Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Түркмөнстан: «Коркуу сезими бизди ушуга жеткирди»


Түркмөнстандык активисттер Нью-Йорктогу акцияда.

Жакында чет өлкөлөрдө жашаган түркмөндөрдүн тобу, көбү эмгек мигранттары, нааразылык акциясына чыгышкан.

Алар бийлик апрелдин аягында болгон жаратылыш кырсыгын көз жаздымда калтырганы аз келгенсип, акча которуу да мүмкүн болбой калганына, өз элин тойгуза албаган өкмөт башка өлкөлөргө жардам бергенине нааразылыгын билдирип, «президент кетсин» деген ураандар да жаңырып турду.

Көз карандысыз булактар 27-апрелде Лебап жана Мары облустарында катуу шамалдан кеминде 30 киши өлгөнүн, бир топ турак жайлар урап калганын кабарлашкан.

Соңку нааразылык акциялары эмнеден кабар берет? Өкмөт коронавирус катталбаганын айтып келаткан өлкөдө азыр экономикалык абал кандай? «Азаттыктын» суроолоруна Прагадагы Карлов университетинин докторанты Огулжамал Язлыева жооп берди.

- Ушундай нааразылык акциялары Түркмөнстан үчүн сейрек көрүнүш. Сыртта жүргөн түркмөндөр да өлкөдө калган туугандары үчүн кооптонуп, ушул өңдүү акцияларга көп катышпайт го. Азыркы акцияларга коркпой чыгып жатышканын эмне менен түшүндүрсө болот?

- 27-апрелде Лебап жана Мары облустарындагы жаратылыш кырсыгынан кийин элдин өз добушун жеткирүү үчүн нааразылыкка чыгуудан башка аргасы калган жок.

Биринчиден, жергиликтүү жана борбордук бийлик болобу, эч кандай реакция, жабыркагандарга жардам болгон жок. Ансыз да экономикалык каатчылыктан кыйналган адамдардын ал кырсыктан кийин абалы ого бетер оор болуп калды.

Түндүк Кипр, Түркиядан тышкары, бир топ адамдар Вашингтондо түркмөн элчилигинин алдына чыгышкан. Азыр да тигил же бул жакта акциялар уланып келатат. Чогулгандар адатта мекендеги туугандарын, балдарын, жакындарын колдогон плакаттарын көтөрүп турушат.

Түркмөн бийлиги өз элинин маселесин көз жаздымда калтырган маалда расмий маалымат каражаттарында Ашхабад COVID-19га байланыштуу башка жерлерге, анын ичинде Орусияга гуманитардык жардам жибергени тууралуу кабарлар пайда болгон. Албетте бул кабар калктын нааразылыгын ого бетер күчөттү.

27-апрелдеги катуу шамалдан бир топ турак жайлар зыянга учурады.
27-апрелдеги катуу шамалдан бир топ турак жайлар зыянга учурады.

Мен дагы бир нерсеге көңүл бурдум. Пандемияга байланыштуу көп жерлерде беткап тагынып жүрүү милдеттүү. Ушул кырдаал да кээ бир адамдарга акцияларга чыгууга түрткү берди болушу керек. Беткапчан адам өзүн эркинирээк сезет, өз оюн, көз карашын, нааразылыгын эркин билдире алат.

Мен муну сөз кылганым, себеби илимий ишимде ошол коркуу факторун да изилдеп жатам. Ошол сезим түркмөн коомунда кантип пайда болгонун, кантип өнүгүп жатканын түшүнгүм келет. Азыр ошол коркуу сезими акырындык менен жаштар арасында жок болуп бараткандай. «Коркпой, жүзүңөрдү ачып же жааппы, өз ойлоруңарды айткыла, коркуп жүрүп ушундай абалга жеттик» дегендер чыгып жатат.

- Ошол нааразылыкка чыккандар «мамлекет өзү жардам бербесе да, бизге жардам берүүгө мүмкүнчүлүк түзбөй жатат» дешет. Жардам жөнөтүүгө кандай тоскоолдуктар бар?

- Пандемия башталганда, февралдын алгачкы күндөрүндө чек аралардын бардыгы жабылган. Авиакаттамдар токтогон. Анан акча салуу да кыйындады. Себеби жакында түркмөн өкмөтү экономикалык кризистен улам бардык валюта операцияларын улуттук акча менен гана жүргүзүүнү чечкен. Мекениндеги үй-бүлөлөрүнө, жакындарына акча салып турган мигранттар каражат которо албай кыйналышты. Мен жаңы алган маалыматка караганда, Индияда дарыланып жүрүп кайта албай калган жарандардын туугандарына мамлекеттик курс боюнча айына 500 доллар жөнөтө алышары айтылыптыр. Ушундай расмий чечим кабыл алынганын түшүндүрүп беришиптир.


- Пандемия демекчи, расмий маалыматтарда Түркмөнстан коронавирус катталбаган бир ууч өлкөлөрдүн арасына кирет. Пандемияга байланыштуу өлкө ичинен кандай маалыматтарды алып жатасыз?

- Мен Түркмөнстандагы адамдар, анын ичинде жакындарым менен байланышып турам. Башкалаада гана эмес, Мары, башка облустарда жашагандар менен сүйлөшүп калам. Менин билишимче, пандемиядан чочулоо, паника жок. Түрдүү мамлекеттик иш-чаралар уюштурулуп, ресторандарда тойлор да өткөрүлүп жатат. Биз жакта, өзүңүз билесиз, тойлорго канчалаган киши катышат.

Огулжамал Язлыева
Огулжамал Язлыева

Ошол эле маалда көптөрү жеке тазалыкты сактоого үгүттөө көбөйдү дешет. Мисалы, жакында эле мага жазышкандай, жумушка келгенде кеңселерде ар бир кызматкердин дене табын ченеп, эшиктерди, эмеректерди, коомдук транспортту дезинфекциялап жатышат. Мектептерде балдарга колдорун туура жууганды, гигиена эрежелерин түшүндүрүшөт экен. Бул жагынан абдан көп иш жүрүп жаткандай.

Бирок коронавирус пандемиясы тууралуу расмий айтылбайт. Мен бул темада бир да телепрограмма көрүп же талкууларды уккан жокмун. Жөн гана жалпы эле инфекциялардын жана вирустардын алдын алуу чаралары дешет. Ошондой эле расмий маалыматтарда шаарларда, облус борборлорундагы ооруканаларда орундар даярдалып жатканы айтылууда. Бирок пандемия деп ачык эч ким сөз кылбайт.


- Сиз жогоруда экономикалык каатчылык тууралуу айттыңыз. Чындап эле узун кезектер, азык-түлүк тартыштыгы тууралуу маалыматтар пайда болууда. Бул жагынан алганда азыр абал кандай?

- Чек аралар жабылганда импорттук азык-түлүк тартыштыгы сезиле баштады. Өзгөчө Ирандан жер-жемиш, башка азыктар ташылып келет эмеспи. Анан баалар асмандап кетти, кезектер пайда болду. Алыскы региондордо гана эмес, шаарларда, Ашхабадда да абал күн санап оорлошуп баратат.

Мен маектешкен кишилер мисалы, бир литр өсүмдүк майын алыш үчүн эртең мененки саат төрттө туруп тогузда ачылчу дүкөндө кезек күтүүгө туура келерин айтып беришти. Унду алсак, түркмөндөр аны көп керектешет, көптөрү нанды өздөрү жабышат. Өлкөдө эгилген буудайдан негизинен төмөнкү сорттогу, кара ун өндүрүлөт. Жергиликтүү ун Казакстан же Орусиядан алынып келген ак ундан арзан. Калктын калың катмарынын ошол кымбат унду сатып алууга чамасы жетпейт.

Жашоо шарттары начарлаган сайын льготалык же мамлекеттик бааларда сатылган азык-түлүккө артыкчылык бергендер көбөйүүдө. Мамлекеттик жана базар бааларынын айырмасы абдан чоң болот. Мисалы, бир литр импорттук суу май 50-60 манат турса, мамлекеттик дүкөндө 13 манатка алышат. Албетте, ошол льготалык, арзан товарларга талап көбүрөк болуп, кезектер пайда болууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG