Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Түркмөнстанда беткап кийбегендер пахта терет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөн бийлиги өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Марый облусунда беткап кийип жүрүү эрежесин сактабаган, буга байланыштуу айып төлөй албаган жарандарды пахта терүүгө жөнөтүп жатканы кабарланган. Ашхабад мындан баш тарткандар эмгек лагерлерине мажбурлап жөнөтүлөрүн эскертти.

Түркмөнстанда беткап тагынууну талап кылган эреже июлдун ортосунда киргизилген. Буга чейин көчөдө беткап тагынбаган жарандарга полиция кызматкерлери эскертүү берип келген. «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы Марый облусунда эреже бузгандар айыпка жыгылып жатканын айтып берди.

«30-августта Байрамали шаарынан 30га жакын киши Каракум районундагы пахта талааларына жөнөтүлдү. Алардын баары полициянын рейди жүрүп жатканда кармалып, мыйзамда каралган өлчөмдө айып төлөй алышкан эмес», - деди кабарчы.

Мындай адамдардын биринчи тобу пахта талааларына 30-августта жөнөтүлгөн. Маалыматка караганда, алар бир күндө кеминде 20 килограмм пахта чогултушу керек. Эгер норманы аткара албаса пахта теримге дагы келет.

28-августта Марый облусунда полиция беткап тагынбагандарды аныктоочу рейддерди күчөткөнү кабарланган. Эрежени сактабагандар полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, 60 манат же башкача айтканда 17 доллардан айып төлөөгө милдеттендирилген. Төлөй албагандар дароо даяр турган автобустар менен пахта талааларына жөнөтүлө баштаган. Ошондой эле «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы полиция кызматкерлери пахтага чыккандарды паспорту менен опузалап жатканын билдирди.

«Биринчи жолу жазага тартылгандар күндүз саат үчкө чейин эле иштешет. Алар кеминде 20 килограмм пахта териши керек. Бул норманы аткаргандардын паспорттору кайтарылып берилет. Аткара албагандар болсо эртеси да пахта теримге чыгууга милдеттүү», - деди кабарчы.

Ал ошондой эле пахта терүүгө мажбур болгон адамдар иштегендиги үчүн акы албай турганын билдирди. Кабарчы түркмөн бийлиги беткап эрежесин бузган жарандарды алардын ден соолугунун абалына карабастан пахта терүүгө мажбурлап жатканын баса белгиледи. Ошондой эле расмий Ашхабад эрежени бузгандарга пахта талааларына убагында келбесе анда Тежен облусундагы эмгек лагерине жөнөтүлөрүн же чоңураак айып төлөй турганын эскерткен.

Жергиликтүү полиция кызматкерлери жарандарга «эгерде айып төлөй албасаңыз, анда беткап кийиңиз» деген эскертүүлөрдү берип жатканы кабарланды. «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары Марый облусунун ички иштер кызматынан пахта терүүгө мажбурланып жаткан жарандар тууралуу суроого жооп ала алышкан жок.

Түркмөнстанда беткап режими июлдун ортосунда киргизилген. Белгилей кетүүчү нерсе - буга чейин өлкөдө беткап кийгендер кармалып, дарыканаларга беткап сатууга тыюу салынган болчу. Ал эми июль айынын ортосунан баштап Түркмөнстандын Саламаттык сактоо министрлиги «абада чаң көбөйгөнүнө» байланыштуу беткап кийүүнүн зарылдыгы жөнүндө СМСтерди таратып баштаган. Беткап эрежесин көзөмөлдөө милдети өлкөнүн укук коргоо органдарына жүктөлгөн.

Түркмөнстанда жыл сайын бюджеттик мекемелердин кызматкерлери пахта терүү өнөктүгүнө чыгышат. Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары түркмөн бийлигин пахта терүүдө жарандарды мажбурлап иштетет деп бир нече жолу айыпташкан.

Түркмөнстан - Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) коронавирус бар экенин ырастабаган жападан-жалгыз мүчөсү. Июль айында бийлик бардык ири соода борборлорун, базарларды, көңүл ачуучу, оюн-зоок жайларын жана кызмат көрсөткөн ишканаларды 10 күнгө карантинге жапкан. «Азаттыктын» түркмөн кызматы эл көп чогулган жайларда адамдар ортосунда эки метрлик аралыкты сактоо талап кылынганын жазган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG