Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:54

«Лидер» футбол клубу Кыргыз премьер-лигасынан чыкты


«Лидер» футбол клубу. 2019-жыл

Ысык-Көлдүн «Лидер» футбол клубу Кыргыз премьер-лигасынан чыкты. Бул тууралуу Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын расмий сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим клубдун каржы жана спорттук милдеттенмелерди аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынган. «Лидер» футбол клубу "Кыргыз премьер-лигасына бүгүндөн баштап мүчө болушун токтотот» деп жазылган билдирүүдө.

«Лидер» футбол клубу 2018-жылы НТС телеканалында эфирге чыккан «Лидер» теледолбоору аяктагандан кийин негизделген. 2019-жылдан тартып Ысык-Көл облусунун атынан Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган Кыргыз премьер-лигасында ойноп, сегиз команданын ичинен 8-орунду ээлеген. Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган.

Дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин гана футбол клубдары 8-июндан тартып окуу-машыгууга уруксат алышты.

Бул учур Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы (өлкө чемпионаты) саналган Кыргыз премьер-лигасынын 1-турунун оюндары жаңыдан гана башталган мезгилге туш келген. 1-турда "Лидер" Кочкор-Атанын "Нефтичи" клубу менен ойноп, бир гол өткөрүп жеңилген.

Алдыда Кыргыз премьер-лигасында сегиз клуб таймаштарын улантат. Алар: «Дордой», «Алга», «Алай», «Нефтичи», «Илбирс», «Каганат», «Кара-Балта» жана «Абдыш-Ата» клубдары. (GT)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG