Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

СOVID-19: Токиодогу Олимп оюндары эмдиги жылы эч нерсеге карабай өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык Олимпиада комитетинин расмий өкүлү коронавируска байланыштуу жагдай кандай гана болбосун, эмдиги жылы Токио оюндары өткөрүлөрүн билдирди.

Буга чейин Токио-2020 жайкы Олимп оюндарын уюштуруу комитетинин башчысы Йоширо Мори эгер коронавирус пандемиясы толук көзөмөлгө алынбаса, эл аралык мелдеш эмдиги жылы да өтпөй калышы мүмкүн экенин билдирген эле.

Олимп оюндарынын 124 жылдык тарыхында бул иш-чара согуштун айынан өтпөй калган учурлар болгон, бирок мөөнөтү бир да жолу жылдырылган эмес.

Токиодо жайкы Олимп оюндары 24-июлдан 9-августка чейин өтмөк, бирок өткөн айда коронавирустун айынан эмдиги жылга калган.

Ушул тапта Азия оору очогуна айланып, Индияда илдетке чалдыккандар кескин көбөйдү. Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен илдет 27 миллион адамга жугуп, 882 миңден көп бейтап көз жумду.

Индия соңку көрсөткүчтөр менен Бразилиядан ашып өтүп, ооругандардын санына карата экинчи орунга чыкты. Бул өлкөдө соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 90 миңден ашык адамдан табылды. Индияда бул ооруга чалдыккандардын саны 4,2 миллион адамга жетти. Бирок мындай абалга карабай өлкөнүн борбору Нью-Дели жана башка ири шаарларда метролор дээрлик беш айдан кийин ишин жарым-жартылай жандантты.

Ал арада Австралия эмдиги жылдын башынан тартып вакцинанын биринчи партиясын алууну көздөп жатканын билдирди.

Кийинки күндөрү Европанын бир топ мамлекеттеринде ооруга кабылгандар көбөйүп жатат.

Францияда өкмөт жекшембиде дагы жети департаментти, анын ичинде Страсбург, Лил жана Дижон шаарларын коронавирустун көрсөткүчтөрү ыкчам өскөн кооптуу аймактардын тизмесине же «кызыл зонага» кошту. Ал жердерде вирустун жайылышына каршы катуу чара көрүлмөкчү. Өткөн жумада жаңы окуу жылы башталбай жатып, 22 мектеп кайра жабылууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG