Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:00

COVID-19: Үгүт менен үлпөт ооруну унуткарды


Илдет жуккандардын бир күндүк көрсөткүчү 8-сентябрдан бери биринчи жолу 100 кишиден ашты. Шайлоо алдында бийликти «илдеттин алдын алуу боюнча жетиштүү чара көрбөй жатат» деген сындагандар көбөйдү.

Кийинки күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында коронавируска чалдыккандар менен өпкөсү кагынгандардын катары калыңдап баратат. 24-сентябрга карата COVID-19 вирусу аныкталган 127 кишинин 38и Ош, 29у Баткен, 20сы Жалал-Абад облустарынан болсо, 19у Бишкек шаарында.

Ош облусундагы калкы 300 миңге жакын райондордун бири - Ноокат. Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов акыркы эки аптада вируска чалдыккандар көбөйө баштаганын билдирди:

«Биздин райондо калк жыш болгондуктан бири-бирине жугузуу коркунучу да жогору. Соңку эки аптадан бери үйүнөн ооругандар ооруканага кайрыла баштады. Ушу тапта үйүндө 60ка жакын бейтап дарыланууда. Онго жакыны ооруканада. Негизи буга элдин коомдук жайларда коопсуздук эрежелерин сактабаганы себеп болууда. Бирок биздин дарыгерлер телефондон кеңеш берип жатышат. Оштун, Баткендин ооруканаларынан дарыгерлер келип тажрыйба топтоп жатышат».

Марипов илдеттин кайра жайыла баштаганына адамдар беткап тагынбай, санитардык нормаларга көңүлкош караганы себеп болуп жатканын кошумчалады.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб эл көп чогулган иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу жана көзөмөлдөө маселесин кайрадан көтөрдү. 24-сентябрда штабды жетектеген биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков ушундай тапшырма жергиликтүү бийликтерге жана тийиштүү мамлекеттик органдарга берилгенин расмий кабарлады.

Бир күн мурда өкмөт башчы Кубатбек Боронов парламенттик шайлоого үгүт иштерин жүргүзүп жаткан партиялар санитардык нормаларга көңүл бурбай жатканын айтып, эскертүүлөрдү эске алууга чакырган.

Өкмөт башчы мындай кенебес аракетти сындаган күнү эле бир канча партия элди чогултуп, шайлоого үгүттөгөн сүрөттөрдү, видеолорду жарыялады. Арасында «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен», «Биримдик», «Республика» өңдүү партиялар бар.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) үгүт маалында Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын сунуштары эске алынышы керек экенин билдирген. Азырынча бул багытта кайсы бир партияга эскертүү берилгени же чара көрүлгөнү тууралуу маалымат жок.

Ал ортодо 24-сентябрда БШКнын төрайымы шайлоо күнкүгө коопсуздук эрежелери так сакталарын билдирди:

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

«Үч миллионго жакын беткап сатып алынды. Ал күнү шайлоочулардын беткапчан келиши көзөмөлдөнөт. Бири-бирине берилбейт. Бирок беткабы санитардык эрежелерге жооп бербесе анда аны алмаштырууга туура келет. Ар бир добушканага беткап камдап койдук».

Пандемия башталгандан бери ыктыярчы болуп келген дарыгер Эрмек Исмаилов соңку абалга сереп салып жатат. Дарыгер өкмөт биринчи толкундун кесепети менен күрөшүп, экинчи толкунга али даярдык көрө элек экенин айтты:

Эрмек Исмаилов.
Эрмек Исмаилов.

«Элге азыр моралдык колдоо керек болчу. Бирок өкмөт биринчи толкундун кеспети менен гана күрөшүп жатат. Дагы эле дарыгерлерге акча толук төлөнүп бериле элек. Убада берилген ооруканалардын курулушу аяктай элек. Эл да жоопкерчиликти унутту. Беткабын чечип, мурдагыдай жүрөт. Коомдук жайларда, транспортто беткапчан адамды көрбөйсүң. «Жайдагы абал бат эле элдин эсинен чыктыбы?» деп таң каласың».

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ушул күндөрү ага катышып жаткан партиялар эл аралап үгүт иштерин жүргүзүүдө. Медицина тармагынын адиси Айбар Султангазиев шайлоодо үгүт иштери абалды курчутуп жибериши мүмкүн дегендердин бири. Ал бийлик баш болуп жоопкерчиликти эске алышы керек деп эсептейт.

«Өкмөттүн, министрликтин айтканын угуп мен таң калып жатам, - деди ал. - Эгер тыюу болбосо, үлгү болбосо абал жакшырмак беле? Той, шайлоого үгүт иштери жүрүп жатат. Эл каалагандай жүрөт. Буга ким жоопкерчилик алышы керек? Буларга адам өмүрүнөн да бийлик керек болуп жатпайбы. Үгүт иштеринде санитардык эрежелерди эске албагандарга бийлик чара көрүшү керек болчу. Эгер жок дегенде бир эле партияга чара көрүшсө, минтип элди чогултмак эмес. «Бизге азыр элди ойлогон эл өкүлдөрү келатабы?» деген суроо жаралат экен».

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 757 ​кишиге жетти. Алардын 42 005и айыгып, 1063ү жашоо менен кош айтышты. Акыркы суткада эле 127 кишиден вирус аныкталды. Бул соңку эки аптадагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Ал арада коронавирус күчөп кеткенине байланыштуу дүйнөдөгү айрым өлкөлөр кайрадан катаал карантин киргизе баштады.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG