Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Коронавирус Аркадагдын жакындарын да тооруду


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. 15-июль, 2020-жыл.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. 15-июль, 2020-жыл.

Түркмөнстанда коронавирус бар экенин караманча четке кагып келаткан президент Гурбангулы Бердымухамедовдун карачечекей жездеси Аннаназар Режепов кайтыш болду.

Бердымухамедовдун бир тууган эжесинин күйөөсү Аннаназар Режепов коронавирустан каза болгонун Борбор Азия мамлекеттери боюнча саясат талдоочу Аркадий Дубнов өз булактарына таянуу менен "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Президенттин эң улуу эжеси Дурдынабат Режепова азыр оор абалда, жасалма дем алдыруучу аппаратта ооруканада жатканы кабарланууда.

Дубнов вирустун бар экенин танган Аркадагды, Түркмөнстандагы абалдан кабар алуу үчүн барып, бирок "бир жаңсыл маалымат айтпай кайтты" деп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлдөрүн сынга алды.

Аркадий Дубнов.
Аркадий Дубнов.

"Түркмөнстандан кайгылуу кабар келди. Жок, жок. Бердымухамедов эмес. Анын жездеси Аннаназар Режепов каза болду. Режепов - Түркмөнстандагы бизнес чөйрөдө абдан таасирдүү адам. Негизи, Түркмөнстан вирус бар экенин дале моюнга албаган Евразиядагы жалгыз өлкө. Ал мамлекетке барып келген ДССУ да Аркадагдын көз карашына каршы чыга албай, "жооштугун" көрсөттү. «Өзүңөрдү өлкөдө коронавирус бардай алып жүргүлө» деп, жомоктогудай сыйкырдуу чечимди таап берип кутулду".

Буга чейин "Түркмөнстан хроникасы" аттуу басылма Режеповдун байлыгы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда Режепов уулу Ажимурат менен бирге өлкөдөгү эң кирешелүү бизнестерге ээлик кылары, баасы 2.3 млрд. доллар турган Ашхабад – Түркмөнабад жолу сыяктуу ири тендерлерди такай Режеповдун фирмалары утары айтылган.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы президенттин жездеси «Ай Назар» аттуу улуттук уюлдук операторго ээлик кыларын жазган.

Фарид Тухбатуллин.
Фарид Тухбатуллин.

Ал арада Түркмөнстандык булактар Аркадагдын эжеси да азыр ооруканада оор абалда жатканын ырасташты.

Азыр Австрияда жашаган түркмөнстандык укук коргоочу Фарид Тухбатулин Түркмөнстанда президенттин туугандарынан башка дагы белгилүү адамдар каза болгонун ырастады.

"Көп эле белгилүү адамдар кайтыш болду. Арасында опера ырчылары жана аттуу-баштуу чиновниктер бар. Бирок бийлик анын баарын жашырып атпайбы. Мамлекеттик чиновниктин көзү өткөнүн анын ордуна башка адамды дайындоо тууралуу президенттин буйругунан аңдоого болот. Ал эми күйөө баласынын кайтыш болгону тууралуу расмий маалымат эч качан болбойт деп ойлойм. Муну көмүскө экономикадыгы күчтөрдүн ары бери оогонунан түшүнсөк болот."

Адатта, Түркмөнстанда Аркадагдын жакын адамдарынын өлүмү жарыяланбайт. Ал тургай Ашхабадда күн сайын элүүгө жакын адам өлүп жатканына карабай, бийлик өлкөдө коронавирус бар экенин четке кагып келет.

Түркмөн президентинин жездеси Аннаназар Режеповдун паспорту.
Түркмөн президентинин жездеси Аннаназар Режеповдун паспорту.

Бирок өткөн аптада Саламаттык сактоо министрлиги «көчө чаңдап жаткандыгына байланыштуу» деген жүйө менен элди беткап тагынып, социалдык аралыкты сактап жүрүүгө чакырды. Ал билдирүүдөн кийин Бердымухамедов өзү да коомчулукка беткапчан чыкты.

Көп өтпөй эле бийлик бардык ири соода борборлорун, базарларды, көңүл ачуучу, оюн-зоок жайларын жана кызмат көрсөткөн ишканаларды 10 күнгө жапты. "Азаттыктын" түркмөн кызматы, эл көп чогулган жайларда адамдар ортосунда эки метрлик аралыкты сактоо талабы коюлганын жазды.

Ооруканалар пневмония менен ооруган бейтаптарга толуп калганы, медициналык кызматкерлер оорудан көзү өткөн адамдарды моргго жеткирип үлгүрбөй жатканы айтылды.

Маалыматка караганда, өлкөдө темир жол каттамы да токтогон. Бийлик мындай чараларды жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери менен түшүндүрүп жатат.

Журналисттер ишенимдүү булактарга таянып, бейтаптар коронавируска тест тапшырып жатканын, көбүнүкү ырсталганын билдиришти.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Түркмөнстанга келип кеткен өкүлдөрү Ашхабадды бир катар чараларды көрүүгө чакырган. Расмий Ашхабад өз өлкөсүндө коронавирус бар экенин ушул күнгө чейин расмий бышыктай элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG