Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

Кыргыз футболчулары түркмөн жана тажик клубдары менен ойнойт


"Алтын Асыр" ак, "Дордой" сары кийимчен ойношот.
"Алтын Асыр" ак, "Дордой" сары кийимчен ойношот.

Бүгүн, 3-майда Азиянын футбол конфедерациясынын кубогунун алкагында кыргыз футболчулары Түркмөнстан жана Тажикстандын клубдары менен ойнойт.

"Алай" клубу Ош шаарында Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо Тажикстандын "Истиклол" командасын кабыл алат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат. Талаа ээлери сары, коноктор ак түстө кийинишет. Аталган эки команда 18-апрелде Дүйшөмбү шаарында беттешип, 3:1 эсебинде "Истиклол" оюнчулары жеңген.

Бишкектин "Дордой" клубу Түркмөнстандын "Алтын Асыр" командасы менен ойнойт. Оюн Балканабад шаарындагы стадиондо, бүгүн кечки саат алтыда башталат. Талаага "Алтын Асыр" ак, "Дордой" сары кийимчен чыгат. Эки команда 18-апрелде таймашып, 0:2 эсебинде түркмөндөр уткан.

Кыргызстандын "Алай" жана "Дордой" футболдук клубдары Түркмөнстандын "Алтын Асыр", Тажикстандын "Истиклол" клубдары менен бирге АФК-2017 кубогунун тайпалык этабынын оюндарында D тобуна бөлүнүшкөн. АФК-2017 кубогунун тайпалык этабынын оюндары 31-майга чейин уланат.

17-май күнү Түркмөнстанда "Алтын Асыр" менен "Алай", Бишкек шаарында "Дордой" менен "Истиклол" беттешет.

Үчүнчү турдагы оюндардан кийин "Алтын Асыр" менен "Истиклол" жети упай менен алдыңкы катарда келе жатат. Үч упай менен "Дордой" үчүнчү орунда. "Алай" клубунда азырынча упай жок.

Биринчи турдагы оюнда "Алай" "Алтын Асырга" 1:2 эсебинде утулган. "Истиклол" "Дордойду" 2:0 эсебинде жеңген. Экинчи турда "Дордой" "Алай" клубун 1:0 эсебинде жеңген. "Алтын Асыр" "Истиклол" таймашы 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG