Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Оштогу тойкана ээлеринин өтүнүчү


Оштогу тойкана ээлери жана өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүштү. 15-сентябрь, 2020-жыл.
Оштогу тойкана ээлери жана өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүштү. 15-сентябрь, 2020-жыл.

15-сентябрда Ош шаарында жана Кара-Суу, Өзгөн райондорунда жайгашкан тойканалардын ээлери, ырчы-тамадалар басма сөз жыйынын өткөрүп, тойлорду ресторандарда өткөрүүгө уруксат берүүнү бийликтен суранышты.

Алар базар, мал базар, коомдук транспорт иштеп, саясий партиялар жүздөгөн адамдарды топтоп, үгүт иштерин өткөрүп жатканын жүйө келтирип, ресторандардын ишине тыюу салуу адилетсиздик экенин айтышты.

Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы «Семетей» ресторанынын ээси Эркебай Жумаев келишимде каралган салыктарды төгүп жатканы менен ресторанын иштетүүгө уруксат берилбегенине нааразы болду:

Эркебай Жумаев.
Эркебай Жумаев.

«Учурда базарлардын баары ачык. Кара-Суунун базарына Өзбекстандан кирүүгө уруксат берилген. Күнүнө миңдеген адам кирип-чыгат. Шаардагы ашканаларда деле миңдеген адам тамактанат. Мал базарлар бүт ачык. Бардыгына уруксат берип, тойканаларга гана уруксат берилбей жатат. Жок дегенде 100-150 адамга уруксат берсин. Биздин насыябыз да бар. Мен бир айда 60 миң сом насыя төлөйм. Тууган-уруктан карыз алып бүттүк. Кайдан алабыз эми?»

Журналисттерге жыйын курган тойкана ээлери ондогон кишини жумуш менен камсыз кылып келишкенин, азыр той сезону учурунда иштеп алууга далалат кылып жатышканын айтты.

Ош шаарынын кире беришинде жайгашкан дагы бир тойкананын ээси Гүлнур Ибраимова уруксат берилсе, санитардык эрежелерди сактоо менен конокторду тейлөөгө даяр экенин айтты:

Гүлнур Ибраимова.
Гүлнур Ибраимова.

«Кол алдыбызда иштеген жумушчулар аргасыз отурушат. Эң эле негизги көйгөйүбүз ресторандарды ачып берсе чечилмек. Ресторанда иштегендер «Жумуш башталабы?» деп сурап атышат. Башка ресторандарда тойлор өтүп жатат деп угуп жатам. Мен өзүм кыдырып барып көрбөгөнүм үчүн «ушул жерде өтүп атат» деп айта албайм».

«Тойлор өтүп, талапкерлер өбүшүп учурашып...»

Буга чейин жергиликтүү бийлик тойлорго тыюу салып, ал катуу көзөмөлдө болорун байма-бай айтып келет. Бирок ага карабай тойлор өтүп эле жатканын маараке уюштуруучулары да бир ооздон айтышты. Каерде, кайсы тойканада болуп жатканын ачык айтышкан жок.

Ырчы-тамада Кутман Султанов айрым бийлик өкүлдөрү өздөрү той өткөрүп жатканын, шайлоодогу үгүт иштеринде да санитардык нормалар сакталбаганын журналисттерге кулак кагыш кылды:

«Күнүнө 150-200 адам менен талапкерлер жүгүрүп барып өбүшүп учурашып жүрүшөт. Чайканалар, самсаканалар, лагманканалар биринин кашыгы менен бири колдонуп, биринин сайгычы менен экинчиси жеп атышат. Базарларды өзүңөр көрүп атасыңар. Ошундуктан калыстык болушу керек. Жогорку Кеңештин, шаардык кеңештин депутаттары, мэрияда иштегендер, биз барган тойго силер да барып атасыңар. Силер барган тойду мен алып бардым, жакында эле. Жукса баарыбызга жукмак, ошон үчүн ачкыла».

Журналисттерге жыйын курууга чогулган кафе-ресторандардын ээлери.
Журналисттерге жыйын курууга чогулган кафе-ресторандардын ээлери.

Жергиликтүү бийлик тойлор өтүп жатканын танган жок. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев шаардык жана республикалык штаб азырынча тойлорго уруксат бере элек экенин билдирди:

«Ушундай фактылар болуп жатат. Биз аны менен байма-бай иш алып барып атабыз. Эми жакшылыктар, тойлор эле болсун. Бирок тойду токтотуп турсак жакшы болот. «Чоңдордун рестораны иштеп жатат, мунуку иштебей жатат» деп саясат жасоодон алыс болсок».

Ошто тойлордун жашыруун өтүп жатканын үйлөнүү-үлпөт кортеждеринин жүргөнүнөн жана ырчы-чоорчулардын коомдук тармактагы сүрөт-видеолорунан байкоого болот. Буга чейин кафе-ресторандарда бир нече жолу үлпөт той өтүп жаткан жеринен токтотулуп, айып салынган.

Чогулгандардын арасында ырчы-тамадалар да бар.
Чогулгандардын арасында ырчы-тамадалар да бар.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 15-сентябрда брифингде кафе-ресторандарда орунду көбөйтүүгө уруксат жоктугун айтты:

«Эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен тойканаларда 100 орунга чейин уруксат берүү боюнча маселе республикалык штабда каралмайынча, алардын ачылбай тургандыгын эскертемин. Азыр жарандардан, ишкерлерден кафе-ресторандардагы орундарды 100-150гө чейин көбөйтүү боюнча талаптар, суранычтар түшүп жатат».

Боронов бул маселе кырдаалга жараша каралышы ыктымал экенин кошумчалады.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб март айынан тартып массалык иш-чараларга, анын ичинде тойлорго да тыюу салган. Тамактануучу жайларга кишинин саны 50дөн ашпашы керек деген шарт менен уруксат берилген.

Кыргызстанда 15-сентябрга чейин 45 миңдей киши COVID-19 жуктуруп, алардын миңден ашууну каза тапты. Акыркы сутка ичинде 73 киши илдетке кабылган.

XS
SM
MD
LG