган адамдардын 20% эле оор формага кабылса биздин ооруканалар кабыл албай калат. Себеби, ооруканаларда 8000 эле койка бар. Бул бизге жетишсиз. Азыр эми элдин көңүлү митингге бурулуп, беткапсыз жүрүшөт. Бул да абалды кайрадан күчөтөт».

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1 085ке жетти. Оору жуккандардын жалпы саны, ошентип, 49 230га жетти.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG