Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

COVID-19: Коронавирус дагы 127 кишиден жаңы табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 24-сентябрга карата 127 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 101и айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Жаңы катталган учурлар:

Ош облусунда - 38;

Баткен облусунда - 29;

Жалал-Абад облусунда - 20;

Бишкек шаарында - 19;

Ош шаарында - 8;

Чүй облусунда - 4;

Ысык-Көл облусунда - 4;

Талас облусунда - 3;

Нарын облусунда - 2.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45757 ​кишиге жетти. Алардын 42 005и айыгып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Бейтап болгондордун 3214 медицина кызматкерлери. Алардын 2896сы сакайды. 70тен ашууну көз жумду.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 24-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 32 миллионго жакындап баратат. Алардын 975 миңден ашууну көз жумду, 22 миллиондой бейтап айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер:

АКШ - 6 933 248;

Индия - 5 646 010;

Бразилия - 4 591 364;

Орусия - 1 117 487.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган. (SE)

XS
SM
MD
LG