Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Мурзаев жана Кичин: Биз утмакпыз


Мирлан Мурзаев жана Валерий Кичин.
Мирлан Мурзаев жана Валерий Кичин.

Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев жана коргоочу, команданын капитаны Валерий Кичин менен Бириккен Араб Эмираттарындагы оюндан кийинки маек.

Мурзаев: «Алга, кыргыз» деген сөздөр дем берди

«Азаттык»: Мирлан мырза, кечээги оюнга кандай баа бересиз?

Мирлан Мурзаев: Бул оюнга катуу даярданганбыз. Оюнга чыгарда эле балдар менен сүйлөшкөнбүз. Эч кандай коркунуч, күмөн саноо болгон жок. 100% утабыз деп ойлогонбуз. Биздин дарбазага гол киргенде деле башты төмөн салган жокпуз. Тескерисинче, ал гол бизди чыйралтты, дем берди.

Мирлан Мурзаев оюн учурунда.
Мирлан Мурзаев оюн учурунда.

«Азаттык»: Кечээги кыргыз жигиттеринин оюну башкача болду. Психологиялык жактан биринчи голдон кийин кубалап ойногон баары бир кыйын эмеспи. Ал эми экинчи голду кандай деп баалайсыз? Бир мүнөт калганда силер 30 мүнөттүк майрам тартуулабадыңарбы?

Мирлан Мурзаев: Командага рахмат, күйөрмандарга рахмат. Бизди жан-алы калбай колдоп жатышты. Аны көрүп, «ушунча колдоо болуп жатса гол киргизебиз» деп ойлогонбуз. Максатка жеттик, гол киргиздик.

«Азаттык»: Ошол учурда кандай сезим болду, «оюн саналуу секундда бүтөт» деп турбады беле?

Мирлан Мурзаев: Гол киргизе электе толкунданып, ыйлагым келип жатты. Киргизгенден кийин андан да чоң толкундоо болду. Бири-бирибизди колдоп, «мына киргизебиз, ана киргизебиз» деп турдук. Бирок атаандаштарда 12-оюнчу бар экен. Ошондон уламбы, бизге ийгилик буюрган жок.

«Азаттык»: Араб күйөрмандары көп болду, бирок кыргыз күйөрмандары да көп барды. Алардын үнү силерге жетип жаттыбы?

Мирлан Мурзаев: Ооба, жалпысынан төрт оюн ойнодук. Бизге абдан катуу колдоо көрсөтүп жатышты. Бул үчүн абдан чоң рахмат. Талаада ойногондо көп сөздөрдү укпайсың, бирок күйөрмандардын үнү бизге жетип жатты. Айрыкча «алга, кыргыз, алга, кыргыз» деген сөз даана угулуп турду. Биздин мекендештер кайда жашабасын, кайда жүрбөсүн бизди колдоп турат. Ошого чоң рахмат!

«Азаттык»: Жанараак «Азия кубогунан кийин бизде футбол эксперттери көбөйдү» деп тамаша иретинде жазып жатышты. Бирок сизден өткөн эксперт болбосо керек. Акыркы жылдары кыргыз спорту канчалык деңгээлге өстү жана мындан ары кандай үмүтүңөр бар?

Мирлан Мурзаев: Кудай буюрса, кыргыз спорту өнүгүп-өсөт деп ойлойм. Анткени жаш балдар бизди карап, биздей болуп ойноп өсүшүн каалайбыз. Бизде келечеги кең балдар көп. Дагы айта кетсем, абдан катуу даярдандык, шарт жакшы экенин көрдүңүздөр. Биз Кыргызстанда кургак чөптүн үстүндө ойноп көнүп калганбыз. Бул жакта беш мүнөт сайын суу чачып турушат. Ным жерде топтун тоголонушу башкача болот. Бизде да шарт болсо кыргыз курама командасы деле дүйнө чемпионатына чыгат.

«Азаттык»: Азия кубогу силерди чоң эксперттерге, чоң менежерлерге таанытты да. Эгер сунуштар болуп калса чет өлкөлүк клубдарга барасыздарбы?

Мирлан Мурзаев: Албетте, бул жактан менежерлер, тренерлер көрдү. Ошондойлор болот, балким болуп да жаткандыр. Азыр келишимди ойлобойбуз, баары эле клубдарда ойнойт. Бул тажрыйба, бирок курама команда кала берет.

Кичин: Бул команданы утканга күчүбүз жетмек

Валерий Кичин: Мындай натыйжага буга чейин эч ким жеткен эмес. Оюндан утулуп баратсак да, жигиттерибиз талаа ээлери менен татыктуу таймашып, жеңиш үчүн күрөштү. Ушундай өжөр мүнөзүбүз, эң мыкты оюн көрсөтө алганыбыз менен сыймыктанам.

Биздин эмгегибизди башкалар дагы баалап жатканы – биз үчүн өтө жагымдуу. Мээнетибиз текке кеткен жок, туура багытта баратабыз. Келечекте мындан дагы мыкты оюн көрсөтөбүз деген ойдомун.

«Азаттык»: Кураманын капитаны катары сизде жоопкерчилик эки эсе жогору болсо керек?

Валерий Кичин: Капитан – ар дайым көбүрөөк жоопкерчилик тартат. Мен жигиттерди колуман келишинче шыктандырып, оюнга бүт дитин берип, көңүлүн бурууга аракет кылып жаттым. Биз жеңишке бир аз гана жетпей калдык. Жолубуз болбой калды.

«Азаттык»: Футболчулар азыр өздөрүн кандай сезип жатышат? Азыр алар эмне менен алек?

Валерий Кичин: Кандай сезишмек эле? Көпчүлүгү, айрыкча оюнда баштан аяк талаага чыккандар өздөрүн моралдык жактан басынгандай сезип турушат. Ошол эле маалда катуу чарчашты. Эгер тепкен топторубуз теңелип, дагы кошумча убакыт берилсе, биз ойномокпуз. Кайсы бир тараптын адилетсиздигинен улам моралдык жактан басынып калдык.

«Азаттык»: Сиз кошумча убакыт учурунда берилген пенальтини айтып жатасызбы?

Валерий Кичин: Ооба, ал дагы бар. Биз ушул матчта, ушул оюнда утулбашыбыз керек эле.

Пенальти – бул лотерея сыктуу, кимге ийгилик жылмайса, ошол утат. Жигиттер өтө чарчашты. Болгон күчүн аяшкан жок. Эми бул күч менен шамдагайлыкты талап кылган спорт, биз ага көнүп деле бүткөнбүз.

«Азаттык»: Ошол эле маалда футболчулар өз өлкөсу үчүн сыймыктанып, кубанып да жатышса керек? Эксперттер силер бул турнирге жаңы гана катышып жатсаңыздар да эң мыкты оюн көрсөтө алганыңарды мактап жатышат.

Валерий Кичин: Ооба, биз мындай ийгиликке жетишкенибизге курсантпыз. Бирок кубанычтан терибизге батпай турабыз деп айта албайм. Биз бул команданы утушубуз керек болчу – ошону түшүнүп турабыз. Ага күчүбүз да жетмек. Талаа ээлери менен, алардын мекенинде ойноп жатканыбызды аңдаганбыз, бирок биз дагы алдыга чыгып, дагы бир тарыхый окуя жасагыбыз келген. Тилекке каршы, ал болбой калды.

«Азаттык»: Азия кубогунун алдында кандай пландар бар эле?

Валерий Кичин: Бери дегенде группадан чыгабыз деген ишеним бар болчу. Ал жеңил болгон жок. Бирок биз колубуздагы мүмкүнчүлүктү кое берген жокпуз. Кытай менен беттешкенде бир топ бушайман болдук. Корейлер менен беттешкенде дагы утулуп калбаш үчүн канчалык аракеттенсек дагы жеңилдик. Бирок бул турнирде биз татыктуу ойнодук.

«Азаттык»: ФИФАнын рейтинги боюнча силердин топтогу бардык командалар күчтүүлөрдүн катарына кирет турбайбы,

Валерий Кичин: Негизи Азия чемпионатына алсыз командалар катышайт. Биз ошондо эле күчтүү команда экенибизди, биз менен эсептешип, сыйлап, керек болсо, кайсы бир учурда сестенип туруу да керектигин көрсөткөнбүз.

«Азаттык»: Мелдештен кийин биз араб күйөрмандарынан да комментарий алдык. Алар “силердин командаңар өтө күчтүү экен, мындайды күткөн эмес элек” дешти.

Валерий Кичин: Дүйнөдө бизди сыйлай башташканын далили ошол.

«Азаттык»: Fox News телеканалынын спорт баяндамачысы сиздин ойногонуңуздү жогору балап, сиздин колуңуздан футболканы кантип алсам болот деп сурады. Мындай футболчу Европанын жогорку клубдарында ойношу керек деген пикирин айтты. Эгер сизге ошондой сунуш түшсө, кабыл аласызбы?

Валерий Кичин: Футболка тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясына кайрылса болот. Жогорку лигадагы клубдар боюнча айтсам, мен жакшы клубда – «Енисейде» ойнойм. Ал Орусиянын премьер-лигасында ойногон клуб, алдыда көп мүмкүнчүлүктөр бар. Албетте, жогорку лигадагы клубда ойноону ар бир эле спортчу кыялданса керек. Өлкөнүн эң мыкты клубунда же эң жогорку чемпионатта ойноого эмне жетсин? Анын үстүнөн да иштейбиз. Башка клубга өтүүнү азырынча ойлоно элекмин. Азыр бир аз башымды эс алдырып, үй-бүлөм менен болом. Андан кийин агент менен сүйлөшөбүз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. ​Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Улан Асаналиев

    "Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG