Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Бийлик жаңы стадион курууга убада берди


Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион. Бишкек
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион. Бишкек

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Азия кубогундагы оюндарынан соң, коомчулукта заманбап футбол стадионун салуу маселеси кайрадан күн тартибине чыкты.

“Ак шумкарлар” 24-январда таңкы саат беште Ала-Тоого учуп келишти. Аларды “Манас” аэропортунан жүздөгөн күйөрмандар жылуу тосуп алды.

Андан соң футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы мейманкананы көздөй бет алып, түшкө жуук аларды президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды.

Жолугушуу учурунда президент футболго салым кошкон бир катар адамга мамлекеттик жогорку сыйлыктарды тапшырып, жаңы стадионду куруу заман талабы экенине токтолду.

- Мен өкмөт менен Футбол федерациясына өлкөдө футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну сунуштайт элем. Жакында эле бул маселе боюнча премьер-министр менен сүйлөштүм. Программанын алкагында Бишкекте жаңы эл аралык деңгээлдеги футбол стадионун курушубуз керек. Биз анын үстүндө иштейбиз. Ошондо гана биздин командабыздын машыгуусуна жана эл аралык матчтарды кабыл алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Cооронбай Жээнбеков жана Александр Крестинин
Cооронбай Жээнбеков жана Александр Крестинин

Коом стадионду өзгөчө күтүүдө

Стадионду куруу жалгыз гана футболчулардын эмес, коомчулуктун да талабы болууда. Футболчулар Ала-Тоо аянтында күйөрмандар менен жолуккан учурда да калың эл өкмөттөн жаңы стадионду талап кылып, премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин сөзүн бөлдү.

- Азыр мына “стадион” деп кыйкырып жатасыңар. Мен ойлойм стадион болот. Менин билишимче, президентибиз жакында стадион салуу боюнча чечим кабыл алат. Биз мындан ары Кыргызстандын ар бир облустарында жакшы футбол талааларын салганды күчөтөбүз, - деген өкмөт башчынын сөзүн чогулгандар кызуу колдоду.

​Жаңы стадионду куруу маселеси бүгүн эле чыга калган жери жок. Маселе 2015-жылдан бери өкмөттө айтылып келет. Ушундан улам бийликке ишенбей, жаңы стадион салуу демилгесин кезектеги тил эмизүү катары сыпаттагандар да жок эмес.

Стадион ашар менен курулабы?

Бирок Кыргызстандын футбол федерациясынын вице-президенти Аскар Салымбеков, бул долбоорду жалгыз өкмөткө жүктөп салууга болбосун айтып, жаңы стадионго коомчулук жапа тырмак киришкени оң деген ойдо.

- Мына келечекте жаңы стадиондун салынышына киришебиз деп өкмөт айтып жатат. Бирок ага бардыгыбыз жапа тырмак киришели. Ашар жолу менен болсо дагы стадионду салышыбыз керек. Кыргызстан 35 миң орундуу заманбап стадионго муктаж. Азыр өкмөттүн андай стадионду салганга күчү деле жок. Ошентсе да бардыгыбыз чогулуп, күйөрмандардын колдоосу менен бир стадион сала албайбызбы? Учурда Хорватияда да ушундай эле абал экен, бардыгы чогулуп бир стадион салып жатат. Андыктан биз деле салышыбыз керек.

Азырынча жаңы стадионду куруу боюнча өкмөттүк деңгээлде демилгелер айтылганы менен аны ишке ашыруу үчүн так сунуш жана пландар айтыла элек.

Ал арада жаңы стадиондун курулушу жөнүндө сунушту парламенттин айрым депутаттары да көтөрдү.

Кыргызстанда футбол боюнча эл аралык мелдештерди кабыл алган Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион 1941-жылы салынган. Андан бери үч жолу капиталдык оңдоодон өткөн.

Кийинки учурда FIFAнын атайын инспекциясы бул стадион эл аралык нормага жооп бербей калганы туурасында Кыргызстандын футбол федерациясына белги берген. Бирок, расмий Бишкек оюндарды бул стадионго өткөрүүгө аргасыз экенин айтып, Эл аралык футбол ассоциациясына түшүнүү менен кабыл алууну өтүнүп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG