Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

2020-жылы өтпөй калган мелдештер


Маанайы чөккөн күйөрман.
Маанайы чөккөн күйөрман.

Кыргызстандыктар катыша турган жана пандемияга байланыштуу күзгө жылып калган бир катар эл аралык турнирлер дагы кийинкиге калды. Анын ичинде футбол жана спорттун башка түрлөрү бар. 

Алгач эле сөздү футболдон баштасак. Азия футбол конфедерациясы (АФК) өткөн аптада бир катар эл аралык мелдештерди кийинкиге жылдырып, айрым мелдештерди өткөрбөй турган болду. Буга ылайык ушул жылдын октябрь айына пландалган клуб аралык АФК кубогу быйыл өтпөй калды. Бул мелдешке Кыргызстандын чемпиону «Дордой» футбол клубу катышмак жана команда тажикстандык «Истиклол» жана «Худжанд», Түркмөнстандын чемпиону «Алтын Асыр» командалары менен күч сынашмак.

«Дордой» футбол клубунун басма сөз катчысы Тенгелбес Мусаев АФК кубогунун өтпөй калганына кайгырып турганын билдирди:

Тенгелбес Мусаев.
Тенгелбес Мусаев.

«Албетте, биз АФК кубогуна катышууну чыдамсыздык менен күтүп жатканбыз. Бул мелдешке даярданыш үчүн команданы толуктап, бир топ жумуштар жасалды. Сезон алдында клуб Түркияда эки окуу-машыгуу өткөрүп, командага чет элдик оюнчулар чакырылган. Пандемия убагындагы кыйынчылыктарга карабай уюштуруучулар мелдешти өткөрүүгө аракет кылышты. Бирок, тилекке каршы, мелдеш такыр токтотулду. Абдан кайгырып турабыз. Биз эл аралык аренада Кыргызстандын атын чыгарып, бул мелдеште ийгиликке жетүүгө камынып жатканбыз. Азыр эми футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугун утуп, кийинки жылга кайрадан жолдомо алып АФК кубогунда ойноого аракет кылабыз».

«Ак шумкалар» быйыл ойнобойт

Коронавирус пандемиясынан улам Бахрейнде жана Өзбекстанда өтө турган Азия чемпионаттары (16 жана 19 жашка чейинки курама командалар арасындагы Азия чемпионаты) 2021-жылга жылдырылды.

АФКнын аткаруу комитетинин чечимине ылайык ушул жылдын февраль айына пландалган футзал боюнча Азия чемпионаты болсо 2-13-декабрь күндөрү Кувейт шаарында өтмөй болду.

Буга чейин чемпионат Түркмөнстандын борбору Ашхабадда февраль айында өтөөрү пландалып, пандемиядан улам ноябрга жылдырылган болчу. Азиянын 16 мыкты командасы катыша турган Азия чемпионатында Кыргызстан «В» тайпасында Жапония, Ливан, Кувейт өлкөлөрү менен күч сынашат.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатына жолдомо уткан учуру. Иран, Урмия шаары. 24-октябрь, 2019-жыл.
Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатына жолдомо уткан учуру. Иран, Урмия шаары. 24-октябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2020-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Жапония, Мьянма, Монголия өлкөлөрүнүн курама командалары менен жаз айларында беттешмек. Бул беттештер да кийинкиге жылдырылган жана азырынча оюндардын качан өтөрү белгисиз.

«Ак шумкарлар» 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо турунда «F» тайпасында Жапониядан кийин 7 упай менен экинчи орунда келе жатат. Алдыда дагы үч оюн бар.

АФК эл аралык мелдештерди токтоткону менен Кыргызстандын футбол боюнча премьер-лигасы 7-августа футбол боюнча өлкө чемпионатын жандантып, учурда мелдештер көрүүчүлөрсүз өтүп жатат.

Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын мүчөсү Базарбек Абдураимов пандемиянын футболго тийгизген таасири тууралуу буларга токтолду:

«Пандемиядан улам спорттук мелдештердин баары токтоп калды. Бирок айрым мамлекеттер коронавирус менен күрөшүүдө жакшы иштерди алып барды. Мисалы, Германия биринчиден болуп спортчулар үчүн медициналык регламентти иштеп чыгып, дароо эле футбол боюнча Германия чемпионатын жандантты. Ошол эле учурда башка мамлекеттерде мелдештер токтоп турган. Бул өз учурунда «Баварияга» Чемпиондор лигасын утуп алууга жардам берди. Мунун баары жөн жерден эмес. Ал эми Кыргызстанда болсо мамлекет спортту каржылоону эки эсе азайтып салды. Спортчулардын оюн эч ким деле уккан жок. Пандемия Кыргызстандагы спорт тармагынын кыйынчылыктарын мурункудан да күчөттү».

Кийинкиге жылган оюндар

2020-жыл спорт сүйүүчүлөр үчүн турнирлерге, чемпионаттарга жана эл аралык мелдештерге бай болору айтылып жаткан. Алардын катарында Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндары, Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндары да бар болчу. Эки мелдеш тең 2021-жылга жылдырылды.

Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылы 12-августта Изник шаарында өтөрүн кабарлады.

Сентябрдын башында Эл аралык Олимпиада комитетинин вице-президенти Жон Коутс Токио Олимпиадасы 2021-жылдын 23-июлда башталарын билдирди. Коутс Олимпиада оюндары эч нерсеге карабай өтөрүн да кошумчалады. Токиодо жайкы Олимп оюндары 24-июлдан 9-августка чейин өтмөк.

Олимп оюндарынын 124 жылдык тарыхында бул иш-чара согуштун айынан өтпөй калган учурлар болгон, бирок мөөнөтү бир да жолу жылдырылган эмес.

Дүйнөлүк мелдештердин кийинкиге жылдырылганын жана анын спорт дүйнөсүнө, анын ичинен спортчуларга тийгизген таасири тууралуу адистер түрдүүчө божомолдоп жатат. Олимпиаданын кийинкиге жылдырылышы жашы өтүп бараткан спортчулар үчүн түйшүк жаратышы мүмкүн экени да айтылууда. Анткени алар Олимпиадага катыша албай калышы да мүмкүн.

Москва Олимпиадасынын чемпиону, спорт ардагери Каныбек Осмоналиев пандемия спортчулардын өзүнө болгон жоопкерчиликти күчөткөнүн айтат:

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

«​Олимпиаданын жылышы формага келген жана жолдомо алган спортчуларга кыйынчылык жаратты. Эми алар машыгуусун үзгүлтүксүз улантышы керек. Ал эми олимпиадалык лицензияга жетпей жаткан спортчулар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду. Алар жакшы машыгып алдыдагы мелдештерге катышып, Олимпиадага жолдомо алууга убакыт жана мүмкүнчүлүктөрү пайда болду. Бул эми табият жасаган нерсе. Ага эч ким каршы чыга албайт. Андыктан бир гана жакшы жактарын алууга аракет кылып, спортчулар Олимпиадага чейин эч үзгүлтүксүз машыгып турушу керек. Мамлекет азыр спортчулар үчүн шарт түзүп, аракет кылып жатат. Калганы спортчунун жана анын машыктыруучусунун колунда».

Былтыр кыргызстандык беш спортчу Жапонияда өтчү Олимп оюндарына жолдомо алган. Алар - балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева менен Дарья Маслова. Коронавирус пандемиясынан улам кыргыз спортчулары азыр үй шартында же жабык түрдө машыгууга аргасыз болууда.

Коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам март айынын башынан бери Кыргызстандын ичинде өтө турган эл аралык жана жергиликтүү деңгээлдеги 20дан ашык спорттук иш-чара токтотулду. Алардын катарында хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын төртүнчү дивизионунун оюндары, спорттук күрөш боюнча Токио Олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу эл аралык мелдеш, Нооруз майрамынын урматына уюштурулуучу көкбөрү жана ат оюндары, май айында Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык марафон да бар.

Ал эми кыргыз спортчулары катышчу эл аралык ири мелдештердин катарында Олимпиадага жолдомо ойнотулуучу бир катар азиялык жана дүйнөлүк чемпионаттар, эл аралык ири мелдештер бар.

XS
SM
MD
LG