Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

«Алайдын» футболчулары айлыгын талап кылды


«Алай» футбол клубунун оюнчулары. 15-сентябрь, 2019-жыл.
«Алай» футбол клубунун оюнчулары. 15-сентябрь, 2019-жыл.

Футбол боюнча Кыргызстандын төрт жолку чемпиону, Ош шаарынын «Алай» футбол клубунун оюнчулары эки айдан бери айлык берилбей жатканына нааразы.

Алар эки күндөн бери Ош шаардык мэриясынын алдына чогулуп, клубда оюнчуларга шарт түзүп берүүнү, жетекчиликти иштен алууну жана пандемия шартына карабай айлык төлөп берүүнү талап кылып жатышат.

Кыргызстандын Футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу, «Алай» футбол клубунун капитаны Одилжон Абдурахманов буларды билдирди:

Одилжон Абдурахманов.
Одилжон Абдурахманов.

«Карантин башталгандан бери айлык ала элекпиз. Эки күн мэриянын астына чыгып, акыры мэрге жолуктук. Мэр "маселеңерди чечип берем" деп сөз берди. Бизге буга чейин "акчаны мэрия бөлбөй жатат" деп айтышкан болчу. Анан маянанын 50 пайызын гана аласыңар деген. Иш жок, акча жок, эки жарым айдан бери үйдө отурабыз. Биз да үй-бүлөнү багышыбыз керек. Келишимде клуб маянабызды толук төлөшү керек деп даана көрсөтүлгөн. Айлык маселесинен сырткары биз команданын жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылып жатабыз»,-деген Абдурахманов нааразы тараптын машыктыруучуларга эч кандай доосу жок экенин, директордун ишине алымсынбай жатышканын кошумчалады.

Команданын легионер оюнчуларынын бири, өзбекстандык Тимур Талипов төрт айдан бери Оштогу Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо жайгашкан клубдун базасында жашап жатат. Карантин башталганына байланыштуу оюнчу үйүнө кете албай калган. Ал эки айдан бери маяна ала электигин айтты:

«Биз директордун ишине нааразыбыз. Ал футболду жакшы түшүнбөйт. Мэрден клубга футболду жакшы түшүнгөн адамды жетекчи кылып берүүсүн сурандык. Анткени жетекчи биздин оюнубузга тоскоол болбошу керек. Биз жакшы жыйынтык көрсөткүбүз келет. Мен былтыр да клубда ойногом. Ошондо эле көйгөйлөр бар болчу. Директор жөн жерден футболчуларга айып салып, легионерлерди урган учурлары да болгон», - деди Талипов.

Клубдун жетекчиси Алмаз Сулайманов футболчулардын билдирүүсүн куру доомат деп төгүндөдү. Пикир келишпестик маянадан улам гана чыгып жатат деп ишендирди.

«Апрель, май айларынын маянасын төлөп берүүнү талап кылып жатышат. Март айынын маянасын 10 күн эрте берип, үйлөрүнө жөнөткөнбүз. Пандемияга байланыштуу бизде эки ай машыгуулар болгон жок. Оюндар да өткөн жок. Футболчулар ошого карабай айлык сурап жатышат. Биздин клуб Ош шаарынын мэриясына карагандыктан азыр бюджетте акча тартыш. "Бир аз күтүп тургула, айлык беребиз" дегенибизге карабастан конфликт чыгып жатат. Футболчулар "акчаны азыр бергиле, бербесеңер машыгууга чыкпайбыз" деп, машыктыруучулардын да сөзүн укпай жатат. Биз мэр менен сүйлөштүк. Эгер акча болуп калса эле, бүгүн же эртең баары машыгууга чыгышат. Ал эми мени "урду" дегени чындыкка дал келбейт. Эгер мен урган болсом алар тез эле милицияга кайрылышмак да».

«Алай» футбол клубунун 2019-жылдагы курамы.
«Алай» футбол клубунун 2019-жылдагы курамы.

«Алай» футбол клубу Ош мэриясынын карамагында жана клубга шаардык бюджеттен жыл сайын 19 миллион 500 миң сом бөлүнүп келген.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, клубдун бюджети кыскартылган эмес.

Азамат Абсаттаров.
Азамат Абсаттаров.

«Клубдун оюнчулары мэр менен жетекчилери, машыктыруучулары жок өздөрү жолукту. Мэр менен футболчулар ачык сүйлөшүп, өздөрүнүн бир топ көйгөйлөрүн ортого салышты. Алардын акчадан тышкары башка дагы маселелери бар экен. Пандемия учурунда 2,5 айдан бери маяна ала албай жатышканын, клубдун жетекчилигине нааразы экенин жана футболчулар жашаган жерде шарт жок экенин айтышты. Шаардык мэрия футболчуларды, футболдук клубду колдоого даяр. Оюнчулардын айткан көйгөйү негиздүү. Жетекчилигин алмаштырып берүү өтүнүчү боюнча атайын комиссия түзүлдү. «Алай» футбол клубу жетекчиликтин же дагы башка бирөөнүн менчиги эмес. Ал шаардык мэрияга карайт. Эми комиссия иликтеп чыккандай кийин жыйынтык чыгарылат».

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу киргизилген карантинден улам спорттук мелдештердин баары 21-марттан баштап токтотулган. Бул учур Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз премьер-лигасынын 1-турунун оюндары жаңыдан гана башталган мезгилге туш келген. Дээрлик үч айга жакын убакыт тыныгуудан кийин гана футбол клубдары 8-июндан тартып окуу-машыгууга уруксат алышты. Чемпионаттын оюндары качан жанданары азырынча белгисиз.

Кыргыз премьер-лигасынын 1-турдан кийинки турнирдик таблицасы. 16-март, 2020-ж.

Футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасы футбол клубдардын ички ишине кийлигише албайт. Бул тууралуу лиганын аткаруучу директору Михаил Толкачев «Азаттыкка» билдирди.

Михаил Толкачев.
Михаил Толкачев.

«Биз клубдун жетекчилери менен сүйлөшкөндө, алар азыр каржылык кыйынчылыкты баштан кечирип жатканын айтышты. Бирок клуб футболчуларга маянасын төлөп берүүгө милдеттүү. Анткени футболчу менен түзүлгөн келишимде баары жазылган. Бардык эмгек келишимдери мыйзамдуу түрдө 100 пайыз аткарылышы керек. Клубдун жетекчилери жакынкы күндөрү футболчуларга болгон карызын толук жабабыз деп ишендиришти. Ал эми жетекчилик менен оюнчулардын же машыктыруучу менен оюнчулардын мамилесине, алардын ишине кийлигише албайбыз».

Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз премьер-лигасында 9 клуб ойнойт. Алар: «Дордой», «Алга», «Алай», «Нефтчи», «Илбирс», «Лидер», «Каганат», «Кара-Балта» жана «Абдыш-Ата» клубдары. Алардын ичинен «Алга», «Алай» жана «Кара-Балта» клубдары муниципалдык болуп саналат. «Алга» клубу - Бишкек мэриясынын, «Алай» - Ош мэриясынын, «Кара-Балта» - Кара-Балта мэриясынын бюджетинен каржыланат.

Спорт журналисти Адилет Темирлановдун пикиринде, клубдун жетекчилиги менен футболчулардын ортосундагы кайчы пикирлер муниципалдык клубдун администрациясынын ишинин чабал экендигин көрсөттү.

Адилет Темирланов.
Адилет Темирланов.

«Мамлекеттик башкаруу клубдун өз алдынча иштешине тоскоол болот. Эгер «Алай» футбол клубундагы азыркы кырдаалды ала турган болсок - клуб ичиндеги ымаланын ыдырашы эки-үч жыл мурун эле башталганын угуп жүргөнбүз. Ушунун баары эми чоң көйгөй болуп чыгып жатат. Мындай учурда клубга чоң реформа керек. Оюнчулар өздөрү айткандай жаңылануу керек. Акыркы үч жылда «Алай» клубунда системалуу жаңылануу, өзгөрүү боло элек. Ооба, турнирдик таблицада жетишкендиги жакшы. Жыл сайын чемпиондук үчүн күрөшөт. Бирок сапаттуу жаңылануу болбой жатат. Азыр команданын курамында да, административдик башкаруусунда жана каржылык жактан да өзгөрүү болушу керек».

Темирланов футбол көп каражатты талап кылганы менен кыргыз клубдарынын рейтинги төмөн экенин, бул себептүү инвесторлорду жана демөөрчүлөрдү тартуу мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.

«Алай» футбол клубу 1960-жылы негизделген. СССР чемпиондугунун экинчи лигасынын 7-8-5-6-бөлүгүндө ойногон. Өлкө эгемендик алгандан бери Кыргызстандын чемпионатында ойноп, төрт жолу (2013, 2015, 2016, 2017-жылдары) чемпиондук наамды утуп алган. 2013-жылы Кыргызстандын кубогун, 2017-2018-жылдары Супер кубокту жеңген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG