Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Жөө күлүк Юлия Андреева олимпиадага жолдомо алды


Юлия Андреева (ортодогу).
Юлия Андреева (ортодогу).

Жеңил атлетчи Юлия Андреева 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын баш катчысы Иван Щербаков билдирет.

Маалыматка караганда, Юлия Андреева 8-августта Нур-Султан шаарында өткөн эл аралык марафондо, 42 чакырым 192 метр аралыкты - 2 саат 28 мүнөт 42 секундада чуркап өтүп, мара сызыгына биринчи келген. Бул көрсөткүч менен Андреева олимпиадалык нормативди толтуруп, жолдомого ээ болгон.

Олимпиадалык көрсөткүч 2 саат 29 мүнөт 30 секунданы түзөт. Юлия олимпиадалык нормативди ашыгы менен толтурганына биз абдан кубанып турабыз. Олимпиадага Дарья Маслова биринчи жолдомо алат деп ойлогонбуз. Бирок Юлия биринчи болуп норматив толтуруп, олимпиадалык жолдомого ээ болду. Эми Дарьядан да үмүтүбүз чоң”, - деди Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын баш катчысы Иван Щербаков.

Буга чейин, 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы олимпиада оюндарына сууда сүзүүчү Денис Петрашов жолдомо алган.(GT)

XS
SM
MD
LG