Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:39

COVID-19: Партиялар санитардык эрежени сактабай жатат


Парламенттик шайлоого аттанган партиялар коронавируска каршы санитардык эрежелерди сактабай жатат.

23-сентябрда өкмөт башчы Кубатбек Боронов мындай кенебес аракетти сындаган кезде бир канча партия элди чогултуп, шайлоого үгүттөгөн сүрөттөрдү, видеолорду жарыялады. Арасында «Мекеним Кыргызстан», «Ата Мекен», «Биримдик», «Республика» өңдүү партиялар бар.

24-сентябрда биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Батырбеков той-аштарды, массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу, көзөмөлдү күчөтүү маселесин көтөрүп, баш ийбегендерге чара көрүүнү сунуш кылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) үгүт маалында Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын сунуштары эске алынышы керек экенин билдирген. Азырынча бул багытта кайсы бир партияга эскертүү берилгени же чара көрүлгөнү тууралуу маалымат жок.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого аттанган 16 партия үгүт иштерин 4-сентябрда баштаган.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45757 ​кишиге жетти. Алардын 42 005и сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты. Акыркы суткада эле 127 кишиден вирус аныкталды. Бул соңку эки аптадагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. (SE)

XS
SM
MD
LG