Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

ФИФАнын каражаты, кыйналган кыргыз футболу


«Алга» жана «Каганат» клубдарынын оюнчулары беттеш учурунда. 2019-жыл.
«Алга» жана «Каганат» клубдарынын оюнчулары беттеш учурунда. 2019-жыл.

Пандемия кризисинен улам футбол тармагындагы чыгымдарды жабуу жана улуттук федерацияларды колдоо максатында Эл аралык футбол федерациясы 1,5 млрд. доллар бөлөт.

Каражат уюмга мүчө болгон ар бир футболдук федерацияга 1,5 миллион доллардан бөлүнөт.

Кыргызстандын Футбол бирикмеси бул каражаттын бир бөлүгүн өлкө чемпионатын кайра жандандырыш үчүн жумшай турганын билдирүүдө.

Футбол бирикмесинин басма сөз катчысы Адилет Керимбеков каражат азырынча бөлүнө элек экенин айтып, буларга токтолду:

«Гранттык сумманы алыш үчүн ар бир федерация билдирме ташташы керек. Бул каражат этап-этабы менен берилет. 500 миң доллар кыздар футболуна берилет. Калган сумма (бир миллион доллар) федерация жетекчилигинин жана аткаруу комитетинин чечими менен бөлүштүрүлөт. Көбүнчө улуттук курама командалардын окуу, машыгууларына, Кыргызстандын футбол боюнча премьер-лигасын өткөрүүгө жана ага катышкан командаларды колдоо иретинде коротулат. Жалпылап айтканда, бул сумма кыргыз футболун сактап, пандемиядан жеңил чыгып кетүүгө жумшалат».

Кыргызстандын футбол бирикмесинин президенти Канат Маматов ФИФАнын президенти Жоани Инфантино менен онлайн конференция учурунда. 4-август, 2020-жыл.
Кыргызстандын футбол бирикмесинин президенти Канат Маматов ФИФАнын президенти Жоани Инфантино менен онлайн конференция учурунда. 4-август, 2020-жыл.

Керимбеков 4-августта Кыргызстандын Футбол бирикмесинин президенти Канат Маматов ФИФАнын президенти Жоани Инфантино менен Азиядагы алты өлкөнүн федерациялары үчүн уюшулган онлайн конференциянын алкагында баарлашканын билдирди. Ал эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу улуттук чемпионаттын курамы жана форматы өзгөрүүгө муктаж болгонун, футзал боюнча чемпионат аяктап, Азия чемпионатына даярдык көрүлө баштаганын айтып бергенин кошумчалады.

Кыргызстандын Футбол бирикмеси 7-августтан баштап футбол боюнча өлкө чемпионатын жандантканы турат.

Пандемия футболчуларды кыйнады

Жыл башында Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган Кыргыз премьер-лигасынын (Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын аталышы) быйылкы сезонунда тогуз команда ойной турганы айтылган. Бирок Ысык-Көлдүн «Лидер» футбол клубу каражаттын тартыштыгынан улам 20-июнда чемпионатка катыша албай турганын жарыялаган.

Анын алдында «Алай» клубунун оюнчулары маянасын ала албай жатканын айтып, Ош шаарынын мэриясынын астына чыгышкан. Көп өтпөй клубдун эки оюнчусу коронавирус жугузуп алганы кабарланган.

Кыргыз премьер-лигасынын президенти Дастан Конокбаев эл аралык мелдештерге катышуу үчүн өлкө чемпионатын жандандыруу зарыл болуп турганын билдирди:

Дастан Конокбаев.
Дастан Конокбаев.

«Пандемиядан кыргыз футболу, анан ичинен жергиликтүү клубдар чыгымга учурады. Мартта башталган чемпионатыбыз токтоп калды. Ушундан улам клубдар кыскартууга барып, бир команда каржы маселесинен улам мелдештен чыгып кетти. Кээ бир клубдар сырттан легионер оюнчуларды чакырууну токтотушту. Биз азыр чемпионатты жандандырууга мажбурбуз. Себеби, чемпионатта жеңүүчү болгон команда гана АФК кубогунда ойноого мүмкүнчүлүк алат. Андан сырткары улуттук курама командага да оюнчулар тандалып алынышы керек. Биз азыр пандемия маалында коопсуздукту сактап, оюндардын баарын Кант шаарында өткөрүүнү чечтик. Анткени клубдардын шаардан шаарга барып, мелдешке катышуусу өтө кооптуу болуп турат. Уюштуруу маселесин колго алып, ар бир команда өз алдынча жашашы үчүн мейманканаларга жайгаштырдык».

Кыргызстандын Футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султанов пандемия учурунда Футбол бирикмеси каражатты үнөмдүү пайдаланышы керек деп эсептейт.

Семетей Султанов.
Семетей Султанов.

«Бул каражатты алыш үчүн ар бир федерация ФИФАга билдирме жөнөтүп, каражатты кайда корото тургандыгын так көрсөтүп, ар бир беренени далилдеп бериши керек, - деди ал. - Эгер күмөн жараткан жагдайлар болсо ФИФА бул каражатты бербей коюшу да мүмкүн. Андыктан азыр федерация ишти туура пландап, каржы тууралуу документтерди иштеп чыгып, акчаны кайда жумшаш керек экенин так аныктап алышы керек. Албетте, футболго акча дайым эле жетишсиз жана ал массалык спорт болгону үчүн көп каражатты талап калат. Азыр кайсы тармак батыраак жыйынтык алып келерин жана каржылоого муктаж болуп турганын аныктап алып иш алып барган оң. Мисалы, балдар футболун сөзсүз каржылоо зарыл. Анткени эртең эле алар Кыргызстандагы клубдардын катарын толуктайт. Өлкө чемпионаты да колдоого муктаж. Себеби, өлкө чемпионатындагы клубдарда ойногон футболчулар улуттук курама команданын катарын толуктайт».

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган. Бул учур Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган Кыргыз премьер-лигасынын 1-турунун оюндары жаңыдан гана башталган мезгилге туш келген. Дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин гана футбол клубдары 8-июндан тартып окуу-машыгууга уруксат алышкан. Ал эми балдар, өспүрүмдөр футболу токтоп турат.

Көз каранды клубдар

Кыргыз премьер-лигасында жети клуб ойнойт. Алар - «Дордой», «Алга», «Алай», «Нефтчи», «Илбирс», «Каганат», «Кара-Балта» жана «Абдыш-Ата» клубдары. Алардын ичинен «Алга», «Алай» жана «Кара-Балта» клубдары муниципалдык болуп саналат. «Алга» клубу - Бишкек мэриясынын, «Алай» - Ош мэриясынын, «Кара-Балта» - Кара-Балта мэриясынын бюджетинен каржыланат. Калган клубдар жеке ишкерлердин жана футбол союзунун каржылоосунда чемпионатка катышып келет.

Спорт журналисти Адилет Темирланов кыргыз футболун кыйынчылыктарга салган бир гана пандемия деген пикирден алыс.

Адилет Темирланов.
Адилет Темирланов.

«Кыргызстанда эч бир клуб эч кандай киреше алып келбейт, - деди ал. - Алар сөзсүз мамлекеттик мекеме же жеке ишкерлер тарабынан каржыланат. Пандемия бизнести жабыркаткандан кийин, көпчүлүк клубдардын бюджети азайды. Айрым клубдардын демөөрчүлөрү каржылоодон баш тартышты. Клубдардын ушундай кыйын абалга туш болушу кадыресе көрүнүш болчу. Анткени Кыргызстанда футбол монетизация болгон эмес жана товар катары сатылбайт. Башка мамлекеттерде футбол товар катары аудиторияга сатылат. Футболдук клубдар жарнама, өнөктөштүк жана теле трансляциялардан түшкөн каражаттар менен өзүн өзү каржылай алат. Кыргызстанда деле футболдук маркетингди өнүктүрсө, мындай кыйынчылыктар болмок эмес. Бирок дагы бир жагдайды унутпашыбыз керек. Биздин футболдун рейтинги өтө төмөн. Эгер бул багытта иш жүрбөсө, азыркы көрүнүштөр пандемиянын эпкини бүткөн кезде деле кайталана бериши мүмкүн».

7-август күнү 1-турдун алкагында эки оюн өтүп, мында «Алай» менен «Абдыш-Ата», «Илбирс» менен «Кара-Балта» командалары беттешет.

Коронавирус инфекциясынын таралышынын алдын алуу максатында оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт. Турнирди «Кыргыз Спорт ТВ» каналы түз алып көрсөтөт. Чемпионат сентябрдын экинчи декадасында жыйынтыкталары айтылууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG