Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Футбол борбору үчүн жер табылды


Кыргызстандын курама командасы. 14-ноябрь, 2019-жыл.
Кыргызстандын курама командасы. 14-ноябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте Футбол борборун куруу маселесин 25-декабрда көтөргөн. Буга чейин аталган маселе Бишкек шаардык кеңешинде үч жолу жылдырылган.

Бишкек мэриясы шаардык кеңештин токтомуна ылайык жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланганын, ушундан улам шаар мэри жер тилкелерин жана муниципалдык мүлктү өзүмбилемдик жолу менен берүүгө укугу жок экенин билдирген. Мындан улам депутаттар сессияны 2020-жылдын 14-январына жылдырып коюшту.

Кеңештин мындай кадамынан улам Футбол федерациясынын мэрияга болгон нааразычылыгы күч алды. Алардын айтымында, Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) Кыргызстанга Футбол борборун курууга 3,5 миллион доллар грант берет. Эгер алар 2019-жылдын 31-декабрына чейин жер маселесин чечпесе, грант башка өлкөгө өтүп кетет.

Футбол борбору, тараптардын жүйөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:16 0:00


Ал арада сөз болуп жаткан Футбол борбору Арча-Бешик жаңы конушунда курулары белгилүү болду. Бул тууралуу 30-декабрда Кыргызстан Футбол федерациясынын вице президентти Дастан Конокбаев айтты:

- Бишкек мэриясынан жер берүүнү сурандык, жер бөлүп берүү чечимин, жер тилкесин көрсөтмөйүнчө толук долбоорду да көрсөтүү мүмкүн эмес. Бишкекти тандаганыбыздын себеби, Премьер-лигада ойногон клубдардын көбү Бишкекте. Алардын машыгуусуна жана ийгиликке эрте жетишине оңой болот.

Федерация социалдык тармактагы баракчалары аркылуу эгер Бишкек мэриясы маселени чечпесе, футбол күйөрмандары нааразылык акциясына чыгарын айтып маалымат тараткан. Бирок алар бул ойдон кайтышканын белгилешти.

Федерациянын маалыматына ылайык, Футбол борбору курула турган жер тилкеси шаардын түштүк-батыш тарабындагы А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан. Ал эми жер тилкесин бөлүп берүү келишими федерация менен Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде кабыл алынган.

Ошол эле убакта Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселесинен улам жаралган кырдаал боюнча билдирүү таратып, буларды айтты:

Азиз Суракматов
Азиз Суракматов

- 2018-жылы Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык баш калаада жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланган. Мен шаар мэри болуп шайлангандан бери мэрия тарабынан жеке менчик түзүмдөргө жер бөлүп берүүгө тыюу салынган. Юстиция министрлигинин тактамасына ылайык Футбол федерациясы жеке менчик түзүм болуп саналат. Эгер биз бул уюмга жер бөлүп берсек, мыйзамды бузган болобуз. Биз спорттогу бардык федерациялар менен бирдей иштейбиз. Ошондуктан “келгиле, ультимататум койбой эле ынтымак менен маселе чечели" деп чакырат элем.

Суракматов Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) бөлдү деп айтылып жаткан грантка Футбол федерациясы расмий тактама бербегенин да кошумчалады.

Шаардык кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Канатбек Мүзүралиев акча берилбей калат деп мыйзамсыз жолго бара албайбыз дейт:

- Жер берүү процедурасы бар. Эгер бериле турган болсо шаардык кеңешке кирип мораторийден чыгарыш керек. Мындан башка да көп жолдору бар. Бул бир айдан беш айга чейинки убакытты талап кылат. Ал эми Футбол федерациясы “силер 31-декабрга чейин жер чечип бербесеңер, бизге берилчү акчабыз “күйүп” кетет” деп жатышат. Бирок кантип күйөт, эмнеге күйөт деген маселени түшүндүрбөй жатышат. Биз деле Футбол борборунун курулушун колдойбуз. Бирок Футбол федерациясы "депутаттар маселени чечпей жатат" деп, бизди элге каршы койбосун.

Ошол эле кезде Кыргызстан футбол федерациясы курула турган Футбол борборунун макетин жарыялады. Анда үч чоң жана алты мини футбол үчүн талаа, административдик имарат, мейманкана, медициналык борбор, бассейн жана эс алуучу жайлар салынары айтылган. Ага жалпысынан 10 миллион доллар керек. Федерация гранттан тышкары башка булактардан да каражат табыларын айтууда.

Кыргызстандын улуттук курама командасы соңку жылдары эл аралык аренадагы беттештерде мыкты оюн көрсөтүп, FIFA рейтингиндеги позициясын улам бекемдеп келет. Жергиликтүү жана чет элдик эксперттер кыргыз футболу соңку 2-3 жылда жаңы тепкичке чыкканын, мамлекеттин колдоосу зарыл болуп турганын белгилешүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG