Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:11

Жөө күлүк Дарья Маслова Олимпиадага жолдомо алды


Дарья Маслова.
Дарья Маслова.

Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова 1-декабрда Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо олимпиадалык нормативди аткарып, Токио-2020 Олимп оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Дарья Маслова аталган марафондо 2 саат 28 мүнөт 19 секундада марага жеткен. Марафонго олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секунданы түзөт.

Учурда кыргыз спортчулары 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына жалпысынан беш жолдомо алган. Алар: балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, сууда сүзүүчү Денис Петрашов (эки жолдомо) жана жеңил атлет Юлия Андреева.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиадага 20га жакын спортчунун лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар. (GT)

XS
SM
MD
LG