Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Татыктуу ойногондун өзү жеңиш


Бириккен Араб Эмирлигине барган кыргызстандык күйөрмандар.
Бириккен Араб Эмирлигине барган кыргызстандык күйөрмандар.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунун алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын командасына утулуп калды. Натыйжада Кыргызстан үчүн Азия биринчилиги аяктап, ал эми үй ээлери арабдар чейрек финалга жолдомо алды.

Түндөгү оюн учурда коомдо кызуу талкууланып жаткан кербези, ошол эле учурда оюндун жүрүшүндө бир топ талаш жагдайлар боюнча ача пикирлер күчөдү. “Арай көз чарай” берүүсүндө БАЭ-Кыргызстан оюнун талкууга алдык.

Программага спорттук баяндамачы Адилет Темирланов жана “Азаттыктын” кабарчысы Эмилбек Чекиров катышты.

«Азаттык»: Адилет мырза, алгачкы суроом сизге болсун. Түндөгү матчка кандай талдоо жүргүзө алдыңыз?

Адилет Темирланов: Түндө жалпы кыргыз эли триллер көргөндөй болду окшойт. Кээ бир сценарийлерде аягына чейин бүйүр кызыткан, жандырмагы жок өзгөчө учурлар бар эмеспи, биз да ошондой матчка күбө болдук.

Оюн учурунда көп нерсе ойлондурду. Көпкө чейин уктай албай отурдум, бирок мекенчилдик сезимди четке сүрүп талдоо жүргүзө турган болсок, суроо жаратуучу көрүнүштөр көп болду. Айрыкча ошол эле калыстардын иши боюнча.

Эгерде жалпы жонунан беттешке кайрыла турган болсок, Александр Крестинин бул беттешке жакшы даярдык менен барган. Биринчи оюндан бери келе жаткан тактикалык схема менен ойнодук. Өкүнүчтүүсү - буга чейин кынтыксыз оюн көрсөтүп жаткан Эдгар Бернхардт үмүттү актай алган жок. Жалпы жонунан жыйынтыктоочу сокку жагынан маселе жаралды десек болот. Ошондой эле пенальти да көпчүлүктүн суроосун жаратты.

«Азаттык»: Дал ушу пенальти боюнча катуу талкуу жүрүп жатат. Оюн бир тең, пенальти бир тең болуп атат окшойт. Сиздин көз карашыңыз боюнча бул канча пайыздык пенальти эле?

Адилет Темирланов: Мен азыр кыргызстандыктардай эле күйөрман катары пикиримди билдирейин, себеби кандайдыр баа бере албайм. Бирок мындай учурлар дүйнөлүк футболдо көп кездешет. Ошол эле континенталдуу турнирлерди эстей турган болсок, 2002-жылы Жапонияда, Кореяда өткөн дүйнө чемпионатында Түштүк Кореяны калыстар жарым финалга чейин сүйрөп чыкканын билебиз. Муну кийин ФИФАнын мурдагы башчысы Йозефф Блаттер да мойнуна алган.

Андыктан бул жерде пенальти жок болчу. Ошол эле «Ал-Жазиранын» жетинчи оюнчусу Али Махмут атайын алдыга секирип, анткор кулады. Аны эч ким чалып же тоскоолдук кылган эмес.

Эң бир ойлонткон нерсеси экстра тайм учурунда болду. Мындай учурда эл аралык деңгээлде калыс болуп жүргөн ар бир адам мындай орчундуу оор чечимди ойлонуп, ошол эле капталдагы калыстар менен акылдашып, талкуулап, анан жыйынтыкка келиши керек эле. Анткени бул учур калыстын мындан арткы карьерасына бөгөт коё турган учур болуп жатпайбы.

Дагы бир таңкалычтуу нерсеси – «калыс обьективдүү болду» дейли десек, ал эч ойлонбостон пенальтини көрсөтүп жатат. Ушул көрүнүштөрдүн баары азыркыга чейин мени ойлондуруп келет.

«Азаттык»: Эмил мырза, сиз матч боюнча кандай ойдо калдыңыз?

Эмилбек Чекиров: Албетте, алдын ала талдоонун баары оюн татаал болорунан кабар берген. Анткени талаа ээлери, күйөрмандардын көптүгү жалпы атмосферага таасир этмек. Утулуп калганыбыз албетте, өкүнүчтүү, бирок ошондой болсо да «ак шумкарлар» өз тарыхындагы чоң ийгиликке жетти.

Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна катышып жатып жөн эле катышуучу болбостон, плей-оффко чыгып, акыркы мүнөткө чейин салгылашып, жеңиш үчүн таймаш көрсөткөнү күйөрмандардын купулуна толду десек болот. Бул жаңы тарых, алдыда дагы жеңиштер болоруна ишениш керек.

Негизи тарыхты карасак, дүйнө чемпионатында Кыргызстан башка өлкөлөрдүн кайсы бир командасына күйөрман болуп жүргөн. Ал эми бул жердеги абройлуу мелдеште өзүңдүн өлкөңдүн командасы үчүн күйөрман болгон – бул өзгөчө эмоция экен.

Талкууну толугу менен төмөндөгү видеодон көрө аласыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG